Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

13:49 9.1.2022

Казакстанда кармалган кыргызстандык белгилүү музыкант экени аныкталды

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду. IT-тармагы боюнча адис Азиз Абакиров "Азаттыкка" муну ырастап, казак полициясынын ал жумушсуз деген маалыматын четке какты.

“Викрам Рузахунов дүйнөлүк фестивалдардын лауреаты, аны аймактагы өнөр адамдарынын көбү тааныйт. Видеодо айтылгандай жумушсуз эмес. Ал өнөр адамы, Кыргызстанда башаламандык болгондо да андай жерлерге барчу эмес, биз аны тааныйбыз. Ал Казакстанда да концерт берип, барып-келип иштеп турчу”.

Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги башаламандыкка катышы бар деп кармалган адам боюнча Казакстандын тиешелүү органдары менен териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары бар же жок экендиги такталып жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 100 миңге жакын жараны Казакстанда эмгек миграциясында жүрөт. Башка маалыматтарга таянсак, бул көрсөткүч бир нече эсе көп. Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан, Алматы жана өлкөнүн түштүгүндөгү Чымкент шаарында жашап-иштейт.

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларга байланыштуу беш миңден ашуун адам кармалганын, арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин кабарлаган. Кайсы өлкө жарандары экени так айтылган эмес.

13:03 9.1.2022

Казакстандын Ички иштер министрлиги куралчан 300дөй адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганын 9-январда кабарлады.

“Куралчандар машине жана жөө жалаңдап качып бара жаткан жеринен кармалышты. Алардын курал-жарактары, уурдап бараткан баалуу буюмдары, чөнтөк телефондору, чоң суммадагы акчалары жана каражаттары болгон”, - деп кабарлады казакИчки иштер министрлиги.

Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда 2-январда башталган митинг жана андан кийинки башаламандыктардан полиция менен күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза таап, 1300ү жарадар болду.

11:18 9.1.2022

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандардын саны 5135 адамдан ашты. Бул Ички иштер министрлигинин 9-январга карата берген маалыматы. Киши өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук, талап-тоноо, бейбаштык жана уурулук фактылары боюнча 125 сотко чейинки иликтөө-тергөө иштери башталды.

Алматы облусунда атайын операция дале уланып жатат. Облустун коменданты Серик Кудебаев жашоочуларды тынчтыкты сактоого чакырып, мыйзам талаптарына баш ийбеген учурда тартип коргоо органдары курал колдонгонго чейин чечкиндүү чараларга бара турганын эскертти.

Ошого карабай кечинде Алматыда “катуу кармаш” байкалганын шаар акиминин орун басары Ержан Бабакумаров Хабар-24 телеканалына билдирди.

“Согушкерлер дагы деле куралдуу каршылык көрсөтүүдө. Турукташтыруу бар, бирок катуу каршылык көрсөтүүлөр болууда”, - деген аткаминер.

ИИМдин маалыматына караганда, “Алматыга 5-январда бир убакта 20 миң киши келген”. Башаламандык учурунда Казакстан боюнча полициянын 350 машинеси өрттөлүп, талкаланган. Ошондой эле “кылмышкерлер полиция кызматкерлеринин формасын кийип алып бийликтин беделине шек келтирүү максатында мыйзамсыз аракеттерге барганы” белгиленген.

Полициянын шаардык департаменти жарандарды “күмөндүү жарандар” тууралуу маалымат берип турууга чакырды.

19:09 8.1.2022

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 2022-жылдын 8-январына карата кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби тууралуу маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, “Чалдыбар-автожол" (Кыргызстан) - "Сыпатай Баатыр-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат:

  • Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыгып кете алышат;
  • Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кире алышат.

Ал эми "Ак-Жол-автожол" (Кыргызстан) - "Кордай-автожол" (Казакстан) бекети аркылуу Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.

"Ак-Тилек-автожол" (Кыргызстан) - "Карасу-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

  • Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстандын аймагына "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

Талас облусундагы "Чоң-Капка автожол" (Кыргызстан) - "Айша-Биби-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

  • Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
  • Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

2022-жылдын 8-январга карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Талас облусунда "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.

Учурда Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстан аймагы аркылуу башка мамлекеттерге транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынды. Учурда чек арада жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG