Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

04:30 25.10.2022

Укук коргоочу, активист, оппозициялык “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмунун мүчөсү Рита Карасартова жана саясатчы, "Туран" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов да 20-декабрга чейин камалды.

Молдокматов коюлган айыптарды "жалаа" деп атады. Рита Карасартова да ушундай эле пикирин айтты.

04:26 25.10.2022

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, оппозициялык “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмунун мүчөсү Клара Сооронкулова да соттун чечими менен 20-декабрга чейин камакта калды.

Ал милиция кызматкерлеринин коштоосунда сот залынан чыгып баратып, журналисттердин чечим тууралуу суроосуна "коюлган айыптар президенттик администрациянын фантазиясы, оорулуу фантазия" деп жооп берди.

Клара Сооронкулова сотко кирип бараткан учурда журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. 25-октябрь, 2022-жыл. Бишкек, Биринчи май райондук соту.
Клара Сооронкулова сотко кирип бараткан учурда журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. 25-октябрь, 2022-жыл. Бишкек, Биринчи май райондук соту.

04:14 25.10.2022

Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди.

Жалпысынан 20дай кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Таңкы саат 4төн өткөнүнө карабай сот ишин улантууда.

03:06 25.10.2022

Соттун чечими менен Кеңешбек Дүйшөбаев жана Кубанычбек Кадыров да 20-декабрга чейин камакта калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG