Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Андромеда биздин галактикага жакындоодо


Шпитцер жыбыраган калың жылдыздарында миңдеген жаңы күндөр (протожылдыздар) жаралып жатат.
Шпитцер жыбыраган калың жылдыздарында миңдеген жаңы күндөр (протожылдыздар) жаралып жатат.

Түркмөнстан жана Молдова быйыл биринчи спутниктерин учурат. Жылдын алгачкы күндөрү Жерге астероид урунду. Белгисиз 10 миңден ашык галактика жана эки планета табылды. Кээ бир окумуштуулар биздин галактиканын беш миллиард жылдай өмүрү калды деп божомолдоодо.

Учу-кыйырсыз космос мейкиндигинде 10 миңден ашуун белгисиз галактика табылды. Бул тууралуу Американын улуттук космос агенттиги – НАСА маалымдады. "Хаббл" телескобу тарткан сүрөттөргө таянып, астрономдор табылган галактикалардын эң улуусу 12 миллиард жыл мурда жана эң жашы үч миллиард жыл мурда жок болгонун аныкташты. Жакында табылган галактикалар космостук өлүмгө дуушар болсо да, алардагы өчкөн жылдыздардын нурлары дагы деле триллиондогон чакырым аралыкты басып өтүп космодүрбүгө илинген.

Биздин планета жайгашкан Саманчынын жолу галактикасынын болжолдуу курагы 16 миллиард жыл деп айтылып жүрөт.

М81 эшилме галактикасындагы Күндөн 70 миллион эсе чоң кара көңдөй (чёрная дыра).
М81 эшилме галактикасындагы Күндөн 70 миллион эсе чоң кара көңдөй (чёрная дыра).
Галактикабызда 4 миллиарддан ашык биздин Күн сыяктуу жылдыздар бар. Акыркы 10 миллиард жыл ичинде Саманчынын жолу өзүнүн коңшусу Андромеда галактикасына жакындап баратканы маалым. Астрофизиктер беш миллиард жылдан кийин Андромеда эшилме галактикасы Саманчынын жолун жутуп алат деген тыянакка келишти. Албетте, мунун баары божомолдор. Окумуштуулардын айтымында, бул кадыресе көрүнүш. Бардык нерседей эле галактикалар жаралып жана өлүп турат.

Марстагы жашоонун изи

Жаңы жылдын биринчи күнүндө "Хаббл" космодүрбүсү белгисиз эки планетаны тапты. Бул тууралуу Nature журналы кабарлады. Алардын бири – Арстан топ жылдызында бизден 360 триллион чакырым алыстыкта жайгашкан GJ436b планетасы. Экинчиси - Жыланчы топ жылдызындагы 400 триллион километр алыс жайгашкан GJ1214b планетасы. Бул планеталардын өзгөчөлүгү – алардын экөөндө тең кычкыл көмүртек (СО), суунун буусу жана кош кычкыл көмүртек (СО2) бар.

NGC6984 эшилме галактикасы.
NGC6984 эшилме галактикасы.
​Космосто жашоо бар деп акыркы жылдары көп эле айтылып жүрөт. Мисалы, ал жакта табылган газ. Бирок ал газдардын молекулалары мурда табыла элек болчу. Биздин Күн системасынан тыш космостук чаңда түссүз жана жытсыз аргон (36Ar) газынын молекуласы табылды. Аргондо 18 нейтрон жана 18 протон бар экени маалым. Бул тууралуу Лондон университетинин колледжи кабарлады.

Чексиз космостон коңшубуз Марска келсек. Кызыл планета атыккан Марста тирүү экстремофил организмдери, тагыраак айтканда, литоатротроф бактериясы бар болушу ыктымал. Калифорниядагы Технология институту кабарлагандай, 3.5 миллиард жыл мурда Марста кадимки ичүүгө жарактуу сууга толгон көлдөр болгон. Бул организмдер Гейл кратеринде тирүү калышы ыктымал. Астробиологдор "Кюриёсити" көлүгү жөнөткөн маалыматтардан улам ушундай тыянакка келишти.

Астероид Атлантикага түштү

Жыл тогошкон маалда планетабыз 2014АА астероидинин чабуулуна дуушар болду. Туурасы үч метрлик астероид 1-январда космодүрбүлөргө илинип, 4-январда жердин атмосферасына киргенде майдаланып кеткен. Астероиддин майдаланган калдыктары Атлантика океанына түшкөн.

Молдова быйыл өзүнүн алгачкы спутнигин орбитага учураары маалым болду. Азыркы тапта Кишиневдогу Технология университети сателлиттин үстүнөн кызуу иштөөдө. Молдован жандоочусу Жерден 700 чакырым бийик жайгашып, айыл чарба жана экологиялык байкоолорду салып турмакчы.

Орто Азиядагы жабык мамлекет Түркмөнстан дагы быйыл спутник учурууга камынууда. Расмий Ашхабад 2012-жылы европалык "Талес Алениа Спейс" компаниясына биринчи түркмөн сателлитин куруу тапшырмасын берген. Түркмөнстандын алгачкы жандоочусун "Чаңжең–3Б" же "Улуу сапар" ракетасы Кытайдагы Зичаң космодромунан орбитага алып чыгат.

Белгисиз 10 миңден ашык галактика табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG