Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

11:55 15.10.2022

12:05 15.10.2022

Курултайга чогулгандар Кемпир-Абад боюнча маселени референдумга чыгарууну сунушташты.

12:08 15.10.2022

Кемпир-Абад боюнча курултайга келген Мамбетжунус Абылов бир кезде Леонид Кравчук кол койгон келишимди Путин сактабай жатканын, мындай маселе кийин кыргыз-өзбек алакасында да чыгышы мүмкүн экенин, маселени кынтыксыз чечүү үчүн элдик референдум зарыл экенин белгиледи.

Леонид Кравчук көз каранды эмес Украинанын туңгуч президенти. 1991-жылдын 8-декабрында ошол кездеги Орусиянын лидери Борис Ельцин, Беларустун жетекчиси Станислав Шушкевич менен СССРдин биротоло жоюлушуна алып барган Беловеж келишимине кол коюшкан. Кравчук быйыл 11-майда 88 жашында көз жумган.

12:09 15.10.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG