Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:36
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

13:32 15.10.2022

Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимге Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койбой койгонун, анын орун басары да кол койбогонун, учурда Айдарбековду комитет жетекчилигинен кетирүү боюнча интригалар жүрүп жатканын айтты.

13:26 15.10.2022

13:25 15.10.2022

Адахан Мадумаров: Менин жабык жыйында сүйлөгөн сөзүмдүн бирин да чыгарган жок. Анткени, менин сөзүм булар үчүн коркунучтуу. Мени аянтка алып чыгып өлтүрүп, өрттөп, күлүмдү Кемпир-Абаддын үстүнө чачып жибер деп айттым. Бүгүн Усубалиев, Сүйөркулов күнөөлүү деп жатышат. Мен жыйында алардын бир кылганын кыла албайсыңар, силердей сабатсыз бийлик Кыргызстандын тарыхында болгон эмес деп айттым.

12:47 15.10.2022

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан курултайда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов алгачкылардан болуп сөз сурап, бийликтин чек араны тактоо аракеттери боюнча маалымат берди. Ал кыргыз-өзбек чек арасынын 1450 чакырымы такталып жатканын билдирди.

"Кемпир-Абад боюнча бардык облустардан келди деп ойлоп жатабыз. Ушул келген аксакалдар, мекенчил жигиттерибиз Кемпир-Абаддын маселеси болбогондо деле, жөн учуруда деле келип, Ош, Өзгөндөгү көйгөйлөрдү көтөрүп чыкса болмок. Жаңы бийлик элге чек араларды тактайбыз деген убада берген. Ошонун негизинде Өзбекстан менен 1450 чакырым жерди тактап жатышат. Бул бир жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Буга чейин деле Кемпир-Абад болгон, суу басып жаткан. Эмнеге ошол мезгилде биз көтөргөн жокпуз? Азыр Өзбекстан менен тополоң болбосун деп тактап жатканда ушул маселени көтөрүп жаткаңыздарга таң калып жатам", - деди Жамалдинов.

Ушундан кийин чогулгандар президенттин өкүлүнө нааразылык билдирип, сүйлөтпөй коюшту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG