Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 14-августта Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын каралды. Ага ылайык, тергөө абагындагылардын дагы, үй камагына чыгарылгандардын мөөнөтү дагы эки айга узартылды.
Келерки сот отуруму 21-августка белгиленди.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу сот жараяны 22-июнда башталган жана процесс жабык өтүп жатат.
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 14-августта Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасы каралат. Буга чейин адвокат Эркин Булекбаев үй камагына чыгарылгандардын мөөнөтү 15-августта аяктарын билдирген.
Ушул тушта сотто айыпталгандардын бири, Азимбек Бекназаровдун ооруп калганына байланыштуу процессти анын катышуусуз өткөрүп-өткөрбөө жөнүндө талаш-талкуу болуп жатат.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.
Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткан 14 адам: Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев, Айданбек Акматов, Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов соттун чечими менен камакта калды.
Алардын бөгөт чарасын 20-июлда Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев карап, биринин да өтүнүчүн канааттандырган жок.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.
Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.
Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.
Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.
12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланды. Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленди.
Уюм Кемпир-Абад ишинин алкагында айыпталган укук коргоочу аялдар Гүлнара Журабаевага, Клара Сооронкуловага, Рита Карасартовага жана Асия Сасыкбаеваге коюлган айыптарды тезинен алып салууга чакырды.
“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова Европарламенттин Кыргызстан боюнча карап жаткан резолюциясын “Евробиримдиктин кыргыз бийлигине акыркы эскертүүсү” деп баалады.
Ал буга чейин бир катар эл аралык институттар өлкөдөгү демократияга, адам укугуна, сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч туудурган мыйзам долбоорлору боюнча бир канча жолу эскертүү бергенин белгиледи.
“Ага карабай мыйзам долбоорлору күн тартибинен алынган жок. Болгону убактысы жылдырылды. Азырынча парламент күзүндө муну карабайт дегенге кепилдик жок. Европарламенттин бул резолюциясы катаал мүнөздө. Алар адамдардын өз оюн эркин билдирүү, эркин уюшуу укугуна, бейөкмөт уюмдардын ишмердигине жана тынч митингдерди өткөрүү укугуна тынчсыздануусун билдиришти. Ал жерде европалык институттар керектүү бүтүм чыгарып, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан программаларын кайра карап чыга турганы да айтылган. Мунун арты менен экономикалык чаралар көрүлүп, ошол жактан каржыланган программалар токтошу мүмкүн экени эскертилген”, - деди Жакупова.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын келерки сот жараяны 20-июлга белгиленди. Буга ишти караган судьянын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болду. Бул тууралуу кармалгандардын адвокаттары 8-июлда кабарлаган.
Ишти Биринчи Май райондук соту 22-июндан тартып жабык карай баштаган. Айыпталуучулар сот жараяны ачык өтүшүн талап кылышкан.
7-июлда Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине кайрылып, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын, милдеттенмелердин негизинде калыс жана ачык иликтөөнү камсыз кылууга чакырышты.
“Биз ишти тергөөчү жабык деп жарыялап койгонуна, коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөөнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенине өтө тынчсызданып жатабыз. Ишти карап жаткан Биринчи Май райондук соту да процесстин ачык болушуна уруксат бербей жатат. Сот процесстеринин ачыктыгы мыйзам үстөмдүгүнүн жана акыйкат териштирүүнүн туу чокусу экенин эскертип койгубуз келет. “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка” кол койгон өлкө катары Кыргызстан соттун ачык өтүүсүн камсыздоого милдеттүү. Эч ким пикирин ачык билдиргени, тынч жыйынга чогулганы үчүн куугунтукка алынбашы керек. Сот жараяны ачык жүрбөсө, Кыргызстан Борбор Азиядагы адам эркиндигинин жана укуктарынын үлгүсү деген атынан чегинген болот”.
Кайрылууга “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Евразия эркиндиги”, “Эркиндик азыр”, “Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду” жана “Норвегия Хельсинки комитети” уюмдары кол коюшкан.