Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:35
Кыргызстан
Жалал-Абад: көчө кезип курсак тойгузган Ильяз
30-Декабрь, 2021
Талгат Абжалил уулу
Ошентсе да түрдүү иштерге жалданып иштеп жүрүп, көп ирет алданып калгандан кийин тилемчилик менен жан сактоого өткөн. Көчө кезип курсак тойгузган Ильяздын бир күндүк жашоосу сүрөттө.
1
Бул Ильяз Кадыров. Ал күнүгө Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде ары-бери өткөн автоунаалардын айдоочуларынан акча сурап, кардын тойгузат. Кайырчылык ага бала күндөн келаткан жан бакчу кесипке айланган.
3
Ал айрым күндөрү көз байланганга чейин тилемчилик кылат.
4
"Менин жашоом ушул темир жолго байланды. 10 жашымдан бери көчөдө жүрөм. Ушул жерден тапкан акчама курсагымды тойгузуп, көп акча түшүп калса апама жөнөтүп турам. Айылга барсам да көп тура албай, кайра кайтып келе берем".
5
Ильяз Кадыров алты бир туугандын ортончусу. Ата-энеси ажырашкандан кийин балдар үйлөрүндө тарбияланган. Кийин ал жерден качып кетип, көчөдө кайырчылык менен жан бакканга өткөн.
6
Ильяздын айтымында, ымыркайында менингит оорусуна чалдыгып, бир кол, бир буту жакшы иштебей калган.
7
Ар күнү таң атпай жолго чыгып, акча топтогон оңой эмес. Айдоочулардан жеме уккан күндөрү көп болот.
8
Ильяз тапкан 100 сом акчасына нан, суу алды да, бизди өзү жашаган эшик-терезеси жок үйгө ээрчитип барды. Бөлмөсүндө жука төшөк менен терезеде жуулбаган эки идиштен башка эч нерсе жок.
9
Илияз кароосуз калган үйдө бир нече айдан бери жалгыз жашап келет.
10
Жалал-Абад шаарындагы бош турган имараттардын бири.
12
Ильяз өзү теңдүүлөр сыяктуу эле кара жумушка иштеп, акча таап, үйлөнүп, балалуу болууну кыялданат. Буга чейин курулушта, жалданма жумуштарда жана койчу да болуп көргөн. Бирок акысын алалбай, токмок жеген күндөрү көп болгон.
13
Ильяз жаткан бөлмө. Бир жуурканга жамынып таң аттырат. Кышкысын суук болгондуктан башка жылуу жай издеп жүрөт.
15
Ильяз экөөбүз маек куруп отуруп кеч да кирди. Суук бөлмөдө жалгыз төшөктө кыштан чыгуу кыйын экени айтпаса да белгилүү. Тамтыгы чыккан тамдын жалгыз сырдашына айланган каарманыбыз, бизди узатып, кайрадан акча издеп көчөгө чыкты.
Талгат Абжалил уулу
"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы, Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган.
Жазылыңыз
Жалал-Абад: көчө кезип курсак тойгузган Ильяз
Сунуш кылынган арга.
27-ноябрь: Күйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго кымбаттады, Австралия балдарга соцмедианы чектөөнү көздөйт
Back to top
XS
SM
MD
LG