Ормуз кысыгы жума күнү ачылганы кабарланды. АКШ ирандык портторду бөгөттөө токтогонун, анын артынан Иран соода кемелеринен 60 күн акы алынбай турганын билдирди.
Мунай менен газдын маанилүү маршрутунун жабылып калышы дүйнөлүк экономиканы ири кризистин кырына кептеген. Ошол эле маалда талдоочулар кара май өндүрүүнү калыбына келтирүүгө көп убакыт кетерин белгилешет.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы жума күнү ачыларын жарыялаганы менен мунай менен газдын маанилүү маршрутунда бейшембинин кечинен бери жандануу байкала баштады.
“Келишимге жума күнү кол коюлуп, минадан тазалоо үчүн кысык ачылгандан кийин мунай аймактын булуң-бурчуна жана бүтүндөй дүйнөгө ташыла баштайт!” - деп жазган Трамп.
18-июнга караган түнү Трамп жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ жана Иран ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон.
Президенттин билдирүүсүнөн кийин АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын портторун бөгөттөө токтогонун, кемелер кысыктан эркин өтө аларын жарыялады:
“Америкалык аскерлер кемелердин Перс жана Ормуз кысыктарынан ирандык портторго өтүүсүнө тоскоолдук кылбайт. АКШнын блокаданы сактоого багытталган чаралары токтотулду”.
Маалыматка караганда, америкалык аскердик кемелер макулдашуунун аткарылышына көз салуу үчүн аймакта кала бермекчи.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс бейшембинин кечинде бир суткада Ормуздан 12 жарым миллион баррел мунай ташылып өткөнүн айткан. Бул – согуш башталгандан берки эң жогору көрсөткүч. Вэнс Ирандын аскерлери кысыктагы кемелерге эки түндөн бери чабуул койбогонун белгиледи.
Вице-президент кошумчалагандай, өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан кийинки 60 күндүн ичинде тынчтык келишимин даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.
Алгачкы кездешүү 19-июнда Швейцарияда өтөрү айтылган. Бирок логистикалык маселелерге байланыштуу Вэнс ага бара албай калганы, сүйлөшүүлөр кийинкиге жылганы маалымдалды.
18-июнда Ирандын улуттук коопсуздук кеңеши Ормуз кысыгынан каттаган соода кемелеринен 60 күн акы алынбай турганын билдирди.
Анын текстин IRINN телеканалынын алып баруучусу эфирден окуп берди:
“Билдирүүдө өзгөчө абалды жана бул маршруттагы айрым коопсуздук тобокелдиктерди эске алуу менен, кыймылдын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктарды болтурбоо максатында кемелер алдын ала белгиленген убакытта өтүп турууга тийиш. Муну менен кара май ташуунун көлөмүн бара-бара көбөйтүүгө шарт түзүлмөкчү”.
Согушка чейин Ормуздан кара май менен газдын 20 процентке жакыны ташылчу. Аймакта уруш тутангандан кийин глобалдык экономика ири кризистин кырына кептелген. Арийне, эксперттер кысык ачылганы менен мунай рыногу калыбына келгиче дагы далай убакыт талап кылынарын эскертишет.
Эл аралык энергетикалык агенттиктин (IEA) маалыматы боюнча, Перс булуңундагы өлкөлөр кара май өндүрүүнү 45 процентке азайтууга аргасыз болгон. Аналитиктердин пикиринде, өндүрүштү мурдагы деңгээлге жеткирүү үчүн эмки жаз, атүгүл жай айларын күтүүгө туура келмекчи.
Согуш башталганда мунайдын бир баррели 100 доллардан ашкан. Меморандумга кол коюу күнү жакындаган сайын баа төмөндөп отуруп, бейшембиде Брент маркасынын бир баррели 78 долларга сатылып жатты.
Кыргызстан АКШ менен Иран тынчтык келишимине келгенин кубаттады
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимине жетишүүнү кубаттай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 18-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал “Ынтымак ордо” келишимге жетишүүгө катышкан тараптарга, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөсү Пакистанга ыраазычылык билдирерин белгиледи.
“Пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринин негизинде саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салууну ырааттуу жактаган Кыргыз Республикасы келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтык орнотууга өбөлгө болот деген үмүтүн билдирет”, - деп жазды Алагөзов.
