Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:09
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

12:13 15.10.2022

Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өтө турган жерге жүргүнчү ташыган кичи автобустар киргизилген жок. Өзүн Рустам Каныбаев деп тааныштырган жол коопсуздук кызматкери буга автоунаалардын каттамга чыгууга тийиштүү документтеринин жоктугу менен түшүндүрдү.

"Жүргүнчү ташыган транспорт ошол күндөгү каттамы боюнча уруксат алышы керек. Машина кароодон өтүп, белгиленген жерге барса болот деген уруксат берилет. Айдоочулар күндө эртең менен наркологиялык бөлүмдүн текшерүүсүнөн өтүш керек, спирттик ичимдик ичпегенин тактап, ушул каттамда каттайт деген кагаз берет. Ошол кагаздарды гана сурап жатабыз", - деди инспектор.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышууда.

12:38 15.10.2022

Исмаил Исаков Кемпир-Абад боюнча келишимдин бир катар артыкчылык-кемчиликтерин белгилеп, сууну Өзбекстан менен тең пайдаланууну сунуштады.

12:47 15.10.2022

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан курултайда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов алгачкылардан болуп сөз сурап, бийликтин чек араны тактоо аракеттери боюнча маалымат берди. Ал кыргыз-өзбек чек арасынын 1450 чакырымы такталып жатканын билдирди.

"Кемпир-Абад боюнча бардык облустардан келди деп ойлоп жатабыз. Ушул келген аксакалдар, мекенчил жигиттерибиз Кемпир-Абаддын маселеси болбогондо деле, жөн учуруда деле келип, Ош, Өзгөндөгү көйгөйлөрдү көтөрүп чыкса болмок. Жаңы бийлик элге чек араларды тактайбыз деген убада берген. Ошонун негизинде Өзбекстан менен 1450 чакырым жерди тактап жатышат. Бул бир жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Буга чейин деле Кемпир-Абад болгон, суу басып жаткан. Эмнеге ошол мезгилде биз көтөргөн жокпуз? Азыр Өзбекстан менен тополоң болбосун деп тактап жатканда ушул маселени көтөрүп жаткаңыздарга таң калып жатам", - деди Жамалдинов.

Ушундан кийин чогулгандар президенттин өкүлүнө нааразылык билдирип, сүйлөтпөй коюшту.

13:25 15.10.2022

Адахан Мадумаров: Менин жабык жыйында сүйлөгөн сөзүмдүн бирин да чыгарган жок. Анткени, менин сөзүм булар үчүн коркунучтуу. Мени аянтка алып чыгып өлтүрүп, өрттөп, күлүмдү Кемпир-Абаддын үстүнө чачып жибер деп айттым. Бүгүн Усубалиев, Сүйөркулов күнөөлүү деп жатышат. Мен жыйында алардын бир кылганын кыла албайсыңар, силердей сабатсыз бийлик Кыргызстандын тарыхында болгон эмес деп айттым.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG