Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

11:01 25.10.2022

Башаламандык уюштурууга шектелип, жапырт кармалгандардын экөө - Атай Бейшенбек жана Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы бүгүн, 25-октябрда каралышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдурасулова "Азаттыкка" билдирди.

Атай Бейшенбек 23-октябрда, Акыл Айтбаев 24-октябрда кармалган.

11:00 25.10.2022

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип, жапырт кармалгандардын бири Талант Эшалиевдин бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту сырттан карап, эки айга үй камагына алды. Активист өзү Бишкектеги ооруканалардын биринде экени кабарланды. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Сооданбеков "Азаттыкка" билдирди.

04:41 25.10.2022

Соттун чечими менен Бектур Асанов да 20-декабрга чейин камакта калды.

04:39 25.10.2022

Бишкектин Биринчи май райондук соту ушу тушта саясатчы Бектур Асанов менен Талант Эшалиев аттуу жарандын бөгөт чарасын карап жатат. Аларга азырынча чечим чыга элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG