Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:10
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

10:50 23.10.2022

11:40 23.10.2022

Омбудсмен Атыр Абдрахматова үйү тинтилип, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип жатканы айтылган жарандык активисттер боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери иштеп баштаганын “Азаттыкка” билдирди.

“Мен дагы социалдык тармактардан маалымат алдым. Али Шабдан Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө, Эрлан Бекчоро Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө экен. Рита Карасартованын үйүнө дагы кызматкерлер барышат”, - деди.

12:32 23.10.2022

Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Свердлов райондук милициясында укук коргоочу Рита Карасартова менен жолукканын маалымдады. Анын маалыматында, Карасартова “массалык башаламандыкка" шектелип жатат.

Ошондой эле Акыйкатчы жарандык активист Акыл Айтбаев менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.

"Анын үйүндө эч ким жок болгондуктан тинтүү жүргүзүлгөн эмес",- деди Абдрахматова.

Адвокат Чынара Жакупбекова саясатчы Клара Сооронкулованы Биринчи май райондук милициясына алып баратышканын жазды.

Активист Атай Бейшенбек саясатчы Жеңиш Молдакматовду Октябрь райондук милициясына баратканын кабарлап, видеосун Фейсбукка жүктөдү.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова активисттер Али Шабдан жана Эрлан Бекчоро милицияга жеткирилгенин кабарлаган.

Социалдык тармактарда саясатчылар Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаровдун дагы милицияга суракка чакырылганы тууралуу билдирүүл тарады. Бирок алардын өздөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. ИИМ тинтүү жана суракка чакыруу боюнча расмий маалымат бере элек.

14:47 23.10.2022

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бир катар жарандык активисттер менен саясатчылардын үйлөрү тинтилип, "массалык тополоң уюштурууга даярданган" деген шек менен суракка алынышы боюнча Facebook баракчасына пикирин жазды.

Саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет”,-деп жазган депутат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG