Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Кемпир-Абад иши: документ Жогорку Кеңешке келип түштү


Кемпир-Абад суу сактагычынын спутниктен көрүнүшү.
Кемпир-Абад суу сактагычынын спутниктен көрүнүшү.

Кыргыз-өзбек чек арасынын талкуу жараткан тилкелери боюнча макулдашуу келишими парламентке келип түшкөнүн Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары "Азаттыкка" ырасташты.

Документ келерки аптада парламенттин тармактык комитетинде каралып, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылары кабарланууда. Ошентип жакын арада Кыргызстанда талкуу жаратып, жапырт камоолор менен коштолгон чечимге чекит коюлушу мүмкүн.

"Алгач комитетте, андан соң жалпы жыйында карайбыз"

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документ Жогорку Кеңешке келип түшүп, 11-ноябрдан тарта депутаттарга жашыруун кароо милдеттемеси менен таратылып жатканы белгилүү болду.

Бул маалыматты депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров жана Дастан Бекешев ырастады.

Эми макулдашуу келишимин парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети карап, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылары айтылып жатат.

“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков “Азаттыкка” буларды айтты.

“Бизге документтер келип түштү. Экинчи күнү комитетте каралышы мүмкүн. Бирок эмне жөнүндө экенин так биле элекмин. Анткени документтер көп, өзүм болсо сапарда жүрөм. Анан жашыруун режимдеги документтер экен. Таанышып чыккандан кийин бир нерсе айтууга мүмкүнчүлүк болот. Эгер суроолор жаралса, ага жооп алганга аракет кылабыз. Эң башкысы документти депутаттар дыкат карап чыгышыбыз керек”.

Ошол эле учурда документтин басып өткөн жолу боюнча ача пикир жаралууда. Анткени Жогорку Кеңештин тармактык комитети 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу келишим долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

Ушул эле комитет 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун жактырган.

Ошондон кийин эки өлкөнүн президенттери тиешелүү келишимдерге кол коюп, андан кийин документ Жогорку Кеңешке ратификацияга келет деп кабарланган. Бир катар юристтер, депутаттар “мыйзамдын жол-жобосу ушундай” деп түшүндүрүшкөн.

Документке өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында кол коюлушу мүмкүн экени кеп болуп жаткан. Бирок Мирзиёевдин Кыргызстанга качан келери азыркыга чейин белгисиз.

Эки мамлекет башчы Өзбекстандын Самарканд шаарында 11-ноябрда жыйынтыкталган Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) президенттеринин тогузунчу саммитинин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү расмий кабарланган жок.

Депутат Дастан Бекешевдин чек арага байланыштуу документке мамлекет башчылардын кол койгону же койбогонунан кабары жок экен. Себебин мындай деп түшүндүрдү:

“Бизге келген документтерде эч кимдин колу жок. Бирок ал жерде “документке 3-ноябрда кол коюлган” деп жазылып турат. Өткөндө Өзбекстандын тышкы иштер министри бизге келген. Балким ошондо Мирзиёевдин колу коюлган документти алып келип, бул жактан болсо Садыр Жапаров кол койду. Негизи Мирзиёевдин Кыргызстанга келе турганы айтылган. Болгону мөөнөтү белгилүү болбой бүгүн-эртең деп атышкан да".

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Кыргызстанга расмий сапары менен 3-ноябрда келип, кыргыз министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда да болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Норовдун бул сапарында эки өлкө ортосундагы айрым чек ара тилкелери жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте колдонуу боюнча документтерге кол коюлганын расмий кабарлаган.

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыкка” көпчүлүккө беймаалым болуп турган документтер боюнча түшүндүрмө берди.

“Эгерде эки өлкөнүн президенттери тышкы иштер министрлерине ишеним берсе, анда алар кол койсо болот экен. Келишимге эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери кол койду. Эми Жогорку Кеңеште ратификация болот. Андан кийин эки президент грамота алмашат. Ошону менен чек арага байланыштуу маселе бүтөт”.

Азыркы тапта Жогорку Кеңеш чек арага байланыштуу келишимди качан карай турганын так билген киши жок. Парламенттин расмий сайтында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйыны 15-ноябрда өтөрү жазылып турат.

Анда карала турган беш маселенин арасында чек арага байланыштуу келишим тууралуу сөз жок. Бирок жыйын башталганда депутаттардын сунушу менен кошуп койсо болот.

Ал эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны 16-17-ноябрда өтөт.

Депутат Адахан Мадумаров парламент кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документти бир күндө ратификациядан өткөрүп кое турганын айтып жатат.

“Жогорку Кеңеш азыркы турушунда бул жумада эмес, түнкү саат 12де кабыл алып бериши толук мүмкүн. Буга чейин “Жогорку Кеңеш президенттик администрациянын укук бөлүмүнө, мыйзам кабыл алуу бөлүмүнө айланды” деп айтчу элек. Эсиңерде барбы? Азыркы парламент ошол сөздөргө да татыбайт. Аты эле бар. Жогорку Кеңеш бийликтин каалоосун аткаруучу бөлүм катары кабыл алсак болот. Мыйзам боюнча, өкмөт аралык комиссия кол коет. Андан соң мамлекет башчылары расмий түрдө кол коет. Андан соң мыйзам катарында Жогорку Кеңешке кирет. Ал ратификация болгондон кийин кайра президентке барат. Бул эми ары-бери сата берген бир тонна солярка эмес да”.

Адахан Мадумаров кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документке ачык каршы чыгып жаткан депутаттардын бири. Ал документти карай турган парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин мүчөсү.

Комитеттин мурдагы төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбооруна каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Акырында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетине төрага болуп Улан Примов келген. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан да ажыратылган.

Талаш пикир жаратып, камоолор менен коштолгон келишим

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимге ылайык, Кыргызстан Өзбекстандан 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди бере турганы белгилүү.

Өзгөн районунда жайгашкан суу сактагычтын чеги 900-горизонталь менен эсептелип, суу агып кеткен учурда да анын астындагы жерге Өзбекстан ээлик кылып кала берет. Ошол эле учурда Кемпир-Абаддын айланасы тосулбай турганы жана сууну биргелешип башкаруу каралган.

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев документ юридикалык күчкө ээ болсо, анда Өзбекстан менен болгон чек ара дээрлик такталып бүтө турганын айтты:

“Эки тилке калат. Бирок алар дагы макулдашылган. Биринчиси - Кадамжайдагы Чечме деп аталган булак. Аны чогуу пайдаланабыз деп чечилген. Экинчиси - Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары тогошкон жери. Ал боюнча да орток пикир бар. Ошондон башкасы толук бүтөт”, - деди Бөрүбаев.

Кыргыз-өзбек чек арасына тиешелүү документ коомдо талаш пикир жаратып, 30дай адамдын камалышына да себеп болду. Алар “массалык башаламандык” беренеси менен айыпталып жатышат. Алар сотко алынып келген учурда жапырт Кемпир-Абаддын берилишине каршы экенин айтып келишет.

Буга чейин президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде кармалгандарды Кемпир-Абад маселесин кыска кызыкчылыкка колдонуп жатат деп сындаган.

Ошол эле маалда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талкуу токтобой, суу сактагыч жайгашкан Өзгөн районунда жана Бишкекте бир катар митинг, жөө жүрүштөр өткөн. Нааразылык пикирлер азыр да айтылып жатат.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек ушундай шартта кабыл алынып жаткан документте кийин суроо жаралышы мүмкүн экенин белгиледи.

“Чечимге макул болгондор жана ага каршы чыккандар бири-бирине үнүн жеткире албай коюшту. Себеби бул чечимди чыгаргандар коомго ачык-айкын маалымат жеткире алган жок. Канчалык аракет кылбасын, коом менен натыйжалуу байланыш кура алган жок. Бийликтин каалоосу менен эле чечим өтүп кетти. Аны Жогорку Кеңеш да жактырат. Кыргызстандын тарыхында мындай талаштуу чечимдер көп болгон. Аларга убагында тийиштүү баа берилген эмес. Бирок маселе кийин, 5-10 жылдан кийин көтөрүлгөн жана аны кабыл алгандардын шайын алган. Тилекке каршы мындай чечимдерден мамлекет гана утулуп, жоготууга учурап келген. Биз муну кеч аңдап, кеч сезип жатабыз”.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы же 85 пайызы толугу чечилип, документтештирилген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG