Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Кеп шайлоодо эмес, аң-сезимде...


Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Азыркы тапта кезектеги шайлоого үмүт байлап, тагдырыбыз ушул жолкуда оңолуп кетчүдөй болуп өнөктүктү аңдып олтурсак керек. "Жакшы талапкерлерди шайлап койсок, алар өлкөнү өнүктүрүп, жыргап калабыз баарыбыз" дегенден узак кете албай жаткандайбыз.

Албетте, өнүккөн өлкөнү түптөө үчүн мыктыларды башчы кылып шайлап алган туура кадам, бирок жетиштүү кадам эмес. Ылайыктуу адамдарды тийиштүү кызматтарга алып келген соң, өнүгүү жолунда жалпы журт аткаминерлер менен чогуу аракеттениши керек го... Бул аң-сезимди, деңгээлди талап кылган жараян тура.

Биздин коомдогу шайлоого катышуу жараянында башында гана активдүү болобуз. Шайлоолор жаңырганы менен элдин тагдыры жарытаарлык жаңырбай жатабы дейм. Дегеним, билимдүү, иш билги жана элге күйгөн кишилер жогору жактарда гана эмес, ылдый тарапта дагы болгондо анан жылыш болот.

Жеке баамымда, бул кетиште биздин коомдо татыктуу талапкерлерди так тандап алууга али жетише элекпиз. Коомдук аң-сезим буга жооп бербейт. Бирок буга карабай айталы, бул жолкусунда өкчөгөн чүкөбүз кокусунан оңкосунан туруп калып, билимдүү жана абийирдүү бир канча талапкерди эл өкүлү кылып парламентке отургузуп алдык дейли. Бул жагдай биздин маселени чечкенге жетеби? Келиңиздер ой калчап көрөлү.

"Султан Сулаймандай падыша"

Өткөн жылдын октябрындагы бытырандылыгы жаңыдан нугуна түшүп, учурдагы ажобуз өкмөттү жаңыдан башкара баштаган кезде, бир жакыным мага чалыптыр. Кыскасы, өкмөтүнө да, оппозициясына да нааразы. Угуп көрсөм, ошол эле соцтармактагы, ЖМКлардагы бир беткей маалыматтарды жаттап алыптыр. Байкасам, анализден, аргументтен алыс, жалпы агым кайда оосо, ошол жакка оогон эле маалыматтар менен кыргыз саясатынын чаңын чыгара тескеп жатат. Анан сөзүнүн аягында: "Бизге жанагы тарыхтагы Султан Сулаймандай падыша керек! Ошондой эле падыша чыгып келип башкарса оңолбосок, бул жагы чатак!",-деди.

Көрсө, төбөлдөрдүн тууган-уругуна, досторуна, жакындарына жан тартып кете бергенине жаны ачышып турган экен... Ал бул окуядан бир канча ай мурда "Даңазалуу доор" деп которулган тарыхый сериалды көрүп, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн өзүнүн уулун муунтуп өлтүрткөн падышага (Султан Сулайманды) аябай таасирленип алыптыр...

Анын оюнда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек болсо өз баласын да садага чаап жибергенден кайра тартпаган Суйлаймандай падыша келсе, мамлекет өнүгүп кетмек.

"Биздин башыбызга Султан Сулаймандай падыша келиш үчүн, биз да империяны түптөгөн атуулдар сыяктуу болуп жүрүшүбүз керек. Ошондо гана биздин ичибизден Сулаймандар өсүп чыгат. Биз коомдук аң-сезимдин деңгээлин көтөрмөйүн учурдагыдай аткаминерлер менен иштешип турганга мажбурбуз" десем, өзү да күлүп калган.

Коом кандай болсо...

Лидер коомдун маданий, социалдык дареметине карап калыптанат, бышып жетилет эмеспи. Демек, биз жактырбай жаткан саясатчыларды, аныгында, биз тарбиялап чыгардык да. Андыктан Кыргызстанга "Сулаймандай падыша тилөө" күлкүлүү, ал сырттан келбейт. Коом өзүн оңдобой, карабай койсо деле дароо бир пайгамбар жөнөтүп, коомду түз жолго багыттап койгон заман өттү. Жада калса, дал ошол пайгамбарлар да тийиштүү коомдун ичинен чыккан...

Саясатка болгон катыштыгы, ЖМКдагы, соцтармактагы күнүмдүк, оомо ойлордун таасиринен арыла албаган кишилер басымдуу болгон коомдон, эл үчүн уулун садака чаба ала турган падыша чыкпайт. Чыккан күндө да аны аздектен колдоп ала турган катмар чыкпайт. Жеке божомолумда, эгер коомдук аң-сезим өспөй ушул абалда тура берсе, кимди алып келсек деле өнүкпөйбүз.

Балким, тарыхта мындай сыймыкка ээ болдук. Мисалга, Курманжан датка сыяктуу бүтүндөй калктын тынчтыгын башкы орунга коюп, өз уулунун дарга асылуусуна макул боло алган эне жөн жерден эле чыгып калган жок. Демек, ошол учурдагы кыргыз иденттүүлүгү, нарк-насили элдин ичинде жакшы эле жашап турган. Дал ошол себептүү Курманжан даткадай кыргыздын кызы чыккан...

Балким, азыр деле ичибизде калыстыгы, тактыгы, иш билгилиги жагынан Сулаймандан кем калбаган атуулдарыбыз бардыр. Биз дүңүнөн жаманга чыгарган аткаминерлердин ичинде деле балтага сап болчусу бар чыгар. Ким билет?

Бул жердеги башкы маселе - биз эл катары акты ак, караны кара деп иргеп, акка актай, карага карадай мамиле кыла билишибизде. Ошон үчүн үмүттү кезектеги парламенттик шайлоого эмес, бүтүндөй аң-сезимди өнүктүрүүчү, агартуучу кадамдарга байлоо керек.

Жалпы элдин деңгээлин өстүрүүгө күйүп-бышып эмгек кылмайын, бизди башкарып жаткан саясатчылардын деңгээлин айтып наалыганга акыбыз жок деп ойлойм.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG