АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы аба соккулары ал «жетишет» деп айтканга чейин улана турганын билдирди. Ошол эле учурда Тегеран менен Вашингтон Ормуз кысыгын көзөмөлдөө үчүн күрөштө бири-бирине каршы чабуулдарын күчөтүүдө. Бириккен Улуттар Уюму бул кырдаал аймактагы жайкын тургундар үчүн «өтө чоң сокку» болуп жатканын белгиледи.
14-июлда Fox News телеканалына курган маегинде Трамп ошол күнү Тегеран менен сүйлөшүүлөр өткөнүн айтып, Иран жетекчилигин согушту токтото турган келишимге макул болууга дагы бир жолу чакырган.
АКШнын соккулары канча убакытка чейин уланары тууралуу суроого Трамп:
«Мен "жетишет" деп айтканга чейин улана берет», — деп жооп берди.
Ошондой эле ал Тегеран мунасага келбесе америкалык аскерлер сокку урушу мүмкүн болгон объектилердин тизмеси кеңейтилерин эскертти.
«Кийинки жумада алардын абалы кыйла начарлайт, анткени электр станцияларына байланыштуу иштер башталат. Кийинки жумада көпүрөлөр боюнча да иштер башталат», — деди Трамп.
«Эгер алар сүйлөшүүгө отурушпаса, биз алардын бардык электр станцияларын иштен чыгарабыз. Биз алардын бардык көпүрөлөрүн да иштен чыгарабыз», — деп кошумчалады АКШ президенти.
Ал тапта шаршембиде да АКШ Ирандагы аскердик жана инфраструктуралык объектилерге эки ирет сокку уруп, ошондой эле Перс булуңундагы танкерге чабуул жасады. Тегеран жооп катары Бахрейн менен Кувейттеги америкалык базаларды аткылады.
Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрдүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга эки жолу чабуул коюлганын 16-июлда билдирди.
Биринчисинде Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан Сирик порттук аймагындагы объектилерге чабуул коюлганы айтылды. Мындан тышкары, Ирандын Mehr агенттигинин маалыматына караганда, Бендер-Аббас ири портуна үч жолу абадан сокку урулду. Ал эми Кешм аралынын аймагында балык унун өндүргөн завод зыянга учурады.
Иран агенттиктеринин маалыматына караганда, Хузестан провинциясындагы Ахваз шаарында, Систан жана Белужистан провинциясындагы Раск шаарында жана Кенарак портунда жарылуу болуп, айрым объектилер бутага алынган.
Ал эми чабуулдардын экинчи толкунунда америкалык аскерлер, CENTCOM билдиргендей, Ирандын командалык пункттарына, аба соккуларынан коргонуу объектилерине, ракета жана учкучсуз системаларына, ошондой эле жээктеги байкоо объектилерине чабуул койду. Маалыматка ылайык, бул аракет соода кемелерине Ирандын коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн мындан ары да алсыратууга багытталган.
Жайкын тургундар арасында каза болгондор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
Ошондой эле АКШнын Куралдуу күчтөрү Перс булуңундагы ирандык портко бет алган бош мунай танкерине сокку урганы кабарланды. Америкалык тараптын маалыматы боюнча, Кюрасаонун желеги алдында сүзүп бара жаткан M/T Belma аттуу кеме Харк аралын көздөй бет алган. Танкер эскертүүлөргө баш ийбей койгондон кийин америкалык аскердик учак аны ракета менен атып, кемени жараксыз абалга келтирген.
АКШ Ирандын портторуна багыт алган же андан чыгып жаткан кемелерге каршы деңиз блокадасын 14-июлда кайра киргизген. Борбордук командачылыктын маалыматына ылайык, чектөөлөрдүн алгачкы суткасында эки коммерциялык кеме багытын өзгөртүүгө мажбур болуп, дагы бир кемеге карата чара көрүлгөн.
Иран буга жооп кылып Бахрейндеги менен Кувейттеги америкалык аскердик базаларга сокку урду. Ирандын IRIB басылмасынын маалыматына караганда, Бахрейндеги АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Бешинчи флотунун штаб-квартирасынын аймагында кеминде он жарылуу болду. Ал эми Mehr агенттиги Кувейттеги америкалык базада да жарылуулар катталганын жазды.
Америкалык базаларга жасалган чабуулдардан улам Сауд Арабиясы менен Иордания өз аба мейкиндигин жарым-жартылай жапты.
Ошондой эле ирандык маалымат каражаттары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун абадан коргонуу күчтөрү америкалык MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учакты атып түшүргөнүн кабарлашты.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади АКШ менен кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунда белгиленген шарттардын аткарылышына байкоо салуу үчүн жумуш топтору түзүлгөнүн билдирди. Дохада америкалык расмий адамдар менен түз эмес жолугушууларга катышкан дипломаттын айтымында, ал топтор тынчтык келишиминин долбоорун талкуулашат.
Гарибабади тараптар ошол форматтагы алгачкы сүйлөшүүлөрдүн убактысын жана жерин аныктоо боюнча арачылар аркылуу консультацияларды жүргүзүп жатканын, зарыл болгон шарттар аткарылганда кездешүүлөр башталарын кошумчалады.
ISNA кабар агенттигинин маалыматы боюнча, Дохадагы жолугушуудан кийин Иран, Катар жана Пакистандын делегация башчылары өзүнчө жыйын куруп, убактылуу макулдашууну ишке ашыруу жараянын талкуулашты.
Ирандык расмий өкүлдөр буга чейин Дохада тикелей сүйлөшүүлөр болбойт, америкалык чабармандар Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен кездешүүлөр пландалган эмес деп белгилешкен.
Вашингтондун делегациясы шейшембиде Катардын өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани менен жолугушту.
Маалыматка караганда, жыйында АКШ менен Иран ортосундагы диалогдун айланасында кеп болду.
Иран жакынкы күндөрү Америка Кошмо Штаттары менен эч кандай сүйлөшүү пландалбаганын билдирди.
Бул билдирүү АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран "жолугушууну өзү суранганын" жана сүйлөшүүлөр 30-июнда Катарда өтөрүн айткандан кийин жасалды.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи ушул аптада ирандык техникалык топ Катардын борбору Доха шаарына барарын билдирди. Анын айтымында, бул сапардын араб өлкөсүнө бара турган америкалык расмий өкүлдөргө эч кандай байланышы жок.
"Жакынкы күндөрү биз америкалык тарап менен эч кандай деңгээлде сүйлөшүү жүргүзбөйбүз. Америкалык өкүлдөрдүн Катарга барышынын ирандык делегациянын сапарына эч кандай тиешеси жок", - деп билдирди Эсмаил Багаи.
Анын бул билдирүүсү дем алыш күндөрү Америка Кошмо Штаттары менен Иран бири-бирине жооп иретинде сокку уруп, чыңалуу күчөгөн кезде жасалды.
Ага чейин 29-июнда АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына "Иран жолугушуу өткөрүүнү суранды. Ал эртең Дохада болот!", - деп жазган.
Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Левитт АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер Иран менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Дохага барарын билдирди.
"Атайын өкүл Уиткофф жана Жаред Кушнер ушул аптада Дохага жогорку деңгээлдеги жолугушууларга барат. Биз өз ара түшүнүшүү меморандумун талкуулоону улантып жатабыз. Ошол жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр алкагында техникалык жолугушуулар да өтөт", - деди ал 29-июнда Fox News телеканалына курган маегинде.
Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи ирандык техникалык топ Катардын банктарында эсеби жабылган 6 миллиард долларлык ирандык активдерди бошотуу маселесин талкуулоо үчүн Дохага бара жатканын билдирди.
Бул каражаттарды бошотуу маселеси 17-июнда Тегеран менен Вашингтондун ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунун бир бөлүгү болуп саналат. Документ бир нече айга созулган согушту токтотууга багытталган.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади 29-июнда техникалык жумушчу топтун ушул аптада жолугушуусу пландалбаганын билдирген.
"Катар менен консультациялар, анын ичинде экинчи тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын көзөмөлдөө маселеси боюнча сүйлөшүүлөр кадимки тартипте уланууда. Бирок айрым маалымат каражаттары жазгандай, Дохада жумушчу топтордун техникалык сүйлөшүүлөрү өтүп жатат деген маалыматты азырынча ырастоо мүмкүн эмес", - деди Казем Гарибабади Ирандын Tasnim News Agency агенттигине курган маегинде.
Анын айтымында, техникалык сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы тиешелүү шарттар түзүлүп, жолугушуу качан жана кайда өтө турганы макулдашылгандан кийин гана жумушчу топтордун алкагында өтөт. Бул маселеге байланыштуу арачы өлкөлөр аркылуу консультациялар уланууда.
Бул билдирүүлөр 28-июнда Иран америкалык өкүлдөр менен жолугушуудан баш тарткандан кийин жасалды. Тегеран муну АКШнын Иранга жасаган чабуулдар жана өз ара түшүнүшүү меморандумунун шарттары бузулганы менен түшүндүргөн.
"Себептердин бири - биз эсеби жабылган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон же болбогонубузду текшерүү. Эгер жетүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда бул шарт аткарылбаганын билдирет", - деди Ирандын жогорку лидери Али Хоменейинин кеңсесинин өкүлү Мехди Фазели.
29-июнда Иран президенти Масуд Пезешкиан учурда Катардын эсебинде турган ирандык активдер Тегеранга кайтарыларын жарыялады. Бирок америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, ушул убакка чейин Ирандын жабылган активдеринин эч бири бошотулган эмес.
Дем алыш күндөрү Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерин аткылаган. Ага жооп катары Америка Кошмо Штаттарынын күчтөрү деңиз каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ирандын жээктеги радардык жана аскердик объектилерине сокку урган.
28-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран алдыдагы 30 күндө Ормуз кысыгындагы кеме кыймылын көзөмөлдөөнү кайра өз колуна алганын билдирип, Иран бекиткен маршруттарды айланып өтүүгө аракет кылбоого чакырды.
"Ар кандай кийлигишүү же тең катар жолдорду түзүүгө аракеттенүү кырдаалды курчутуп, чыңалуу жаратып, стратегиялык жактан өтө маанилүү болгон бул суу жолунун кайра ачылышын кечеңдетет", - деди Аракчи. Ал ошондой эле кысыктагы жоопкерчилик толугу менен Иранга таандык деген позициясын дагы бир жолу кайталады.
Ошол эле күнү Иран АКШнын аскердик объекттерин бутага алып, Кувейт менен Бахрейндеги базаларга ракета жана дрондор менен чабуул койгон.
Бул окуядан бир аз мурда АКШ президенти Дональд Трамп эгер Тегеран ок атышууну токтотуу келишимин сактабаса, Вашингтон аскердик өнөктүгүн дагы күчөтүшү мүмкүн экенин эскерткен.
"Биз мындан ары сабырдуу боло албай калышыбыз мүмкүн", - деп жазды АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө. Ал Америка Кошмо Штаттары 28-февралда башталган операцияны "аскердик жол менен соңуна чыгарышы мүмкүн" экенин кошумчалаган.
Чыңалуунун күчөшү Вашингтон Ирандын аскердик объектилерине сокку ургандан бир нече саат өткөндөн кийин болду. АКШ бул чабуулдарды Ормуз кысыгындагы соода кемелерине каршы ирандык аракеттерге жооп катары түшүндүрдү.
АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгы билдиргендей, 27-июнда мунай ташуучу танкер ирандык дрондун соккусуна кабылгандан кийин америкалык күчтөр Ирандагы дрон сактоочу жайларды, радардык системаларды жана жээктеги байкоо инфраструктурасын бутага алган.
Трамп менен Иран президенти Масуд Пезешкиан согушту токтотууга багытталган акыркы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тараптарга 60 күн убакыт берген 14 пункттан турган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.
Учурдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Катар жана Пакистан Вашингтон менен Тегерандын ортосунда арачы катары иш алып барууда.
Убактылуу келишим февралдын соңунда АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынан кийин башталган кагылыштарды токтотуу, кеңири сүйлөшүүлөр уланып жаткан маалда Ормуз кысыгын коммерциялык кеме каттамдары үчүн кайра ачуу максатын көздөгөн.
"АКШ менен Иран чабуулдарды токтотуп, сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону макулдашты", - дейт расмий өкүл
(Маалымат АКШнын расмий өкүлүнүн "Эркин Европа/Азаттыкка берген комментарийлерин эске алуу менен жаңыртылды)
АКШ менен Иран бири-бирине каршы чабуулдарды токтотууга, сүйлөшүүлөрдү кайра улантууга жана Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарынын коопсуз жүрүшүн камсыз кылууга макулдашты. Бул тууралуу АКШнын расмий өкүлү 28-июнда "Эркин Европа/Азаттыкка" билдирди.
"Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун бардык багыттары боюнча техникалык сүйлөшүүлөр улантылат. Азырынча эки тарап тең аскердик аракеттерди токтотот жана кемелер [Ормуз кысыгы аркылуу] эркин өтө алышат", - деди ал.
Ошол эле учурда Axios басылмасы дагы бир америкалык расмий өкүлгө шилтеме берип, тараптар 30-июнда Катардын борбору Дохада жолугушууну пландап жатканын жазды.
«Биз бардык кинетикалык аракеттерди токтотуу чечимин кабыл алдык", - дейт Axios америкалык аткаминерге таянып. "Кинетикалык аракеттер" термини адатта ракеталык жана аба соккулары сыяктуу түз аскердик операцияларды билдирет.
Эгер бул макулдашуу сакталып калса, акыркы айлардагы чыңалуудан кийин АКШ менен Ирандын ортосундагы эң олуттуу деэскалация болуп калат. Ошондой эле дүйнөлүк мунай ташууларынын маанилүү жолу болгон Ормуз кысыгындагы абалды турукташтырууга жардам бериши мүмкүн.
Шерине