26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар аяктады. Ошондой эле сотто адвокаттардын "отурумду ачык өткөрүү, тергөө сунуштап жаткан экспертиза жыйынтыктарын далил зат катары карабоо" тууралуу өтүнүчтөрү четке кагылды.
Кийинки жараян 7-июлга белгиленди. Ал күнү сот иштин мазмунун кароону баштайт. Кемпир-Абад ишин судья Марат Сыдыков жабык карап жатат.
Соттук алдын ала угуу 22-23-июнда башталып, 26-июнда уланды.
Бул иш сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта калды. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
- автор Жазгүл Эгембердиева
26-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала соттук угуу уланууда. Сот жабык өтүп жатат.
26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар уланды. Сотко абакта кармалып тургандар жеткирилип, үй камагындагылар жана айыпталуучулардын адвокаттары келгенден кийин жараян башталды.
Абакта кармалып тургандардын адвокаттары алардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылууну көздөп жатышканын адвокат Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" билдирди.
Соттук угуу 22-июнда башталган. 23-июндагы соттук жараянда адвокаттар айыпталгандарды үй камагына чыгарып, аларга өлкө ичинде эркин жүрүүсүнө уруксат берүүнү өтүнгөн. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков эки кишинин бөгөт чарасын өзгөртүп, калгандарын камакта калтырган. Ошентип мурунку отурумда тергөө абагында жаткан укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан. Калган 14 кишинин абактагы мөөнөтү дагы 2 айга узартылды.
Кемпир-Абад иши дээрлик сегиз айлык тергөөдөн соң сотко өткөрүлгөнү 19-июнда маалым болгон. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция 30га чукул адамга бийликти басып алууга аракет кылган деген айып коюп жатат жана бул иш боюнча далилдер жетиштүү экенин белгилеп келет. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Анткен менен айыпталуучулардын бири, үй камагына чыгарылган саясатчы Клара Сооронкулова узак мөөнөткө созулган тергөө кынтыксыз далилдерди көрсөтө албады деп эсептейт.
"Иште мамлекеттик сырлар бар деген жүйө менен жабык каралып жатканына байланыштуу кенен маалымат бере албайбыз. Мага үч берене менен айып коюлуп жатат. Позициям белгилүү. Бардык айыптарды четке кагып, күнөөмдү моюнума алган жокмун. Бир нерсени баса белгилеп кетиш керек, бизди жарым жыл абакта кармап жатышканына караганда, кайдан да болсо далил таап келишет го деп ойлогонбуз. Бирок иште таптакыр далилдер жок. Башында кандай калыпта болсо, азыр деле так ошондой. Эң негизги далили кафеден жазылган аудио жана политологиялык, лингвистикалык экспертизалардын корутундулары. Мында да материалдарды улам-улам эксперттерге жөнөтүп, аларды кыйнап атып өзүлөрүнө керектүү жыйынтыкты чыгарышты”.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын бири, азыр үй камагындагы жарандык активист Перизат Суранова дагы сегиз айда тергөөчүлөр ишке айныксыз далилдерди тиркей алган жок деген пикирде.
“Бул иш башынан эле мыйзам бузуулар менен келатат. Тергөө учурунда бизге толук материалдар берилген эмес. Мага эки берене менен айып коюлуп жатат. Бирок бул жараян абсурд. Бизди камакка алуудан баштап, тергөө учурунда да көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Бул процесстин келечеги жок. Анткени бир да далил жок. Булардын эң негизги далили - биздин сүйлөгөн сөздөрдүн экспертизалары. Ушундай абалда кандай жыйынтык чыгып, кандай сот процесс болот мен үчүн бүдөмүк”.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова Кемпир-Абад ишин" бийликтин оппозициядан өч алуусу" деп баалап келет. Ошентсе да абакта сегиз ай отурган айыпталуучуларды үй камагына чыгарат деген үмүттөн үзбөй турабыз дейт ал.
"Менин пикиримде, бул иш аркылуу бийлик оппозициядан өч алып жатат. Анткени бийлик оппозиция менен тил табыша албай, диалог түзө албай, оппозиция кайсы бир кадамдарды жасайбыз дегени үчүн ушундай жол менен өч алып жатат. Бирок ошентсе да бийлик адамгерчиликтүү болуп, камактагыларды жакын арада кое берет деп үмүттөнүшүбүз керек. Анткени жай келди, камералар ысып жатат. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы биздин тергөө абагындагы шарттар боюнча айтып жатып, адамды тергөө абагына киргизүү кыйноого барабар экенин белгилеген болчу. Ал эми Кемпир-Абад боюнча абактагылар эч күнөөсүз сегиз айдан бери ысык-муздакта отурушат".
Президент Садыр Жапаров бул иш тууралуу буга чейин бир нече жолу пикирин билдирип, абакта жаткандарды “өлкөдө башаламандык уюштурууга аракет кылган” деп айыптаган. Акыркы жолу 12-майда Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышып жаткан талапкерлерге жолукканда бул ишке байланышкан суроого мындай жооп кайтарган:
“Кылмыш кылганы үчүн камалып жатат да, жөн эле көчөдөн алып барып камап койгон жок. Төңкөрүш кылам деп атат, акча таратып жатат. Өлкөдө мыйзам, тартип болуш керек", – деп айткан.
Анткен менен бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад боюнча козголгон кылмыш ишине, камакта отургандар боюнча тынчсыздануусун билдирип келишет. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын ишинде Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген толтура процессуалдык мыйзам бузуулар бар деп эсептейт. Бул тууралуу уюм 20-мартта жарыялаган билдирүүсүндө айтып, кыргыз бийлиги дүйнөлүк коомчулук алдында сый мамилеге татыктуу өнөктөш катары кала алабы же жокпу деген суроо турганын белгилеп жана камактагыларды бошотууну, калыс иликтөөнү талап кылган эле.
Билдирүүдө эң узак деген эки айлык абак мөөнөтү октябрь айынан бери үч жолу узартылганы, тергөөдө байкаларлык жылыш жок болуп жатканы, тергөө абагы узак убакыт кармоого ылайыкташпаган жай болгондуктан көбүнүн ден соолугу начарлаганы, аларга жакындарын жолотпой жатышканы, тергөө далил катары көрсөтүп жаткан аудиолор монтаждалып, редакциялаганы белгиленген.
"Оюн эркин билдирүү укугунун негизинде чыккан бул адамдар тергөө изоляторуна камалмак турсун, ал жакка жеткирилбеши керек болчу", — деген HRW уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 2022-жылы 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта жатат. Калган 13ү ар кандай жагдайда үй камагына чыкты.