Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

13:11 8.1.2022

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, транзит менен келген казак жарандарына жардам көрсөтүү максатында атайын штаб иштеп баштады.

Транзиттик каттамдар менен “Манас” эл аралык аэропортуна түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаалар даярдалып, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруу жана андан ары өткөрүү уюштурулуп жатат. Түндөсү келген жүргүнчүлөр кошуна өлкөдө коменданттык саат болгондуктан “Достук” мейманканасына жайгаштырылган.

Казакстандык жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн чыгымдар мэриянын резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. 8-январга караган түнү казакстандык 32 жүргүнчү келген.

7-январда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарына жардамдарды уюштуруу боюнча шаардык штабдын иштөө тартибин бекиткен. Бишкек шаарынын мэриясынын бир катар кызматтары жана облустук администрациялары менен биргеликте Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен макулдашылып иш алып барууда.

Шаар мэриясы уюштурган штабда Казакстандагы окуяларга байланыштуу гуманитардык жардам топтоо иштери да жүргүзүлүп жатат. 7-январда Бишкекте активистер жана демөөрчүлөр Казакстанга гуманитардык жардам чогултуп жеткирүү иштерин баштады.

12:42 8.1.2022

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын ондогон кишилер каза тапкан каршылык акцияларын басууга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жардамга чакырганы суроолор жаратат деп билдирди.

Америкалык башкы дипломат казак бийликтери мыйзам жана тартипти сактоо максатында демонстранттардын укуктарын бузбай көчө акцияларын жөнгө салууга толук кудурети бар деп эсептейт.

“Эмне үчүн алар сырттан жардамга муктаж болгону белгисиз, биз бул боюнча кененирээк маалымат алганга аракет кылып жатабыз”, - деди мамлекеттик катчы Блинкен.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу максатында” деген жүйө менен Казакстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) жардам сураган. Ага удаа эле Орусия аскерлеринин алгачкы бөлүгү атайын техниканын коштоосунда Казакстанга келип түшкөнү кабарланды. Жума күнү Армения, Беларус, Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөттү.

7-январда уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери Алматы шаарына жеткирилди.

Бир канча күндөн бери нааразылык акциялары уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2.5 миңдей аскери жайгаштырылат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” жаңылыктар агенттигине билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Казакстандагы орус аскерлери “жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жана армия бөлүктөрүнүн ыкчам жана күжүрмөн иш-чараларына катышпайт” деп белгиледи. Орус президенти Владимир Путин Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасай элек.

Орус аскерлери соңку апталарда Украина менен чек арага жакын жерде ири күчтөрүн топтоп жатканы тууралуу маалымат тараган учурда атайын бөлүктөрүн эми Казакстанга да жөнөтүп отурат. Жума күнү онлайн уюшулган НАТОнун жыйыны дал ушул жагдайга, ошондой эле Орусия менен боло турган сүйлөшүүлөргө арналды.

Ошол жыйындын соңунда Блинкен Орусиянын Украинага каршы агрессиясы улана турган болсо, Батыш “чечкиндүү жооп берүүгө” даяр экенин айтты. "Бирок муну Орусия кааласа дипломатиялык жол менен чечүү дагы деле мүмкүн ", - деп белгиледи ал.

Батышта да, Орусияда да бир катар аналитиктер Владимир Путин тигил же бул формада Советтер Союзун калыбына келтирүүнү көздөп жатат деген пикирлер айтылып келет. Кремль мындай пландарды дайыма четке кагып келатат.

12:04 8.1.2022

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелүүдө.

Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинен үч күн мурда, Алматыдагы башаламандыктар башталган кезде бошотулган эле.

"Масимов жана башка бир нече киши мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелип, 6-январда тергөө абагына камалган",- деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат бул боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Карим Масимов.
Карим Масимов.

Алматыда нааразылык жүрүштөрү курчуп кеткен учурда Масимов кызматынан алынган эле. Ушул маалда Алматыда "антитеррордук операция" башталганы кабарланган. Масимовдун ордуна Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген Ермек Сагимбаев дайындалганы белгилүү болду.

Масимов өлкөнун туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки жакын санаалашы катары айтылып жүрөт. 56 жаштагы Карим Масимов атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин бир нече жолу өкмөттү жетектеген.

11:37 8.1.2022

Казакстандын Ички иштер министрлиги полиция органдарына 4266 адам алынып келингенин, кармалгандар арасында башка өлкөнүн жарандары да бар экенин маалымдады.

“Алматы облусунун бир айылынан 100дөн ашуун киши колго түштү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кошуна өлкөнүн жарандары да кармалды”, - деп айтылат билдирүүдө. Маалыматта кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес.

Мындан сырткары ИИМ Алматынын Калкаман кичи районундагы автоунаа оңдоочу жайлардын биринен ок-дарылар жана уурдалган буюмдар (велосипед, телевизор, мобилдик телефондор), Жамбыл облусундагы калктуу конуштардын биринен жашырылган курал-жарак табылганын кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG