Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:01
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

14:53 23.10.2022

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жалпысы 18 киши милиция тарабынан суракка алынып жатканын жазууда. ИИМ тинтүү жана суракка чакыруу боюнча расмий маалымат бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы билдирүү даярдап жатканын маалымдады.

15:18 23.10.2022

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүрүгүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган”, - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Милициянын тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди. Бирок ИИМ кимдер камалып, суракка алынып жатканы боюнча так маалымат берген жок.

Буга чейин оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси менен кармалганын адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” маалымдаган. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова жалпы 18 активист, саясатчынын үйү тинтилип, айрымдары милицияда сурак берип жатканын кабарлоодо.

16:47 23.10.2022

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жарандык активисттер менен саясатчылардын үйлөрү тинтилип, "массалык тополоң уюштурууга даярданган" деген шек менен суракка алынышы боюнча Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.

Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун! Бул өтүнүч эмес, талап. Мыйзамды одоно бузбагыла”,-деп кайрылган ЖК депутаты.

17:02 23.10.2022

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчы, активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырды. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгилеген. Ошондой эле элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG