Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:22
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

01:48 5.1.2022

Алматы шаарында күч органдары 4-январдын түнү нааразылык акциясына чогулгандарга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонду. "Азаттыктын" казак кызматы жарыялаган видео.

01:55 5.1.2022

Алматы шаарынан бир көрүнүш.

02:03 5.1.2022

02:14 5.1.2022

Дүйнөлүк желенин абалына көз салган NetBlocks уюму Казакстанда интернет орчундуу деңгээлде чектөөгө дуушар болгонун билдирди. Уюмдун Твиттердеги баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, мындай чектөө Казакстандагы бир катар интернет провайдерлеринин, өзгөчө “Билайн” сыяктуу мобилдик түйүндөрдүн ишине таасирин тийгизди. NetBlocks белгилегендей, учурда мындай чектөө дагы деле уланып жатат.

“Бул чектөө Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында энергиянын баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу дем алышта башталган акциялар кеңейип жаткан учурга туура келди”, - деп жазды NetBlocks коммерциялык эмес уюму.

Ага чейин Казакстандагы “Билайн” компаниясы чектөөлөр бар экенин Твиттер аркылуу ырастаган. Анда чектөөлөргө “компаниядан көз каранды болбогон жагдайлар” себеп болгонун белгиленген.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисттери да Алматы баштаган айрым шаарларда мобилдик интернет иштебей жатканын, социалдык тармактарга кирүүгө мүмкүн болбой жатканын айтышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG