Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Казакстан Олимпиаданын төрт медалынан ажырады


Оор атлетчилер Зульфия Чиншанло (солдо) жана Светлана Подобедова машыгуу залына бараткан жолдо. Алматы, 29-март, 2012-жыл
Оор атлетчилер Зульфия Чиншанло (солдо) жана Светлана Подобедова машыгуу залына бараткан жолдо. Алматы, 29-март, 2012-жыл

Казакстандын төрт спортчусу мурда дүйнөлүк Олимп оюндарында алган медалдарын кайра кайтарып берүүгө милдеттендирилди.

Эл аралык олимпиада комитетинин чечимине ылайык, казакстандык оор атлетчилер Зульфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова 2012-жылы Лондон оюндарында уткан алтын медалдарын кайтарып бериши керек. Эркин күрөш боюнча балбан Таймураз Тигиев 2008-жылы Бээжин олимпиадасында алган күмүш медалын кайра тапшырып берүүгө милдеттендирилди.

Алардан ошол кезде, олимпиада учурунда алган допинг анализдер кайра текшерилгенде кызытма бар болуп чыкты.

Майя Манеза (солдо), Зульфия Чиншанло жана Светлана Подобедованы Олимп оюндарынан кийин кабриолет менен тосуп алышкан. Алматы, 8-август, 2012-жыл.
Майя Манеза (солдо), Зульфия Чиншанло жана Светлана Подобедованы Олимп оюндарынан кийин кабриолет менен тосуп алышкан. Алматы, 8-август, 2012-жыл.

Допинг колдонгон деген казакстандык спортчулардын тизмесинде Лондон жана Бээжин олимпиадаларында чемпион аталган оор атлетчи Илья Ильин да бар экени белгилүү болду. Эл аралык олимпиада комитетинин маалыматына караганда, андан станозолол деген тыюу салынган зат чыккан.

Буга чейин Бээжин олимпиадасында күмүш байге алган оор атлетчи Ирина Некрасова жана коло медал тагынган спортчу Мария Грабовецкаянын, олимпиаданын катышуучулары Владимир Седов жана Алмас Утешовдун да анализдеринде кызытма табылганы маалымдалган. Бирок азырынча бул спортчулар боюнча Эл аралык олимпиада комитетинин чечими жарыялана элек.

Илья Ильин
Илья Ильин

Быйыл июль айында Эл аралык олимпиада комитети соңку эки олимпиаданын, тагыраак айтканда 2008-жылы Бээжинде жана 2012-жылы Лондондо өткөн оюндардын катышуучуларынын анализдерин кайра текшере баштаган. Бул процесс жаңы, заманбап технологиялардын жардамы менен өтүп жатканы кабарланган.

Ушул күнгө чейин жалпысынан 1200 анализ текшерүүгө алынып, анын арасынан 98 спортчунукунан кызытма чыккан.

Казакстандын Улуттук олимпиада комитети “таза спорт саясатын” колдой турганын жана Эл аралык комитеттин кандай гана чечими чыкпасын, ага макул болорун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, медалдарын кайра кайтарып берсин деген төрт спортчу үч апта ичинде Спорттук арбитраждык сотко кайрылууга укугу бар.

Буга чейин, 17-октябрда Казакстандын Оор атлетика федерациясы анализинен кызытманын калдыктары табылган оор атлетчилер боюнча анализди кайра текшергенде кандайдыр бир катачылыктар табылбаганын, андыктан Эл аралык комитетке каршы аргумент келтире албасын маалымдаган.

Таймураз Тигиев
Таймураз Тигиев

Ал арада казакстандык адистер спортчуларды сырттан жалдап алып келүү тажрыйбасын токтотуу керек экенин айтууда. Белгилүү болгондой, Тигиев менен Подобедова Орусиядан. Ал эми Чиншанло менен Манеза Кытайдан. Баса, бул эки спортчу тең Кыргызстанда туулганы, көп жылдар Кытайда жашап, 2007-жылы казак жарандыгын алып, ошондон бери таймаштарга Казакстандын атынан катышып келатканы тууралуу маалыматтар бар.

Спорттук баяндамачы Уалихан Косанбайдын пикиринде, допингдин айынан медалын кайтарып берүүгө милдеттендирилген спортчулар эми мамлекеттен алган сыйлыктарын да өкмөткө өткөрүп бериши керек. Казак бийлиги аларга алды 250, арты 150 миң долларга чейинки суммада акчалай сыйлык берген болчу.

Спорт темасын жазган журналист Толеубек Ниязбектин айтымында, соңку окуялар Казакстан допингге каршы саясатын күчтөндүрүшү керек экенин көрсөтүүдө. Бул үчүн биринчи кезекте жаш спортчуларды тарбиялап, “алардын өнүгүүсүнө, кесиптик жактан мыкты болушуна шарт түзүлүшү” керек дейт ал.

Быйыл Рио Олимпиадасында Казакстандын улуттук курама командасы үч алтын, төрт күмүш жана тогуз коло медал уткан. Жалпы эсепте ал 22-орунду ээледи. Допинг чырына байланыштуу төрт медалынан айрылып жаткан Лондон олимпиадасында 12, ага чейинки Бээжиин оюндарында 29-орунду ээлеген.

Кыргызстандан быйыл Рио олимпиадасына катышып, оор атлетчи Изат Артыков коло медал алганы кабарланып, бирок анын анализинен да допинг чыкканына байланыштуу сыйлыгынан ажыраган.

XS
SM
MD
LG