АКШ менен Иран акыркы тынчтык келишимине алып барчу жол картасын макулдашты
Пакистандык жана катарлык арачылар 22-июнда билдиргендей, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү аяктап, жаатташкан тараптар 60 күн ичинде акыркы тынчтык келишимине жетүү үчүн жол картасын макулдашты. Ага Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүнү кепилдөө жана Ливандагы согуштук аракеттерди токтотуу да кирет.
Катар менен Пакистан тараткан биргелешкен билдирүүдө конкреттүү маалыматтар аз берилди. Келишим, сыягы, өткөн аптада АКШ менен Ирандын президенттери кол койгон Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда (MOU) жарыяланган максаттарды чагылдырат.
Ал меморандумдагы 14 пункттан турган макулдашуунун көптөгөн шарттары так чечмеленбей калган . Бул маселелер акыркы макулдашууда такталганбы же жокпу - азырынча белгисиз.
Билдирүүдө расмий сүйлөшүүлөр Швейцариянын Бүргеншток курорттук шаарчасында аяктаганы, бирок делегациялар алдыдагы жума ичинде техникалык деңгээлдеги кошумча сүйлөшүүлөрдү уланта турганы айтылат.
Швейцариянын Бүргеншток шаарында АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду 80 мүнөттөй талкуудан кийин аяктады.
Бул тууралуу ирандык Fars, ISNA агенттиктери жана "Аль-Жазира" телеканалы жазды.
Пакистан жана Катардын арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр ички кеңешүүлөр үчүн убактылуу токтотулду.
Америкалык делегацияны АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жетектейт. Ирандын атынан сүйлөшүүлөрдү парламент спикери Мухаммад Багер Галибаф жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи жүргүзүүдө. Ыктымал макулдашуунун параметрлерин түзүү үчүн техникалык, эксперттик жана көзөмөл топтору түзүлдү.
Tasnim агенттигинин маалымдашынча, Ирандын өкулдөрү сүйлөшүүлөр алдында америкалык делегация менен чогуу сүрөткө түшүүдөн, кол алышуудан баш тартышты.
"Аль-Жазиранын" тасмаларында Ирандын жана АКШнын делегация өкүлдөрүнүн Пакистан арачылары менен кол алышып учурашып жатканы тартылган.
Вэнс биринчи раунддун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, тараптар Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы макулдашууга, Израил "Хезболла" согушкер тобуна каршы операциясын улантып жаткан Ливандагы кырдаалга байланыштуу дагы бир катар маселелерди чечүү керек. Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.
Tasnim агенттиги сүйлөшүүлөргө катышып жаткан топко жакын булагына шилтеме кылып, Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн Ливандагы согушту токтотуу жана ирандык мунай менен мунай заттарды экспорттоого уруксат берүү шарттарын койгонун маалымдады.
Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга Ормуз кысыгында чектөө киргизчү болсо, Иран өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп алышы ыктымалдыгын эскертти.
Tasnim агенттигинин булагы маалымдагандай, Ирандын өкүлдөрү сүйлөшүү учурунда Трамптын бул эскертүүсү үчүн Америка тарапка каршылыгын билдиришкен. Вашингтон бул маалыматтарды комментарийлеген жок.
21-июнда АКШ, Иран, Катар жана Пакистандын делегациялары Люцерн көлүнүн жээгиндеги саммитке чогула баштады. Бул соңку апталардагы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтырууга багытталган эң маанилүү дипломатиялык аракетке айланышы мүмкүн.
Саммит өтүп жаткан жерден "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, АКШ менен Ирандын ортосунда 60 күндүк ок атышууну токтотууну караган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (MOU) аткарылышына арналган расмий сүйлөшүүлөр жакынкы сааттарда башталганы турат.
Тараптар сүйлөшүүлөр эртеси дагы уланышы мүмкүн экенин моюнга алышууда. Бул күн тартибиндеги маселелердин өтө татаалдыгын жана ок атышууну токтотуу режими туруксуз экенин көрсөтүп турат.
Саммитте Вашингтон менен Тегерандын желектеринин жанында Катар менен Пакистандын желектери илинип турат. Дал ушул эки өлкө макулдашууга жетишүүдө арачылык ролду аткарды.
Негизги көңүл Ирандын өзөктүк программасына жана чыңалууну басаңдатуу механизмдерине бурулганы менен, сүйлөшүүлөр бир нече багытта жүрөрү айтылууда. Өзүнчө жыйындарда Ливандагы кырдаал жана Ормуз кысыгындагы деңиз коопсуздугу сыяктуу аймактык чыңалуу дагы талкууланат. Израил менен Ливан сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышпаганы менен, экөөнүн жаңжалы талкуулардын жүрүшүнө олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Эң акыркы болуп Пакистандын өкүлдөрү келишти. Премьер-министр Шехбаз Шариф менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн башчысы, фельдмаршал Асим Мунир 21-июнда Швейцарияга келип, сүйлөшүүлөргө катышары күтүлүүдө.
Бул учур өзгөчө маанилүү. Израил менен Ливандын ортосунда болгону эки күн мурда күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишими азыртан эле олуттуу сыноого кабылып жатат. Ливандын бийлигинин маалыматында, соңку 48 саатта Израилдин соккуларынан 67 адам каза тапкан. Ал эми "Хезболланын" чабуулдарынан Израилдин беш аскери мерт болгон. Ошондон кийин Израил аскердик операцияларын убактылуу токтотту. Бирок премьер-министр Биньямин Нетаньяху келечекте кандай гана коркунуч болбосун, ага жооп кайтарыла турганын билдирди.
"Хезболла" - Ливандын түштүгүнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн куралдуу топ жана ошол эле учурда саясий партия. АКШ аны террордук уюм деп эсептейт. Ал эми Европа Биримдиги "Хезболланын" куралдуу канатын гана террордук уюмдардын тизмесине киргизген.
Бул жагдай Вашингтон менен Тегеран сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда да аймактагы чыңалуунун күчөшү дипломатиялык жараянды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты.
Дагы бир олуттуу талаштуу маселе - Ормуз кысыгы. АКШ менен Иран дүйнөлүк энергетикалык рынок үчүн өтө маанилүү болгон бул деңиз жолу толук ачуу керекпи же жокпу деген маселеде бир пикирге келе элек. Серепчилердин айтымында, Тегеран бул маселени сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө басым көрсөтүүчү рычаг катары колдонушу мүмкүн.
"Бул ирандыктар мындан ары да колдонууга аракет кыла турган көзүр", - деди сүйлөшүүлөргө жакын аймактык серепчилердин бири.
Ошентсе да, Люцернге келген расмий өкүлдөр этият оптимизмди билдиришүүдө. Вашингтон менен Тегеран бири-бирин ок атышууну токтотуу келишиминин айрым шарттарын бузду деп айыптап жатканы менен, дипломаттардын айтымында, эки тарап тең жаңжалдын кайрадан кеңири масштабдагы согушка айланып кетишине жол бербөөгө кызыкдар.
"Бул эми гана башталышы", - деди АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна. "Эсиңизде болсун, алдыда дагы 58 күн бар".
Люцерндеги сүйлөшүүлөр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга түрткү болорун же согуш талаасында чечилбей калган маселелердин оордугунан улам ийгиликсиз аяктарын аныктайт.
АКШ менен Ирандын макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрү кайра өз нугуна түштү. Бир күн мурда ал үзгүлтүккө учураган эле. Учурда эки тараптын жогорку деңгээлдеги делегациялары Швейцарияга чогулууда.
Бул сүйлөшүүлөр согуш маалында жетишилген, али бекемделе элек меморандумду жөнгө салуу үчүн чечүүчү баскыч болушу мүмкүн.
Дипломатиялык аракеттер швейцариялык жана катарлык расмий өкүлдөрдүн чукул кийлигишүүсүнүн натыйжасында мүмкүн болду.
Швейцариянын Федералдык кеңешинин мүчөсү Игнацио Кассис Бүргенштокто Катардын премьер-министри Мухаммад бин Абдуррахман бин Жассим Аль Тани менен кеңешүүлөрдү өткөрдү.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна (RFE/RL) маалым болгондой, сүйлөшүү процессин сактап калуу аракеттерине пакистандык арачылар, ошондой эле Вашингтон менен Тегерандын жогорку даражалуу жардамчылары да тартылган.
20-июнга карата Швейцариянын Бүргеншток курортунда техникалык адистер жолугушууларга даярдыкты кайра баштады. Ошол эле күнү Берн сүйлөшүүлөр уланып жатканын расмий тастыктады.
"Швейцария АКШ менен Ирандын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (MOU) аткарылышына байланыштуу Бүргенштоктогу сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү үчүн мурдагыдай эле купуя жана ишенимдүү аянтчаны камсыздоону улантууда", - деп билдирди Швейцария өкмөтү. Бирок кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.
Кийинчерээк Вашингтон да, Тегеран да өздөрүнүн сүйлөшүүчүлөрү Швейцарияга барарын ырасташты.
Буга чейин, 19-июнда, жогорку даражалуу аткаминерлер журналисттерге жолугушуу өтүшү ыктымал экенин билдиргенден бир нече саат өткөндө сүйлөшүүлөр кийинки мөөнөткө жылып кеткени кабарланган.
АКШ делегациясын жетектери айтылган вице-президент Жей Ди Вэнс сапарын кийинкиге жылдырып, Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү азырынча өтпөй турганын ырастаган.
Иран жолугушууну дароо өткөрүүнүн "зарылдыгы жоктугун" билдирип, баштапкы өз ара түшүнүшүү меморандумга (MOU) санариптик түрдө эле кол коюлганын, ал эми кийинки этап мурда макулдашылган шарттардын аткарылышына жараша болорун билдирген.
20-июнга карата швейцариялык Бүргеншток курортунда техникалык адистер жолугушканы белгилүү болуп, Берн сүйлөшүүлөр дагы эле уланып жатканын расмий ырастаган.
"Швейцария АКШ менен Ирандын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү меморандумунун (MOU) аткарылышына байланыштуу Бүргенштокто өтүп жаткан сүйлөшүүлөр үчүн мурдагыдай эле купуялуулукту сактаган жана ишенимдүү аянтчаны камсыздоону улантууда", - деген Швейцария өкмөтү.
Кийинчерээк Вашингтон да, Тегеран өкүлдөрү сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барарын ырасташкан.
Шерине