Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги билдиргендей, Тегеран Пакистандын ортомчуларына АКШ менен сүйлөшүү боюнча жаңы сунуш берди.
Сунуш 30-апрель күнү кечинде берилгени кабарланууда жана анын мазмуну белгисиз.
The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча, план согуштук аракеттерди токтотууга жана Ормуз кысыгын кайра ачууга багытталган деп болжолдонууда.
Ал эми Ирандын өзөктүк программасы боюнча деталдуу сүйлөшүүлөр кийинки этапка жылдырылат.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи маегинде “согушту токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтык” Тегерандын АКШ менен болгон ар кандай сүйлөшүүлөрүндөгү башкы артыкчылыгы бойдон каларын айтты.
CBS телеканалынын маалыматына караганда, ортомчулар сунушту АКШга берди. Пакистандын дипломаттары жаңы сунуш тынчтык келишимине жетүүгө көмөк болорун билдиришти.
Ак үй жаңы сунуш боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Кийинчерээк, 1-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жаңы сунушуна канааттанбай турганын айтты.
Буга чейин ал эгер Тегеран сүйлөшүүнү кааласа “байланышка чыкса болорун”, бирок адегенде өзөктүк курал жасоо пландарынан баш тартууга тийиш экенин белгилеген.
АКШнын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу боюнча Тегерандын соңку сунушуна наарызылыгын билдирди. «Азаттык» менен маектешкен жогорку расмий өкүлдүн айтымында, мындай реакцияны планда Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз болбогону жаратты. Америкалык администрация жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү үчүн уранды байытууну катуу көзөмөлдөө жана чектөө маселесин камтышы керек деген позицияны карманат.
27-апрелде Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Трамп коопсуздук боюнча кеңешчилери менен Ирандын жаңы сунушун талкуулаганын ырастаган. Ушу тапта ок атышууну убактылуу токтотуу режими иштеп жатат.
Тегеран жаңы план тууралуу маалыматты бышыктай элек. Axios басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, Ислам жумурияты АКШ Ормуз кысыгынын блокадасын алууга тийиш жана өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр кийинки мөөнөткө жылсын деген шарт койгон.
Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио дүйшөмбүдө Fox News телеканалына берген интервьюда азыркы жаңжалды жөнгө салууда өзөктүк маселе борбордук орунду ээлерин билдирди. Мамлекеттик департаменттин жетекчиси Ирандын башында радикалдуу лидерлердин турганы өзү эле кооптонуу жаратарын, бирок Тегерандын өз таасирин өлкөнүн сыртында жайылтуу аракети ого бетер каматама кыларын белгиледи.
Ирандын бийлиги атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатканын четке кагууда. Ошол эле маалда уранды жарандык максаттар үчүн зарыл болгон деңгээлден жогору байытпоо талабына көнбөй жатат.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц 27-апрелде АКШ Иран менен болгон согушта так стратегияга ээ эмес экенин айтып, жаңжал жакын арада бүтпөшү мүмкүн экенин эскертти.
«Ирандыктар күтүлгөндөн күчтүүрөөк болуп чыкты, ал эми америкалыктардын ишенимдүү стратегиясы көрүнбөйт», — деди Мерц Марсберг шаарындагы мектепте жасаган билдирүүсүндө.
Ал мындай жаңжалдардын негизги көйгөйүн да белгиледи. Мерцтин айтуусуна караганда, «мындай жаңжалдардан кантип чыгууну да билиш керек». Ал Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарды мисал келтирди.
«АКШ бул жаңжалга так стратегиясыз кирди. Учурда абдан татаал кырдаал түзүлдү жана бул бизге чоң чыгым алып келүүдө. Бул жаңжал биздин экономикалык көрсөткүчтөргө түз таасирин тийгизип жатат», — деди Фридрих Мерц,
Ал Германиянын Ормуз кысыгын кайра ачууга жардам берүү үчүн миналарды тазалоочу кемелерди жөнөтүү сунушу күчүндө экенин айтты. Бирок ал бул согуш аяктаганда гана ишке ашарын белгиледи.
Январь айында Иранда жалпы өлкө боюнча өткөн нааразылык акциялары күч менен басылган соң, Мерц Ислам республикасынын бийликти сактап калуу үчүн зомбулук колдонушу режимдин аяктап баратканынын белгиси экенин айткан. Ал мындай билдирүү жасаган алгачкы жогорку деңгээлдеги эл аралык саясатчылардын бири болгон.
Ормуз кысыгы жабылгандан кийин ал Евробиримдик санкцияларды жеңилдетүүгө даяр экенин да билдирген.
Ал арада 27-апрелде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен санкцияларды алып салуу Иран «негизги өзгөрүүлөргө» барган шартта гана мүмкүн болорун айтып, азырынча аларды жеңилдетүүгө «эрте» экенин белгиледи.
Ливандын бийликтери жекшембиде Израилдин аба соккуларынан 14 киши каза болуп, дагы 37 адам жараат алганын кабарлашты. Анын алдында Израил Ливандын жети калаасынын жашоочуларын "буфердик зонадан" чыгып кетүүгө үндөп, эскертүү тараткан.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлгөндөр арасында эки жаш бала, эки аял бар экенин, Израил өзү тараптан бир аскер мерт болгонун билдиришти.
Израил армиясы "ок атуууну токтотуу келишиминин шарттарын бузду" деп Батышта террорчул уюм деп таанылган ХАМАСты айыптап, жети калаанын тургундарын түндүк жана батыш тарапка көчүп кетүүгө үндөгөн.
ХАМАСтын аскерлери негизинен Израил аскердик операция жүргүзүп жаткан Ливандын түштүк тарабында жайгашкан.
Шерине