Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

"Сириядан балдарыбызды алып келип бергиле"


Сирия менен Ирактагы казакстандыктар.
Сирия менен Ирактагы казакстандыктар.

Ирак жана Сириядагы куралдуу жаңжал аймактарына кеткен казакстандыктардын туугандары жакындарын өлкөгө кайтарууну өтүнүп, бийликтен жардам сурап жатышат.

Быйыл мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сириядан кайтып келген 125 жарандын 57си соттолгонун, калгандары көзөмөлгө алынганын билдирген. Былтыр жыл этегинде комитет Жакынкы Чыгыштын куралдуу кармаштар жүрүп жаткан жерлеринде жашы жете элек казакстандык 390 бала бар экенин да маалымдаган.

Актөбөдө жашаган 40 жаштагы Руслан Ермагамбетов бир топ жыл мурун Сирияга кеткен. Жакындары ал жазында үйүнө кайтууга аракеттенгенде жолдон кармап түрмөгө салышканын айтып беришти. Ошол бойдон андан кабар жок.

Кесиби боюнча механик Руслан 2000-жылдардан бери батирлерди оңдоп-жасап иштечү. Актөбөнүн четинде жер сатып алып, үй да кура баштаган. 2015-жылы машинесин сатканда туугандары "курулушка акча керек болгон окшойт" деп, эч нерседен күмөн санашкан эмес. Ошол жылдын августунда ал Орусияга акча табууга кетип жатканын айтып калат. Бир айдан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Руслан Жакынкы Чыгыштагы согуш аймагында жүргөнүн үй-бүлөсүнө кабарлаган.

Үч жылдан кийин гана "WhatsApp" мессенжеринен эжеси менен байланышка чыгып, Сирияда экенин айтат.

- Ал жактан эки жолу жарадар болгон экен, Кыргызстан жараны менен баш кошуп, балалуу болушкан. Бир жаштагы уулу Абдулла азыр энеси менен Сусада (Ирак менен чек арадагы аймак) жүрөт. Келиндин буга чейинки күйөөсүнөн дагы төрт баласы бар экен, - деп айтып берди Нурагүл Каирбекова.

Эжеси Русландын Жакынкы Чыгышка эмне себептен кеткенин түшүнө албай турат. Иниси өзү да өкүнгөнүн, катасын кеч түшүнгөнүн айтып бериптир. “Сирияда баары башкача экен, шариятты эч ким урматтабайт, Курандын эрежелерин карманбайт, үйгө кайтууга, макоолугум үчүн жооп берүүгө да даярмын,” - деп айткан ал эжесине.

Руслан Ермагамбетовдой болуп Ирак менен Сириядагы уруш жүрүп жаткан аймактарга кеткен казакстандыктардын жакындары бири-бири менен байланышып турушат. Алар туугандарын үйлөрүнө кайтарууга көмөктөшүүнү сурап, улам бир органга кайрылып жатышкан чагы.

Демилгелүү топ Башкы прокуратурага, Тышкы иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук комитетине жана башка мекемелерге арыз жазышкан. Прокуратура алардын арызын тиешелүү орган карап жатканын билдирди.

Нурагүл Каирбекованын санагында ушул тапта Жакынкы Чыгыштагы жаңжал аймагында чоңдордон тышкары, кеминде 118 бала жүрөт, көбүнүн аталары урушта курман болгон.

- Казакстандыктардын саны мындан көп болушу мүмкүн. 118 бала – бул биз менен байланыштагы адамдардын жакындары. Мүмкүн өз мүшкүлүн башкалар менен сөз кылууну каалабагандар да бар, - дейт Нурагүл Каирбекова.

Казак тышкы мекемесинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров Сирия менен Ирактагы жакындарын алып келүүгө жардам сураган ондогон арыз түшкөнүн 19-июлда "Азаттыкка" тастыктаган. Ушул маалда арыздар каралып жатат.

- Сирияга мыйзамсыз жол менен кирген казакстандыктар тууралуу маалымат чогултуу, өзгөчө согуш жүргөн жерлерде канчасы бар экенин билүү татаал. Ошентсе да министрлик жана башка мекемелер жарандарыбыздын кайрылуу-арыздарын карап жатат. Аларга өз убагында жооп беребиз, - деди Смадияров.

Былтыр жыл этегинде Казакстандын тышкы саясий мекемеси Сириядан чечен башкалаасы Грозныйга казакстандык аял менен төрт баласы жеткирилгенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG