Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

14:49 6.1.2022

Орусиялык аскерлер Казакстанга келип түштү

Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштады. Бул тууралуу бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы билдирди. Маалыматка караганда, Аба-десанттык аскер бөлүктөрүн учактар менен жөнөтүү уланып жатат. Катчылык бейпилдик контингентине Беларус, Армения, Тажикстан жана Кыргызстан киргенин белгиледи.

Орусиялык “Интеллигенция конгресси” деген коому “Орусиянын Казакстанга куралдуу кийлигишүүсүнө каршыбыз!” деген кайрылуу чыгарган. Бул тууралуу медиа-эксперт Николай Подосокроский "Фейсбукка" жазды. Текстке кол койгондордун арасында саясатчы Леонид Гозман, журналист Владимир Познер, жазуучу Людмила Улицкая, депутат Борис Вишневский, укук коргоочу Светлана Ганнушкина, Лев Пономарев, режиссер Гарри Бардин, саясат таануучу Дмитрий Орешкин жана башкалар бар.

Буга чейин Орусиянын бир катар маалымат каражаттары ЖККУнун контингентинин алгачкы аскерлери Казакстанга келип конгонун жана кызматка киришкенин жазышты. Мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги 6-январда кабарлагандай, уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн аба-десанттык тобу казак жергесине кирди. ТАСС агенттиги да ушундай жаңылык чыгарды.

Орусиялык "Звезда" телеканалы жарыялаган видеодо бери дегенде эки учак Казакстанга жөнөп жатканын көрсө болот.

Аскердик блокко төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда "Фейсбукка" жарыялаган.

"Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды", - деп жазды Пашинян.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

14:17 6.1.2022

Казакстанда саясий кризис уланууда. Бул өлкөнүн жетекчилиги кырдаалды жөнгө салуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан көмөк сурады. Аталган уюмга мүчө болгон Кыргызстан коңшу өлкөгө аскер жөнөтүү маселесин талкуулап жатат. Бүгүн Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, ЖККУнун алкагында Казакстанга аскер жөнөтүү маселесин кароодо. Казакстандагы соңку окуялардын Кыргызстан, дегеле Борбор Азияга таасири кандай? Кыргызстан коңшу өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн кандай позиция карманышы керек? Бул суроолорду “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн атайын чыгарылышында талкуулайбыз. Талкууга мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов, саясий илимдердин кандидаты, эксперт Орозбек Молдалиев, тарыхчы, эксперт Алмаз Кулматов жана жарандык активист Руслан Акматбек катышууда.

13:46 6.1.2022

Казакстандын Алматы шаарында түндөсү полиция департаментинин жана райондук башкармалыктардын имараттарына кол салууга аракет кылган ондогон киши укук коргоо органдары тарабынан жок кылынды. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин өкүлү Салтанат Азирбекке шилтеме берип, бир катар орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Салтанат Азирбек "Интерфакс" агенттигине "учурда каза тапкандардын өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатканын" айткан.

Бүгүн, 6-аянварда эртең менен ТАСС жана BBC орус кызматы аскер күчтөрү Алматынын борбордук бөлүгүн курчоого алып, атайын операция өткөргөнүн кийин курчоо алынганын жазып чыккан.

Интернет байланышы иштебей, мамлекеттик жана маалымат агенттиктеринин сайттары ачылбай жатат.

Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Ошондой эле аэропортту белгисиз кишилер ээлеп алышканы айтылып, бир нече сааттан кийин бийлик кайтарып алганы кабарланды. Бирок, бир нече каттамдар токтотулду. Казакстандын Ички иштер министрлиги сегиз кызматкери каза тапканын, дагы 317си жаракат алганын тастыктады. Митингчилер арасында жоготуулар боюнча маалымат айтылган эмес.

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилген. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган.

11:49 6.1.2022

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети кадимки тартипте иштөөдө

"Ак-Жол" бекети. 2022-жылдын 6-январы.
"Ак-Жол" бекети. 2022-жылдын 6-январы.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети кадимки тартипте иштеп жатат, абал тынч. Бул тууралуу 6-январда эртең мененки саат 10 чамасында "Азаттык" радиосунун кабарчылары жеринен кабарлашты.

Коңшу Казакстандын айрым шаарларында 2-январда башталган нааразылык акциясы башка аймактарга да жайылып, 5-январда өкмөт отставкага кеткен жана кырдаал курчуган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү окуяларга жараша тийиштүү чаралар көрүлүшү ыктымал экенин 5-январда билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG