Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

“Тамакты да кредитке алалыбы?”. Казак темир жолчуларынын митинги


Бейнеу станциясында митингге чыккан темир жолчулар. Маңгыстау облусу. 3-август, 2022-жыл.
Бейнеу станциясында митингге чыккан темир жолчулар. Маңгыстау облусу. 3-август, 2022-жыл.

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Бейнеу станциясында айлык акыны жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган темир жолчулардын нааразылык акциясы беш күндөн бери токтой элек. Аларга эми үй-бүлөлөрү да кошулду. Бирок “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы каражаттын жоктугунан кызматкерлердин маянасы көтөрүлбөй турганын билдирди.

Бейнеу станциясында 300гө жакын темир жолчу 1-августтан бери нааразылык акциясын улантууда. Айлык акыны 100 пайызга көбөйтүүнү жана кызматкерлерге жумушта шарт түзүп берүүнү талап кылгандар үйлөрүнө кетпей турушат.

“Менин алты балам бар. Эки жыл мурун аларды насыя алып кийинте баштагам. Эми тамак-ашты эле кредитке алышым калды. Алган насыямды төлөй албай турам. Айлыгым айдан айга жетпейт”, - деди митингге чыккан темир жолчулардын бири Төрагали Эдинаев.

Маалыматка караганда, Бейнеу станциясында темир жолчулар 180 миңден 200 миң теңгеге чейин айлык алат. Нааразылык акциясына чыккандар толук иш таштаган жок. Темир жолдогу коопсуздукка жооптуу кызматкерлер кезеги келгенде жумушка чыгып, кайра митингдин катышуучуларына кошулуп жатышат. Акцияга чыккан дагы бир темир жолчу Нурлу Аманхожаев жумушта түзүлгөн шартка нааразы.

“Биздин абалыбыз аябай начар. Кызматкерлерди ташыган автоунаалар, биз иштеген имараттар эскирген. Түшкү тамакты талаага кара казаныбызды алып барып жасап, чайыбызды кара чайнекке кайнатып ичебиз”.

“Казакстан темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы 1-августта билдирүү таратып, компания Бейнеу станциясындагы маселени чечүүнүн жолдорун карап жатканын кабарлаган.

Бирок ишкана каражат аз экенин, ушундан улам акцияга чыккандардын “эмгек акыны 100 пайыз жогорулатуу” боюнча талаптары аткарылбай турганын билдирди. Мекеме былтыр “Казакстан темир жолуна” түшкөн бардык киреше маянаны көбөйтүүгө жумшалганын кошумчалады.

Улуттук темир жол компаниясынын сайтында “Казакстан темир жолунун” тышкы карызы 1,9 триллион теңге экени, акыркы беш жылдын ичинде ишканага 171 миллиард теңге мамлекеттик субсидия бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.

Бейнеуда нааразылык акцияга чыккан темир жолчуларга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен прокуратуранын кызматкерлери келип жолугуп кеткен. Алар кызматкерлердин койгон талаптары негизсиз экенин айткан.

Бейнеу районунун акиминин орун басары Рахымжан Шалбаев чогулгандарга алдында сүйлөп: “Биз темир жолчулардын айлыгын көбөйтсөк, анда базарда баалар көтөрүлөт”, - деди Шалбаев.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү бийликтин жообу темир жолчуларды ынандырган жок. Алардын үй-бүлөлөрү да бала-чакалары менен чогуу бийликке кайрылуу кылышты.

“Биз, апалар, Бейнеу станциясында айлыгын 100 пайызга көтөрүүнү талап кылып турган темир жолчулар менен биргебиз. Бул жердеги энелер да алардын талаптарынын аткарылышы керектигин айтабыз. Жумуш убагында бардык шарт болушу керек”.

Бейнеу станциясында 354 киши иштейт. Кызматкерлер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге да кайрылуу кылышты.

Быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Расмий маалымат боюнча, тополоңдо 230дан ашык адам каза болгон. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлады. Жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 717 адам жоопкерчиликке тартылган.

XS
SM
MD
LG