Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

01:13 10.1.2022

9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн «Телеграм» каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну «техникалык» ката деген негизде четке какты.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана «куралчан» 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Бийлик билдиргендей, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды «чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар» уюштурганын билдирип жатат.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалгандардын арасында «кошуна мамлекеттердин жарандары» бар экенин билдирип, бирок кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

19:31 9.1.2022

Казакстанда тополоңго тиешеси бар деп кармалганы айтылган жигит "кыргызстандык Закир Юбуров" деген маалыматты анын жакындары четке кагышты.

Бир тууганы Тахир Юбуров “башаламандыкка катышым бар, Кыргызстандан 90 миң теңгеге жалданып келгем” деп көрсөтмө берген видеосу интернетке тараган адам менен туугандык байланышы жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

“Видеодогу киши менин бир тууганым эмес. Ал 7-январда жума намазын окуганы чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. Закир үй-бүлөсү менен Алматыдагы базарда соода кылып жашачу. Аялы, балдары да азыр анын кайда экенин билишпейт”.

Алматыда кармалган музыкант, окко учкан наристе
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:18 0:00

Буга чейин казакстандык айрым маалымат каражаттары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен "акча алып, Алматыдагы тополоңго катыштым" деп айткан жигиттин видеосун жарыялашкан. Бул видео Кыргызстанда талкуу жаратып, анда сүйлөгөн жигит бишкектик музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Аны тасмадан көргөн туугандары тааныганын айтышкан жана Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында кесиптештери, жакындары митингге чыгышкан.

Алар Рузахунов жалган жалаа менен кармалганын айтышып, бошотууну бийликтен талап кылышкан. Чогулгандар менен жолугушкан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев музыкант видеодо көрсөтүлгөндөй "террорчу эмес" деп билдирген.

Викрам Рузахуновду кыргызстандык активисттер да тааныганын айтышып, талкуу жаралган. Казакстандын айрым маалымат каражаттарында кийинчерээк "ал Рузахунов эмес, 32 жаштагы Закир Убуров" деген маалымат чыккан.

19:28 9.1.2022

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү тополоңдо 164 адам каза болгонун билдирди. Мекеменин маалыматын казакстандык Телеграмм каналдар таратты. Министрлик өлкөнүн төрт облусу боюнча маалымат берген. Ага ылайык, Алматыда 103 (эки бала), Кызылорда облусунда 21, Жымбылда он жана Алматы облусунда сегиз адам каза болгон. Калган 22 адамдын кай жерлик экени белгисиз.

Казакстандын өкмөтү 5-январдан бери биринчи жолу каза болгондор боюнча кеңири маалымат берди. Буга чейин Ички иштер министрлиги күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана 26 "куралчан адам" өлтүрүлгөнүн билдирген.

  • 2-январда Жаңы-Өзөн эли суюлтулган газдын баасы 60 теңгеден 120 теңгеге көтөрүлгөнүнө каршы чыгышты. Кийинчерээк Жаңы-Өзөндөгү акцияны өлкөнүн башка аймактары да колдоду. Өкмөт Маңгыстау облусунда газдын баасын 50 теңгеге түшүргөнүнө карабай нааразылык басаңдаган жок.
  • Нааразылык акциясына чыккандар өлкөдөгү кымбатчылыкты айтып, өкмөттүн кызматтан кетишин жана 1993-жылкы Конституциянын кайтарылышын талап кылышты.
  • 5-январь күнү түндө Алматыда миңдеген адам Республика аянтына жыйналып, кымбатчылыкка каршы нааразылыгын билдиришти. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, кулак тундуруучу граната колдонду. Ушул түнү өлкөнүн башка аймактарында дагы нааразылык акциясы уланды.
  • 5-январь түшкө жакын президент Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Өлкөнүн башка аймактарында – Актау, Чымкент, Актөбө, Өскемен, Семей, Оралда дагы нааразылык уланды.
  • 5-январда түштөн кийин Алматыда тополоң башталып, белгисиз адамдардын тобу мэриянын имаратына жана аба майданга кирип барды. Шаар акимчилигинин имараты өрттөнүп жаткан видеолор Интернетке тарады. Алматыда ондогон соода түйүндөрү, дүкөндөр, банктар тонолгону кабарланды. Токаев 6-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алматыдагы чабуул үчүн “террористтик топторду” айыптады. Бирок ал айткан “террористтик топтордун” 2-январдан берки нааразылыкка чыккандарга катышы бар экени тууралуу так далилдер жок.
  • Казак президенти кимди “террорчу бандиттер” деп атаганы белгисиз. Токаев аларды минтип атоого эмне негиз болгонун, алардын кайдан келгенин, эмнеге аны “агрессия” деп эсептей турганын ачык айтпады. Кийинки күндөрү Казакстанда кандайдыр бир террордук аракеттер, аскерий операциялар болуп жатканы тууралуу маалымат түшө элек.
  • 5-январда өлкөдө кырдаал курчуп кеткенде Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылды. Уюмга кирген Орусия, Армения жана Беларус Казакстанга жардам берүү үчүн аскерлерин жөнөтөрүн билдиришти. 6-январдын кечинде өлкөгө орус аскерлери келди.
  • Бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады. Интернет абдан начар иштеп, көбүнчө өчүрүлдү.
  • 7-январда Токаев “согушкерлерге ок атууга буйрук бергенин” билдирди. 8-январда Назарбаевдин көптөн берки үзөңгүлөшү, Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып менен кармалды.
16:09 9.1.2022

Бишкекте Казакстандагы соңку башаламандыктарга тиешеси бар делип кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду колдогон митинг өтүп жатат. Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына чогулган 50дөй киши Рузахуновду Кыргызстанга алып келүүнү талап кылууда. Алар казак Ички иштер министрлиги Рузахунов тууралуу жалган маалымат таратып жатканын айтып, ага баа берүүгө чакырышууда.

Чогулгандар арасында кыргызстандык белгилүү ырчы, музыканттар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов жана укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар бар. Алар Казакстандагы соңку окуяларга катышы бар делип кармалгандар арасында Кыргызстандын атуулдары бар же жок экенин текшерүүнү өлкө президентинен, акыйкатчы, Жогорку Кеңеш, Тышкы иштер министрлигинен талап кылып жатышат.

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги учурда Рузахуновдун кармалышына байланыштуу жагдайларды тактап жатанын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы, бүгүн 9-январда тараткан маалыматка караганда, музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Авибилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынганын жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткенин милицияга жакындары билдиришкен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG