Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөдө интернеттин тышкы дүйнө менен байланышын кайрадан калыбына келтирүүнү буйруду. Бул тууралуу 25-майда Ирандын мамлекеттик Fars маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, буга "интернеттин калк үчүн ачыктыгына кайтып келүүнү" колдоп добуш берген жумуш тобунун чечими негиз болду. Санарип блокаданы токтотуунун так мөөнөтү айтылган жок.
Жергиликтүү маалымат каражаттары буга чейинки кабарларында чектөөнүн токтотулушу 5-июнь болушу мүмкүн экенин жазышкан.
Глобалдык санарип желе Иранда бийликтин чечими менен быйыл 28-февралда АКШнын жана Израилдин чабуулдарынан улам тутанган тирештен кийин бөгөттөлгөн. Ошондон бери 90 миллиондон ашуун калкы бар Иранда катардагы жарандар мамлекет уруксат берген гана сайттарды ача алуучу "жергиликтүү интернет" менен колдонуп келатышат.
Быйылкы жылдын январь айында да өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялары тутанган учурда Иранда интернет аябай чектелген.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын (CENTCOM) өкүлү Тим Хокинс америкалык аскерлер Ирандын түштүгүндөгү "бутага сокку урганын" билдирди.
"Америкалык аскерлер Ирандын түштүгүндө коргонуу максатында, биздин жоокерлерди ирандык күчтөрдөн туулган коркунучтардан коргоо үчүн сокку урду", – деген Хокинстин сөзүн ABC жарыялады.
Анын айтымында, бутага мина коюуга аракеттенген ракеталык жабдуулар жана кайыктар алынды. Борбордук командачылык "элдешүү уланып жаткан шартта сабырдуулукту көрсөтүү менен АКШнын аскерлерин коргоону улантууда" деп билдирди Хокинс.
"Ал-Жазира" телеканалынын маалыматына караганда, бул соккулардан кийин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгында чоо-жайы ачык айтылбаган кемеге чабуул коюп, бир нече аскер каза тапты.
Ирандын маалымат агенттиктери буга чейин Бандар-Аббас шаарында жарылуу болгонун жазышкан. Кийинчерээк жарым-жартылай расмий Mehr агенттиги "кырдаал толук көзөмөлгө алынды" деп жазды. Тегеран соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Чабуул Ирандын делегациясы Дохага барып, Катардын премьери менен жолугушуп жаткан учурда болду.
Reuters сапар тууралуу маалыматы бар аткаминерге шилтеме берип, тараптар Ормуз маселесин, Ирандагы байытылган урандын корун, АКШ менен акыркы чечимге келүүнүн алкагында Ирандын камактагы каражаттарын чыгарууну талкуулаганын кабарлады.
The New York Times буга чейин америкалык чиновникке таянуу менен Вашингтон менен Тегеран Ормуз кысыгын ачуу боюнча келишимге жетишкенин, бирок азырынча деталдарын макулдаша электигин жазган.
The Washington Post болсо өз булактарына шилтеме берип, Иран менен эч кандай келишим түзүлө электигин, тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум боюнча гана келишимге келгенин маалымдады.
Бир күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Soсial социалдык түйүнүнө Иран менен сүйлөшүүлөр "жакшы жүрүп жатканын" жазган. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 25-майда Индиядагы сапарында Иран боюнча иштер аягына чыга электигин билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын согушту токтотуу боюнча сунушка жообун "кабыл алынгыс" деп баалады.
Жекшембиде Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Ирандын өкүлдөрүнөн келген жооптуу окуганын жазды.
«Ал мага жакпады. Такыр кабыл алынгыс!» — деди Трамп.
Бирок ал Американын планынын мазмуну кандай экенин, ага Иран эмне деп жооп кайтарганын тактаган жок.
Америка президентинин бул билдирүүсү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын деген Tasnim маалымат агенттиги Тегерандын шартын жарыялагандан кийин жасалды.
Аталган агенттик анда Иран өзүнө каршы санкцияларды жокко чыгарууну, АКШнын деңиздеги курчоосун токтотуу, мындан аркы кол салуулар болбойт деген кепилдик талап кылганын жазган.
Tasnim Тегерандын сунушунда Ирандын бардык аймагында, анын ичинде Ливанда согушту токтотуу талабы камтылганын кошумчалады.
Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары Тегеран согушта келтирилген зыян үчүн компенсация жана Ормузга көзөмөлдү расмий таанууну да талап кылганын кабарлашты.
Тегеран АКШнын согушту токтотуу боюнча соңку сунушун алып, аны менен таанышып жатканын 7-майда кабарлаган. Ирандын мамлекеттик ISNA агенттиги Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи ал сунушта кабыл алынгыс айрым жоболор бар экенин айтканын билдирген.
Багаи “акыркы чечим кабыл алынгандан кийин” Тегеран өз позициясын сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистан аркылуу жеткирерин айткан.
Кошмо Штаттары өз сунушун расмий жарыялаган эмес. Маалымат каражаттары Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөргө жол ачышы мүмкүн делген жана 14 пункттан турган меморандум тууралуу сөз болуп жатканын жазып чыккан.
Марко Рубио: АКШ Ирандын жообун күтүп жатат
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргендей, Вашингтон жаңжалды токтотууга багытталган сунушуна Тегерандын жообун күтүп жатат.
"Биз алардан бүгүн кандайдыр бир жооп күтүүдөбүз… Бул олуттуу сунуш болот деп үмүттөнөм", - деди Рубио 8-майда Римге сапары учурунда.
Рубио Ирандын Ормуз кысыгын көзөмөлгө алуу аракетин сынга алды. Маалыматтарга караганда, Тегеран бул маанилүү деңиз жолунан өтүү үчүн атайын уруксат берүүчү орган түзгөн.
"Иран эми эл аралык суу жолун өзүнүкү деп эсептеп, аны көзөмөлдөөгө укуктуу экенин айтууда… Бул кабыл алынгыс аракет, аны кадыресе көрүнүшкө айлантууга аракет кылып жатышат", - деди ал.
Рубио Перс булуңундагы акыркы аскердик аракеттер тууралуу маалымат берип, 7-майда Иран АКШнын согуштук кемелерин аткылагандан кийин америкалык күчтөр жооп кайтарганын билдирди.
Иран өз кезегинде жаңжал АКШ кемелери Ормуз кысыгына жакын жерде ирандык жарандык танкерге сокку ургандан кийин башталганын айтууда.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШны "дипломатияны алсыратууда" деп айыптады. Ал X платформасында "дипломатиялык чечимге жакындаган сайын АКШ “ойлонулбаган аскердик авантюраны” тандайт" деп жазды.
Шерине