Иран: АКШнын соккуларынан кийин беш деңизчи дайынсыз жоголду
Минаб шаарынын губернатору билдиргендей жүк ташуучу кеме АКШ сокку урганда талкаланып, өрттөнүп кеткен. Натыйжада беш экипаж мүчөсү дайынсыз болууда.
Мохаммад Радемехр 8-майда ирандык ЖМКларга билдиргендей, кемеде жалпысынан 15 деңизчи болгон. Алардын ону ооруканага жеткирилген, ал эми калган экипаж мүчөлөрүн издөө иштери уланууда.
АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгы 8-майдын таңында жооп катары Ирандын аскердик объектилерине сокку урган.
Дональд Трамп Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө Иран бул окуяда чакан кайыктарды, ракеталарды жана дрондорду колдонгонун айтып, "чабуулчулар жок кылынды" деп жазды.
Ирандын аскерлери болсо АКШ кемелерине жана Ормуз кысыгына Саудия тарапткан кирип бараткан дагы бир кемеге сокку урганын билдиришти.
Иран Оман булуңундагы мунай танкерин кармаганын билдирди
Иран медиасы Оман булуңундагы OCEAN KOI мунай танкерин өлкөнүн деңиздеги аскер күчтөрү кармаганын кабарлады.
8-майда ирандык медиа каражаттары танкер Ислам Республикасына таандык мунай жүктөрүн ташып баратканын, "аймактык шартты колдонуу менен Ирандын мунай тармагындагы кызыкчылыгын жана экспортту үзгүлтүккө" учураткысы келгенин жазып чыгышты.
Февраль айында АКШнын Финансы министрлиги ушундай эле аталыштагы танкерди Ирандын мунай жана мунай өнүмдөрүн экспорттоого шек санап санкцияга илген.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары танкердин "аймактык кырдаалды пайдаланганы" тууралуу кеңири маалымат берген жок, ошондой эле анын качан жана кайсы жерден кармалганы да так айтылбады.
Бирок Ирандын IRIB мамлекеттик телеканалы куралчан адамдар чакан кайыктардан танкерге чыгып жаткан видеокадрларды көрсөттү.
1 500 кеме жана 20 миңден ашуун деңизчи Ормуз кысыгында камалып калды
Иран Ормуз кысыгын блокадага алгандан улам, Перс булуңунда 1 500дөй кеме жана алардын экипаждары курчоодо калганын БУУнун Эл аралык деңиз уюмунун уюмунун башчысы билдирди.
"Азыркы тапта болжол менен 20 миң деңизчи жана 1500гө жакын кеме камалып турат", - деди уюмдун баш катчысы Арсенио Домингес Панамада өткөн деңиз конвенциясында.
28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы аба соккуларын баштагандан кийин, Тегеран Перс булуңундагы АКШнын өнөктөштөрүнө ракета жана дрондор менен сокку уруп, кысыкты блокадага алган. Согушка чейин дүйнөдөгү мунай менен газдын болжол менен 20 пайызы ушул кысык аркылуу өтчү.
Курчоодо калган деңизчилер "башка өлкөлөрдүн пайдасы үчүн күн сайын өз ишин аткарып жаткан бейкүнөө адамдар", бирок алар "өздөрүнө көз каранды эмес геосаясий кырдаалдын курмандыгы болуп, тузакта калышты", - деди Арсенио Домингес.
Анын журналисттерге билдиришинче, кемелерге урулган 30дан ашуун чабуулдун натыйжасында "он деңизчи каза болгон".
4-май күнү АКШ президенти Дональд Трамп камалып калган кемелерди коштоп өтүү жана кысыкты кайра ачуу үчүн деңиз операциясын баштоону жарыялаган. Бирок кийинчерээк Вашингтон Тегерандан тынчтык сунушуна жооп күтүп жаткандыктан, бул аракетти убактылуу токтотту.
7-майда АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгы америкалык аскерлер "коркунучтарды жоюп", Ормуз кысыгында бараткан америкалык кемелерге каршы багытталган ирандык күчтөр учкучсуз учактарды, ракеталарды жана чакан кайыктарды жок кылганын билдирди.
"7-майда АКШнын куралдуу күчтөрүнө таандык аскердик кемелери Ормуз кысыгы аркылуу Оман булуңуна өтүп жатканда америкалык аскерлер Ирандын чабуулдарына өзүн коргоо максатында жооп кайтарды", - деп жазды Башкы башкармалык Х социалдык түйүнүнө.
Билдирүүдө кысыктан өтүп бараткан АКШнын куралдуу күчтөрүнө таандык USS Truxtun, Rafael Peralta жана Mason кемелерине ирандык күчтөр "көптөгөн ракета, учкучсуз учак жана чакан кайыктарды" кое бергени, бирок бир дагы америкалык техникага зыян келбегени айтылат.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгы билдиргендей, алар "АКШ күчтөрүнө каршы чабуул жасаган Ирандын аскердик объектилерин - ракеталык жана дрон учуруучу жайларды, башкаруу жана көзөмөл борборлорун, ошондой эле чалгындоо жана байкоо түйүндөрүн бутага алып, кирип келе жаткан коркунучтарды жок кылышкан".
АКШ президенти Дональд Трамп кийинчерээк ABC News телеканалына курган маегинде Иранга жооп иретинде урулган соккуларды "олуттуу эмес" деп мүнөздөп, 7-апрелде жарыяланган ок атышууну токтотуу режими дагы эле "күчүндө" экенин жана сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты.
Социалдык тармактагы билдирүүсүндө Трамп АКШнын кемелерине "эч кандай зыян келтирилбегенин", бирок "көптөгөн чакан кайыктарга олуттуу зыян келтирилгенин" жазды.
Ал Иранды "акылсыз адамдар башкарат" деп, эгер аларга өзөктүк куралды колдонууга мүмкүнчүлүк берилсе, "аны колдонушары шексиз" деп айтты. Трамп "эгер келишимге тез арада кол коюлбаса, биз аларга мындан да катуу жана агрессивдүү сокку урабыз", - деп билдирди.
Бир күн мурда АКШнын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөрү АКШнын портторго койгон блокадасын бузууга аракет кылган Ирандын желеги алдындагы кемеге сокку урганын билдирген. Тегеран бул чабуулдарды ок атышууну токтотуу келишимин бузуу катары баалаган.
Ирандын жарым-жартылай расмий Fars News Agency агенттиги билдиргендей, Ормуз кысыгындагы Кешм аралындагы порттун айрым бөлүктөрүнө белгисиз күчтөр чабуул коюшкан.
"Иран куралдуу күчтөрү менен душмандын ортосундагы атышуулар учурунда Бахман портунун коммерциялык бөлүктөрү жабыркады", - деп билдирген агенттик.
Жээкте жашаган тургундар да социалдык тармактарда жардыруулардын үнүн укканын билдиришкен. Кешм аралындагы күбөлөр деңиздин үстүнөн жаркылдаган учкундарды көрүшкөнүн жана жарылуулардын үнүн укканын айтышкан.
Fars News Agency агенттиги "душман" менен атышуу болгонун, анын натыйжасында Кешмдеги пирстердин бири жабыркаганын билдирди.
Tasnim News Agency да Бендер-Аббас порт шаарында бир нече жардыруунун үнү угулганын кабарлады.
Маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн болгон жок. Бирок бул окуялар АКШ президенти Дональд Трамп Иран бийлиги АКШ сунуштаган тынчтык келишимин кабыл албаса, кайрадан сокку уруларын эскерткен учурга туш келди.
Тегеран болсо АКШнын сунушун карап жатканын жана жоопту пакистандык ортомчулар аркылуу берерин билдирди.
Шерине