Шейшембиде бир катар маалымат каражаттары, арасында Bloomberg агенттиги жана саудиялык Al Arabiya телеканалы АКШ менен Иран жума күнү кол коет делген меморандумдун чоо-жайын жарыялашкан.
Маалыматка караганда, ачыкка чыгып кеткен документке согуштук аракеттерге чекит коюу, америкалык деңиз блокадасын алуу, АКШнын аскерлерин региондогу кошуна өлкөлөрдөн чыгаруу, Иранды калыбына келтирүүгө 300 млрд доллар бөлүү шарттары жана Ислам жумуриятынын өзөктүк курал жасабоо милдеттенмеси камтылган.
Вашингтон жана Тегеран бул кабарларды расмий ырастаган жок.
15-июнда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Иран өз милдеттенмелерин аткарса, Мексика булуңундагы өлкөлөрдүн коалициясы түзгөн кайра куруу фондунан 300 млрд доллар бөлүнүп берерин айткан.
Ак үй билдиргендей, ошол милдеттенмелердин алкагында Тегеран атомдук программасынан баш тартууга, байытылган урандын запастарын жок кылууга жана эл аралык текшерүүчүлөрдү кабыл алууга тийиш.
Ирандыктардын айрымдары макулдашууну кубатташса, башкалары жашоосунун оңолоруна анча ишенбейт.
АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү илгерилегени тууралуу кабар тарары менен шейшембиде мунайдын Брент маркасынын бир баррели 80 долларга түштү.
Америкалык президент Дональд Трамп глобалдык кара май менен газдын дээрлик 20 проценти ташылган Ормуз кысыгы жума күнү толук ачыларын билдирген.
Баалар АКШ менен Иран өз ара түшүнүшүү меморандумуна жакындаганы маалымдалгандан кийин төмөндөй баштаган. Буга карабай мунайдын маркердик же эталондук баасы согушка чейинки деңгээлден жогору калууда.
17-июнда деңиз кыймылын чалгындоо менен алектенген TankerTrackers мониторинг тобу Ирандын улуттук танкер компаниясына таандык дээрлик эки кеме АКШнын блокадасына карабай 3,8 миллион баррел мунай ташып өткөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Иран эки ай ичинде алгачкы жолу өзүнүн кара майын сыртка алып чыкты.
Дагы бир танкер жети жума Пакистандын экономикалык тилкесинде турууга аргасыз болуп, эми Иранга кайтууда.
Ошол эле маалда көптөгөн компаниялар АКШ менен Ирандын ортосунда олуттуу келишим түзүлгүчө транзитти бир нече жумадан кийин жандандырууну чечти. Алар Ормуздагы навигация бир эле түндө ачылбайт, андан көрө этият болуу зарыл деген позицияны карманат.
Башкалары келишим иштеп жатканын өз көзү менен көргөндө гана кемелер кысыктан эркин өтө аларына ишенишерин айтышат. Эксперттер эң жагымдуу сценарийде да кризистин кесепеттерин жоюуга бир нече жума, атүгүл бир нече ай талап кылынарын белгилешет.
"Энергетикалык рыноктор туш болгон көйгөйлөр кеминде быйылкы жылдын этегине чейин сактала берет. Себеби айрым мунай иштетүүчү заводдордун ишин кайра жандандыруу жана карай май ташыган жолдорду калыбына келтирүүгө убакыт керек. Андан тышкары региондогу геосаясий абал жакшырган күнү да, рынок дароо мурдагыдай иштебейт", - дейт саудиялык Al-Eqtisadiah гезитинин редактору Мохаммед ал-Биши.
Келишимге жума күнү Швейцарияда Жей Ди Вэнс жана Иран делегациясынын башчысы, парламенттин төрагасы Мохаммад Бакер Калибаф кол коймокчу.
АКШ-Иран макулдашуусунун чоо-жайы ачыкталды
Америкалык жогорку мамлекеттик кызматтагы аткаминерлер Иран менен жетишилген, 19-июнда Швейцарияда расмий кол коюлушу керек болгон алкактык макулдашуунун мазмунун ачыкка чыгарышты.
Журналисттерге 17-июнда телефон аркылуу окуп беришкен текстке ылайык, өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин өтүүсүн жандантууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз бөгөттөөсүн токтотууну камтыйт.
Макулдашууга расмий кол коюудан кийин тараптар Ирандын өзөктүк программасын чектөөнү жана АКШнын Ислам республикасына санкцияларын алышын камтыган толук бүтүмүнө 60 күн ичинде жетишүүгө милдеттүү.
"Негизинен, бул келишим бизге Ормуз кысыгын токтоосуз ачууга мүмкүнчүлүк берет, ирандыктарды өзөктүк куралын жок кылууга милдеттендирет, андан кийин кырдаалды көзөмөлдөөгө бизге шарт түзөт", - деди жогорку деңгээлдеги аткаминер.
АКШ менен Иран алкактык келишимге 15-июнда электрондук түрдө кол коюшкан.
Келишим АКШ менен Ирандын ортосундагы акыркы жылдардагы эң ири дипломатиялык жетишкендик жана бир нече айга созулган согуштан, деңиз чыр-чатактарынан жана аймактык ортомчулардын катышуусу менен бейрасмий сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлдү.
Ирандын айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын 11-июндагы билдирүүлөрүнө караганда, эртең менен айрым аймактарда жарылуу болду, бирок бул маалымат расмий тастыктала элек. Жарылуу Сирик, Бандар-Аббас, Кешм аймактарында, Харк аралында угулганы кабарланууда.
Ошондой эле борбор калаа Тегерандын айланасындагы Абъек, Карчак, Минаб, Назарабад, Кереж шаарлары, мындан башка да аймактар, Шираз, Эштехард да аталууда.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалымат кызматы 11-июнда тараткан кабарда Кереж менен Назарабаддын жанында, Тегерандын батыш жагындагы Алборз провинциясында аскердик казармалардын аймагы, өнөр жай комплекси, борбор калаанын түштүк-чыгышындагы Пишва уездиндеги база бутага алынганын маалымдады.
АКШнын Борбордук командачылыгынын 11-июндагы билдирүүсүндө Ирандын аскердик байкоо жүргүзүү каражаттарына чабуул коюлганы маалымдалды. Ошондой эле байланыш системалары, өлкөнүн жалпы аймагындагы абадан жасалуучу соккулардан коргонуу объектилерине да сокку урулганы айтылды.
Кошмо Штаттар Иранга катары менен экинчи түнү сокку урду. WSJ билдиргендей, соккулар инфраструктурага эмес, аскердик объектилерге гана багытталган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу чабуулдардын эки толкуну менен жооп кайтарды.
Биринчисинде ирандык аскерлер 18 объектиге, анын ичинде Кувейттеги эки америкалык базага сокку урганы айтылган. Экинчи чабуулда Иран Иорданиядагы ал-Азрак аскердик базасына 12 баллистикалык ракета учурган.
Иран кыргын салуучу F35, F15, F16 учактары жана мындай учактар жайгашкан бир топ жерди "жок кылганын" билдирди.
Бул билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Кувейт 11-июнда эртең менен аба мейкиндигин жаап, бир катар учак каттамдарын башка аэропортторго багыттады.
АКШ президенти Дональд Трамп 10-июнда Fox News каналына курган маегинде ирандык жогорку кызматтагы аткаминерлер ага бомбалоону токтотууну суранып чалышканын айткан. Трамп эгер Тегеран жакынкы арада тынчтык келишимине кол койбосо АКШ эскалацияга даяр экендигин эскертип, Иранды "жер менен жексен кылышы" ыктымал экенин айтып коркуткан.
Пентагондун башчысы Пит Хегсет "президент Трамп күткөн келишимдин түзүлүшүн камсыз кылуу шарттарын түзүүгө даяр" экенин айтып, Иранга каршы соккулар ошону "камсыз кылууга багытталган" деп билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи 10-июнда X социалдык тармагында Тегеран "эч бир кол салууну же коркутууну жоопсуз калтырбайт" деп билдирген. "Эгер коопсуз болгуңар келсе биздин аймактан кеткиле", - деп жазган ал.
АКШнын аскерлери 10-июндун кечинде Ирандын аймагына кайрадан сокку урду. Бул тууралуу Американын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.
"АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү коргонуу максатында Ирандагы бир нече бутага башкы командачынын буйругу менен кошумча соккуларды ура баштады. Бул чабуулдар Ирандын негизсиз жана уланып жаткан агрессиясына жооп, — деп жазылган маалыматта.
Соккулар Американын президенти Дональд Трамп Тегеранды үч айдан ашкан согушту токтотууга багытталган келишимге келбесе, "катуу зыян тартарын" эскерткенден бир нече саат өткөндөн кийин болду.
Бир күн мурда АКШ Apache тик учагынын кыйрашына жооп кылып Иранга коргонуу максатында сокку урганын жарыялаган. Анын алдында президент Дональд Трамп Вашингтон тик учактын атып түшүрүлгөнүнө жооп кайтарууга аргасыз болорун билдирген.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын бери дегенде алты районунда жардыруулар болгонун жазып чыгышты.
Axios өз булактарына шилтеме кылып, буталардын баары Ирандын түштүгүндө жайгашканын, абадан коргонуу, радар системалары, дрондорду башкаруу бөлүктөрү соккуга кабылганын жазды.
CENTCOM кийинчерээк Иранга соккулар аяктаганын жарыялады. Тегеран буга жооп кылып Американын Бахрейн жана Кувейттеги базаларына сокку урганын маалымдады.
Сөз болгон базалар бир күн мурда да бутага алынган.
Шерине