Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Казакстанда латын алфавитинин жаңы варианты бекиди


19-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бекиткен алфавит.
19-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бекиткен алфавит.

19-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын арибине негизделген жаңы алфавитти кайра бекитти. Былтыр октябрь айында расмий кабыл алынган алфавиттин биринчи вариантындагы апостроф белгиси эми алып салынды. Коңшу өлкө 2025-жылга чейин латын арибине ырааттуу түрдө толук өтүүнү көздөйт.

2017-жылы октябрь айында расмий кабыл алынган алфавиттин биринчи вариантындагы апостроф белгиси эми алып салынды. Казакстандын маалымат жана коммуникция министри Даурен Абаев апостроф белгиси жок алфавиттин жаңы варианты иш жүзүндө “натыйжалуу жана чыгымы аз” болорун шейшемби күнү Астанада өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Адистер белгилегендей, буга чейинки бекитилген алфавиттеги апострофту колдонууда техникалык маселелер чыккан. Апостроф компьютердеги издөө алгоритмдерин татаалдаштырып, аны менен катар акчалай чыгымдар көбөйө тургандыгы айтылган.

Казак тилинин апостроф белгиси жок жаңы алфавити.
Казак тилинин апостроф белгиси жок жаңы алфавити.

Жаңы алфавитте апостроф алынганы менен анын ордуна акут белгиси (диакритикалык белги) киргизилгени талкуулана баштады.

Былтыр сентябрда коомчулуктун кароосуна коюлган долбоордо диаграфтарды колдонуу сунуш кылынган. Октябрда бекитилген алфавитте болсо айрым тыбыштарды берүү жана тамгаларды жазуу үчүн апострофтор колдонулган.

Латын арибиндеги казак алфавитинин биринчи варианты.
Латын арибиндеги казак алфавитинин биринчи варианты.

Социалдык сайттарда апостроф белгисин колдонуу боюнча кызуу талаш-тартыш жүргөн. Жаңы алфавитке байланыштуу тилчилердин пикирлери да ачакей чыгып, аны таптакыр жактырбагандар арбын болгон. Ошондон улам казак бийлиги алфавитти 2017-жылдын аягына чейин дагы өзгөртүүгө мүмкүн экенин билдирген.

"Казак алфавити апострофсуз болсун!" деген кайрылуу.
"Казак алфавити апострофсуз болсун!" деген кайрылуу.

2017-жылдын башында президент Назарбаев өкмөткө казак алфавитин латын арибине өткөрүүнүн графигин түзүп, жыл аягына чейин аны ишке ашырууну тапшырган. Тилчилер мындай өтө олуттуу ишке аз убакыт берилгенине нааразы болушкан. Казак тилинин жаңы алфавитин Тил институтунун директору Ерден Кажибек жетектеген топ иштеп чыккан.

Былтыр жыл этегинде бекитилген алфавит боюнча коңшу өлкөдө китептер чыгарылып, ал тургай айрым мамлекеттик ишканалар менен уюмдар аталышын ошого ылайыкташтырып жазып илип да алышкан. "Эми ага кеткен чыгымдарды ким төлөйт?" деген суроо социалдык сайттарда талкууга түштү.

"Актау шаарынын акимчилиги" деген жазуу.
"Актау шаарынын акимчилиги" деген жазуу.

Казакстан 2015-жылга чейин латын арибине толук өтүүнү ырааттуу ишке ашырат. Ага чейин гезит-журналдар, көчөлөрдүн аталыштары, бардык көрнөк-жарнактар латын тамгасында жазылышы керек.

1929-жылдан 1940-жылдарга чейин казактар латын арибинде жазышкан. 1940-жылдан тартып кириллицага өтүшкөн.

Айрым эксперттер Казакстан латын графикасына өтүү менен Орусиянын таасирин азайтууну көздөп жатканын белгилешет. Астана болсо өз чечимин Казакстанды дүйнөлүк коомчулукка интеграциялоо аракети менен түшүндүрүп жатат.

Казактар латын арибине кантип өтүп жатат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG