Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Жапондордон сабырдуулукту үйрөнгөн Гүлүмкан


Гүлүмкан Бектурова.
Гүлүмкан Бектурова.

Кыргызстандык эколог Гүлүмкан Бектурова Жапониянын Хигасихиросима шаарындагы Хиросима мамлекеттик университетинде билимин жогорулатууда.

Ал 2019-жылы JDS программасы аркылуу атайын сынак менен магистратурага тапшырып, утуп алган.

Гүлүмкандын Жапониядагы окуусуна жана жашоосуна бир аздан соң кайрылабыз. Гүлүмкан сөздү коронавирус шартында кантип жашап жатканынан баштады:

«Коронавирус пандемиясы маалында кыйынчылыктар сезилген деле жок, анткени биздин шаарда болгону эки кишиде аныкталып, оору жайылып кеткен жок. Коронавирус Кытай мамлекетинде аныкталган соң январдан баштап жапондорго алдын ала эскертме маалыматтар берилген. Адамдардын ортосунда эки метр аралыкты сактоо, колду тез-тез самындап жууп туруу эрежелерин кайра-кайра коомго жеткиришти. Чукул кырдаал жарыяланды. Мектептер, университеттер жабылып, онлайн окууга өттү. Мамлекеттик мекемелер үзгүлтүксүз иштеди.

Жапон өкмөтү илдетке каршы сезилерлик күрөш жүргүзүүдө. Почтама жума сайын анкета аркылуу сууролор келет. Абалыбызды сурап турушат. Өтө муктаж болбосоңор, эч ким менен жолукпай, сыртка көп чыкпагыла деп эскертишти. Мамлекет коронавируска каршы күрөшүү максатында ар бир тургунга 100 000 йен берилерин билдирди. Биздин үй-бүлөбүз да документтерди толтуруп тапшырдык, азырынча акчаны ала элекпиз. Каржылык жардам албетте зарыл. Анткени Жапонияда Кыргызстанга салыштырмалуу азык-түлүк кыйла кымбат. Мен окуган Хиросима университетинин президентинин буйругу менен сенсейибиз (профессорубуз) жума сайын абалыбызды сурап, кабардар болуп турат».

Гүлүмкан катышкан иш-чаралардын бири.
Гүлүмкан катышкан иш-чаралардын бири.

Гүлүмкан Жапонияга кетерде кыргыз өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунда иштеген.

«Жапония жана жапон эли маданияты жана тарыхы менен жүрөгүмдөн орун алды. Буга чейин Европанын жана Борбор Азиянын бир нече мамлекеттеринде болгом. Жапон элинин өзгөчөлүгү – сылыктыгында экен.

Кары-жашына карабай бири-бирине жүгүнүп турушат, кол кармашып учурашпайт. Аябай сабырдуу келишет экен. Башында мен буларды «жай кыймылдаган калк экен» деп ойлоптурмун. Көрсө, булар шашпай, жагдайды абдан анализдеп, анан иш кылат тура. Ошондуктан 99 пайызы ката кетиришпейт. Бул жерде жүрүп абдан шашма экенимди түшүндүм.

Менин сенсейим, түшүнүктүү кылып айтканда, профессорум негизги сабактарыбыздан тышкары Оксфорд жана дүйнөдөгү башка мыкты университеттердин профессорлору менен бизге онлайн лекция өткөрүп турат. Ошондой эле Токио университетинен жана башка чет мамлекеттен профессорлор да лекция окушат. Чынында бул жакта билим деңгээли абдан бийик».

Гүлүмкан Нарын шаарында төрөлүп, Чкалов атындагы орто мектепти аяктаган. Ата-энеси мамлекеттик кызматтарда иштеп, балдарынын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурганын белгилейт. Бишкек гуманитардык университетинин Экология жана менежмент, Жусуп Баласагын атындагы Мамлекеттик университеттин Юриспруденция факультеттерин аяктаган. Музыкалык мектептен комузду үйрөнгөн. Жапонияда окуйм деп сынак тапшырганда президентке караштуу Мамлекеттик академияда Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик башкаруу программасында окуп жүргөн эле.

«2018-жылы JDS (JICA) программасы жөнүндө угуп, сынакка документтеримди тапшырдым. Ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик академияда Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик башкаруу программасында магистратурада окуп жаткам. Сынак алты айга созулду.

