Буга 25-февралдагы алгачкы сот отурумунда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду.
Укук коргоочунун Жогорку соттогу алгачкы отурумуна эл аралык укук коргоо уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү да келди. Сот залына журналисттер киргизилген жок. Муну Жогорку соттун кызматкерлери залдын тардыгы менен түшүндүрүштү.
Жогорку соттун басма сөз кызматынын түшүндүргөнүнө караганда, мамлекеттик айыптоочу Аскаровдун кассациялык арызына кошумча даттануу бергенине байланыштуу жазык ишин биринчи инстанциядагы сотко кайтаруу тууралуу өтүнүч келтирди. Прокурор бул мыйзам талабы экенин жана кошумча даттануу жабырлануучу тарапка да жөнөтүлүшү керек болорун, ал иш менен таанышууга убакыт кетерин белгиледи. Кассациялык арызга кошумча даттануу 17-февралда берилген.
Сот курамы прокурордун өтүнүчү боюнча кеңешип, «ишти кайрадан биринчи инстанцияга жиберип, жараянды создуктурбаш үчүн аны кароо 6-апрелде улантылсын» деген бүтүмгө келди. Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов прокурорлордун талабын «формалдуу туура» деп баалады:
«Мен Аскаров мыйзамсыз отурганын түшүндүрүп жаздым. Ал даттанууну бардык тарапка беришим керек. Соттун азыркы бүтүмү «формалдуу туура» болду. Анткени мен жазган арыздын мазмунун жабырлануучу тарап, прокурорлор билиши керек».
Сотко Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова жана балдары катышты. Алар «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып «соттон жакшы чечим чыгарына үмүт кылып жатканын» айтышты.
«Жолдошум Азимжан эч кандай күнөө кылган эмес. Ал акыйкатты сүйлөп, элге жардам берип милицияга, сотко, прокурорлорго жаман көрүнгөндүктөн июнь окуясы анын камалып кетишине себеп болду. Жолдошумдун абалы жакшы эмес, мен жакында барып келдим. Ал 68 жашка, мен 63 жашка келдим. Жөн эле отурат».
Азимжан Аскаров Жогорку сотто иши башталардан мурда Кыргызстандын укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга түрмөдөн кайрылуу жиберген. Анда эч кандай күнөөсү жок экенин, кыргыз бийлиги эл аралык укук коргоо уюмдарынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгилеген.
Ал ортодо Жалал-Абад шаарында июнь окуясынан жабыркагандардын жакындары басма сөз жыйынын өткөрүп, Аскаровдун иши сотто каралып жатканына нааразы болушту. Алардын бири, "Санпа шейиттери" коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов мындай деди:
«Азимжан Аскаров 2010-жылдагы окуяга күнөөлүү. Биз нааразыбыз, аны чыгарбасын. Соттор мурунку өкүмдү күчүндө калтырса туура болот».
Аскаровдун иши - эл аралык коомчулук көз салып турган чуулгандуу сот жараяндарынын бири. Ал камалган күндөн тартып дүйнө жүзүндөгү укук коргоо уюмдары тынчсыздануусун билдирип, Аскаровдун ишин калыс кароого чакырып келатышат. Жакында эле «Human Rights Watch» эл аралык уюму дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары боюнча абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.
Укук коргоочу, «Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жогорку сот Азимжан Аскаровдун маселесине акыры чекит коюшу керек экенин белгиледи:
«2010-жылы оор кагылышуу болгон элдин жараты дагы эле айыга элек. Азимжан Аскаровду түшүнгөн-түшүнбөгөн бар. Көпчүлүк анын абдан жакшы укук коргоочу экенин билет. Билбегендер аны мыкаачы катары кабыл алып жатышат. Андыктан бүтүп келе жаткан жараны кайра сыйрыбастан эле 10 жыл отурган мөөнөтүн эсептеп туруп чыгарса болот. Саясатташтырса эч ким түрмөдөн чыкпайт. Саясаты жок укуктук талаада карап, чыгарыш керек».
2016-жылы 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти карап, 2010-жылдагы Базар-Коргон райондук сотунун «өмүр бою эркинен ажыратылсын» деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда. Камактагы укук коргоочу быйыл 69 жашка чыгат.