17-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан февралдын аягынан бери Жакынкы Чыгышта уланып жаткан жаңжалды токтотууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга эки башка жактан кол коюшканы белгилүү болгон.
АКШнын президенти Дональд Трамп 17-июнда Францияда өткөн «Чоң жетинин» (G7) саммитинен кийин Париждин четиндеги Версаль сарайында документке кол коюп жатып, «Бул оңой болгон жок», - деп айтты.
Анын алдында Ак үй администрациясынын өкүлдөрү G7 Эвиандагы бийик жолугушуусунда журналисттерди 14 пункттан турган меморандумдун тексти менен тааныштырышкан.
Документте апрелде жарыяланган ок атышпоо режими дагы 60 күнгө узартылганы айтылат. Бул аралыкта тараптар толук элдешүү тууралуу макулдашууга тийиш.
Трамп жана Вашингтон администрациясы бул меморандум экенин, анын шарттары Иран “өзүн жакшы алып жүрсө гана” аткарыларын белгилеп жатышат.
"Алар макулдашууну же документке камтылбаган айрым шарттарды урматтабаса... бул – өз ара түшүнүшүү меморандуму гана экенин айтуу зарыл. Биз айрым маселелерди макулдашканбыз, бирок алар текстке жазылган жок. Алар ошол милдеттенмелерин аткарбаса, балким бомбалоолорго кайтабыз жана аткармайынча улантабыз. Бомбалар эмне гана кыла албайт, билесиңерби", - деп билдирген Дональд Трамп.
18-июнда Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги президент Масуд Пезешкиандын да келишимге кол коюп жаткан сүрөттөрүн жарыялады.
Көп узабай Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи документ «эки өлкөнүн президенттеринин колу коюлгандан кийин толук күчүнө киргенин» ырастады:
"Ушул текстке кол коюлгандан кийин 60 күндүн ичинде биз документтин айрым пункттарын ишке ашырууга байланышкан бир катар деталдардын жана санкцияларды жумшартуу жана өзөктүк программа сыяктуу абдан маанилүү маселелердин үстүнөн иштешибиз керек".
Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф эки өлкөнү жана президенттерди меморандумга кол коюлганы менен куттуктап, келишим дароо күчүнө киргенин билдирди.
Келишимге ылайык, алгачкы кадам катары Иран Ормуз кысыгын кайра ачат, ал эми АКШ деңиз блокадасын алат.
Андан тышкары бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда согушутук аракеттер токтоого тийиш. АКШ региондогу өнөктөштөр менен бирге Иранды кайра куруу жана экономикалык өнүгүүсү үчүн кеминде 300 млрд долларлык фонд түзүүгө убада кылды.
Меморандумда Тегеранга каршы санкциялар алынып салып, Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек деген шарттар айтылган.
1979-жылкы Ислам революциясынан бери АКШ жана Ирандын президенттери кандайдыр бир келишимдерге кол койгон эмес.
Дүйнө лидерлери меморандумду кубатташууда.
Трамп менен Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу меморандумуна кол коюшту
АКШ президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан февралдын аягынан бери Жакынкы Чыгышта уланып жаткан жаңжалды токтотууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга эки башка жерден кол коюшту.
Макулдашууга Трамп 17-июнда Францияда өткөн «Чоң жетинин» саммитинен кийин Версал сарайында кол койгон.
Ак үй жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон X социалдык тармагында бөлүшкөн видеодо Дональд Трамптын документке кол коюп жаткан учуру көрсөтүлгөн.
«Бул оңой болгон жок», - деди Трамп документке кол коюп жатып.
Бул учурда иш-чаранын кожоюну болгон Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана жыйынга катышкан башка коноктор кол чаап турушту.
18-июнда Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги президент Масуд Пезешкиандын да келишимге кол коюп жаткан сүрөттөрүн жарыялады.
Сүрөттөрдө Ирандын президенти кол коюлган документти камераларга көрсөтүп турганы көрүнөт. Анда Иран президентинин да, АКШ президентинин да кол тамгалары бар экени байкалат.
Кийинчерээк Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи документ «эки өлкөнүн президенттеринин колу коюлгандан кийин толук күчүнө киргенин» ырастады.
Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф келишим дароо күчүнө киргенин билдирди.
Келишимге ылайык, алгачкы кадамы катары Иран Ормуз кысыгын кайра ачат, ал эми АКШ өзүнүн деңиз блокадасын алат.
Шерине