Күнүм саат 6:00дө башталчу. Англис тили курсуна барып, андан кийин саат 9:00дөн 18:00гө чейин иште болом. Анан 18:20дан 21:10гө академияга окууга барып, кечинде 21:30да үйгө келчүмүн. Балдарыма тамак жасап, тапшырмаларын текшерип, уктатып, анан өзүм сабак окучумун. Мага жолдошумдун, бир туугандарымдын жана балдарымдын ишеничи, моралдык колдоосу чоң жардам берди. 2019-жылы сынакта утуп, 29-августта кыргызстандык 18 адамдын катарында мен да Жапонияга окууга келдим».

Гүлүмкан достору менен.
Гүлүмкан достору менен.

Гүлүмкан Бектурова эки кыз, бир уулдун апасы. Жапонияда үй-бүлөсү менен жашайт:

«Бул жерде үч балам мектепте окушат. Эртең менен окууга баратканда жакын жашаган балдар чогулуп бир тайпа болуп жөнөшөт. Тайпаны 3 класс өйдө окуган бала жетектейт, колуна мектептин желегин кармап алат. Ата-энелердин арасынан каалаган эки киши коштойт.

Балдар жолду кесип өтөрдө мектептин бир кызматкери жана бир милиционер сөзсүз чогуу болот. Машинелерди токтотуп, окуучуларды өткөрүп коюшат.

Мектепте окуучулар саат сегизден кечки төрткө чейин окушат. Негизги сабактардан тышкары бийлеп, музыкалык аспаптарда ойноону үйрөнүшөт. Дене тарбия сабагы кыздар жана эркек балдар үчүн өз-өзүнчө болот. Мектепти балдар өздөрү чоң танапис учурунда жууп, тазалашат. Бул чоң моралдык тарбияга ээ экен. Эгер бала өзү тазаласа, кайра булгабаганга аракет кылат. Түшкү тамак баланын курагына жараша, ден соолугу чың болушу үчүн атайын программа менен иштелип чыккан. Бардык окуучулар бир формада жүрүшөт. Мектеп курагындагы кыздарга чач боёп, сөйкө тагынууга тыюу салынган. Билим берүү мекемелеринде, ооруканаларда ыңгайлуу бут кийим кийишет. Туфли кийгендер дээрлик жок. Көбү кроссовка киет.

Баса, жапондор кечинде сыртка чыкса, колдорунда сөзсүз чакан чырак болот. Анткени бул мамлекетте мыйзам жакшы иштейт. Велосипедчен же унаада бараткан адам жөө жүргүнчүнү коюп кетсе, чоң айыпка жыгылат. Ошондуктан адамдар өздөрүнүн коопсуздугу жана башкалардын жоопкерчилиги үчүн колуна чырак кармап жүрүшөт.

Мага эколог катары жакканы – велосипедчендер көп. Машина айдагандар аз. Андан тышкары үйлөр жалаң электр энергиясы менен жылытылат. Ошондуктан абасы таза. Жапондор жолугушууларга эч качан кечигишпейт. Дайыма белгиленген убакыттан 15 мүнөт эрте барышат.

Гүлүмкан: чексиз кыялдангыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00

2019-жылдын ноябрь айында улуттар арасында маданий иш-чара болду. Кыргыздар улуттук кийимчен, тамак-ашыбызды жасап катыштык. Мен комуз черттим. Жапондорго аябай жакты. Биз менен сүрөткө түшүштү. Башка иш-чараларга да катышууга чакырышты. Токиого бармакмын. Ортодо пандемия чыгып, токтоп калды. Буюрса, жапон элине кыргыздар тууралуу маалымат жеткирүүнү уланта берем.

Салыштырып карасам, кыргыздар бир нерсени тез үйрөнөт. Коронавирус шарты менен караганда, моралдык жактан да туруктуу келерибизди байкадым.

Кыргызстанда аракетчил жаштарыбыз абдан көп. Мен аларга көп кыялданууну кеңеш берем, жакшы максат коюп, көп китеп окуп, чет тилдерин үйрөнгүлө. Сөзсүз ийгиликке жетесиңер».

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG