АКШ өкмөтү Ирандагы согушка жана Эболага байланыштуу Конгресстен кошумча 88 млрд доллар сурады
АКШ өкмөтү Конгресстен кошумча дээрлик 88 миллиард доллар бөлүүнү өтүндү. Ак үйдүн сайтындагы билдирүүгө ылайык, бул каражаттын негизги бөлүгү Ирандагы согушка жана Африкадагы Эбола вирусунун жайылышына байланыштуу "чукул муктаждыктарды" каржылоого жумшалат.
Сумманын 67 миллиард доллардан ашыгы аскердик чыгымдарга керектелет. Анын ичинен 21 миллиард доллар Пентагонго суралууда. Бул каражат АКШнын Коргоо министрлиги колдонгон ок-дарынын корун толуктоого, аскердик өнөр жайды чыңдоого жана маанилүү аскердик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жумшалмакчы.
АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессти 23-июнда Иран менен согушту токтотууга багытталган "аскердик ыйгарым укуктар" жөнүндө резолюция кабыл алганы үчүн сынга алды.
Социалдык тармактардагы билдирүүсүндө Трамп муну "азыркы учур үчүн жөнсүз жана маанисиз" деп атады.
Алгач Өкүлдөр палатасы кабыл алган, кийин Сенатта да колдоо тапкан резолюция президентти АКШ аскерлерин Иран менен кагылышуу аймагынан чыгарып кетүүгө милдеттендирет.
"Бул сенаторлор менин ишимди татаалдатышты, бирок мен дагы деле ийгиликке жете алам, анткени мен ар дайым өз максатымды ишке ашырам!" - деп нааразы болду Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында.
Ал "Иран бизге каалаган нерсенин баарын берүүгө даяр" болуп, Америка Кошмо Штаттарына жана өзүнө "терең урматын билдирип жаткан чакта" Сенат "азыркы учур үчүн жөнсүз жана маанисиз добуш берүү жүрүзүп, дүйнөдөгү терроризмдин башкы демөөрчүсүнө АКШда менин аракетимди жактырышпайт жана мен токтоп калышып керек дегенди көрсөткүсү келип жатканын" жазды.
Бул резолюция Трампка кол коюу үчүн сунушталбайт, ошондуктан юридикалык жактан алып караганда символикалык гана мүнөзгө ээ.
Резолюция боюнча добуш берүү демилгесин көтөргөн демократ сенаторлордун пикиринде, АКШнын Конгресси анын макулдугусуз согушту жандандыруу мүмкүн эмес экенин ачык билдириши керек болчу.
Акыркы айларда демократ сенаторлор Иран менен согушту токтотуу боюнча мыйзам долбоорлорун бир нече жолу добушка коюшкан, бирок республикачылардын каршылыгынан улам ишке ашпай калган.
23-июнда Вашингтондо Ливан менен Израилдин өкүлдөрүнүн жаңы айлампадагы сүйлөшүүлөрү башталат.
Reuters агенттиги жазгандай, Бейрут түз сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин билдирген.
Ливандын расмий өкүлдөрү Израил менен бетме-бет сүйлөшүүлөр март айынан бери уланып жаткан согушту токтотууга жардам берет деп эсептешет.
Бирок апрель айынан бери өткөн сүйлөшүүлөрдүн төрт жолку айлампасы туруктуу ок атышууну токтотуу келишимине алып келген жок.
Ливан сүйлөшүүлөрдө Израилдин түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кетүү мөөнөтүн талкуулоону көздөөдө. Бирок Израил бийлиги аскерлер азырынча аймакта кала турганын билдирип келет.
Өз кезегинде Израил сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты катары "Хезболланы" куралсыздандырууну жана Ливан менен толук кандуу тынчтык келишимине жетишүүнү атады.
Израил өкмөтүнүн өкүлү Давид Менцер Ливан менен келишим түзүүгө тоскоол болуп жаткан негизги фактор "Хезболла" экенин билдирди.
Иран колдогон "Хезболла" кыймылы Ливандын түштүгүнүн көп бөлүгүн көзөмөлдөйт. АКШ бул уюмду террордук деп эсептейт. Ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын террордук уюмдардын тизмесине киргизген, бирок саясий канатына мындай макам берген эмес.
Ливандагы таасирдүү куралдуу топ куралсыздануудан баш тартып, өкмөттү Израил менен түз сүйлөшүүлөрдү токтотууга чакырууда.
Эксперттердин пикиринде, АКШ менен Ирандын келишими аймактагы чыңалууну убактылуу басаңдатканы менен, Ливан менен Израилдин позицияларында азырынча олуттуу жакындашуу байкала элек.
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк мунай базарындагы продукциянын бир кыйла бөлүгү өтүп туруучу Ормуз кысыгы толугу менен ачылганын жарыялады.
"Кечээ кысык аркылуу мурдагы убакка караганда өтө көп өлчөмдө мунай өттү. Мунай оргумасы. Кысык толук ачык... Бизде дагы эки нерсе бар: кысык жана эч качан өзөктүк куралы болбой турган өлкө", - деди Трамп 22-июнда.
Иранга өзөктүк курал иштеп чыгуусуна тоскоолдук кылуу АКШ менен Израилдин кол салуусунун негизги себептеринин бири экени айтылган.
Reuters Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү, парламент спикери Мухаммад Багер Галибафтын Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу кеме кыймылына байланыштуу алакага бул стратегиялык маанилүү жолдо чатактарды жана жаңжалдарды болтурбоо үчүн макул болгону тууралуу айткан сөзүн келтирди.
Согуш, Ирандын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку уруусу, кысыктын жабылышы мунайдын дүйнөлүк базарда кескин кымбатташына жана глобалдык экономиканын төмөндөшүнө алып келди.
Financial Times гезити спутниктен алынган маалыматынын негизинде кысыктын жанында 441 танкер турганын эсептеп чыкты.
Ормуз кысыгынын ачылышы боюнча маселе Швейцариядагы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн көңүл борборунда турат.
Шерине