Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Кайрат Нуртас сахнадан саясатка бармай болду


Кайрат Нуртас
Кайрат Нуртас

Өтүп бараткан аптада Казакстанда 20-мартта боло турган парламенттик шайлоого партияларды жана депутаттарды каттоо аяктады.

Жалпысынан 234 талапкер партиялык тизме менен өттү. Алардын ичинен эң жашы 26 жаштагы таанымал ырчы Кайрат Нуртас.

Жума күнү казактардын Борбордук шайлоо комиссиясы 20-мартта өтө турган парламенттик шайлоого аттанган бардык партияларды каттоо аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу Казакстан Боршайкомунун төрагасы Куандык Турганкулов мындай маалымат берди:

- Алты партиядан катталган 234 талапкердин 80 пайызы эркектер, 20 пайызы аялдар. 233нүн жогорку билими бар. 67 талапкер бейөкмөт уюмда эмгектенген. Ал эми 20 пайызы Мажилистин мурунку 5-чакырылышынын депутаттары. Талапкерлердин орточо жашы элүүнүн тегерегинде, ал эми эң жашы жыйырма алтыда, - деди төрага.

Жогоруда айтылгандай, бул шайлоого эң жаш талапкер болуп “Нур Отан” партиясынан таанымал ырчы Кайрат Нуртас катышат. Популярдуу ырчы ушул ай этегинде 27 жашка толот.

Кайрат Нуртастан башка бийликчил партиянын тизмесин ырчы, "Турквизион-2014" сынагынын жеңүүчүсү Жанар Дугалова, президент жөнүндө көркөм тасмада Нурсултан Назарбаевдин ролун аткарган актер Нуржан Алимбаев жана мушкерлер Сергей Головкин менен Серик Сапиев толуктайт.

Жаш ырчылардын депутаттыкка аттанышы казак коомчулугунда бир топ талкууга жем таштады. Айрымдар эстрада ырчылары эмне мыйзам жазып жыргатмак эле, андан көрө ырдап жүрө беришпейби деген сөздөрдү айтышты. Алардын бири Казакстандын Эл артисти Макпал Жунусова:

- Актер Нуржан депутат боло алат деп ишенем, ал эми бул эки жаш ырчыга тынч эле ырдап жүрө бергиле деп айткым келет.

Кайрат Нуртас болсо мындай сөздөргө терикпейт, тескерисинче ал өлкөсү үчүн колунан келишинче кызмат кыларын айтты:

- Мен элге жакын, өнөр адамымын. Элим ушуга чейин мени көтөрдү, колдоду, ишенди. Мен эми элиме кызмат өтөшүм керек деп ойлойм.

Мажилиске депутат болуп 25 жашка толгон, Казакстан Республикасынын жараны жана соңку 10 жыл ичинде өлкө аймагында туруктуу жашаган адам боло алат.

Казак мыйзамына ылайык, Мажилистеги 107 депутаттын 98и партиялык тизме аркылуу, ал эми тогуз депутат Казакстан Эл Ассамблеясынын атынан беш жылга шайланат. Ассамблеяга талапкерлерди каттоо 20 февралда башталып, 29-февралда аяктайт.

"Нур Отан" партиясынан дагы бир талапкер, ырчы Жанар Дугалова:

XS
SM
MD
LG