Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29
Америкалык F-35C истребители. Жакынкы Чыгыш, кайсы жер экени так белгисиз
Америкалык F-35C истребители. Жакынкы Чыгыш, кайсы жер экени так белгисиз

Жакынкы Чыгыш: АКШ менен Иран бири-бирине сокку урду

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.

Көңүл чордонунда:

  • 7-майда АКШнын Башкы башкармалыгы билдиргендей, Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында АКШнын аскер-деңиз кемелерине ракета, дрон жана чакан кайыктар менен чабуул койгондон кийин, Ирандын бир катар аскердик объектилерине сокку урду.
  • Ошол эле күнү БУУнун Эл аралык деңиз уюмунун башчысы билдиргендей, Иран Ормуз кысыгын блокадага алгандан кийин Перс булуңунда 1500дөй кеме жана алардын экипаждары камалып калган.
  • Иран акыркы АКШ сунушун карап жатканын билдирди. Айрым булактардын айтымында, бул сунуш согушту токтотууга багытталган, бирок бир катар негизги маселелер дагы эле ачык бойдон калууда.
12:20 24.4.2026

АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ливан атышууну токтотуу режимин дагы үч жумага узартууну макулдашканын билдирди. Анын айтымында, бул чечим Ак үйдө эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынды. Алгач 16-апрелде жарыяланган келишим 26-апрелде аякташы керек болчу.

“Жолугушуу абдан жакшы өттү!” - деп жазды Трамп 23-апрелде Truth Social тармактагы баракчасына. Ал ошондой эле АКШ Ливанга “Хезболладан” коргонууга” жардам берүү үчүн аны менен кызматташууга ниеттенип жатканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө Ливандын атынан анын АКШдагы элчиси Нада Хамаде Моавад, ал эми Израил тараптан элчи Ехиэл Лейтер катышты. Трамптын айтымында, америкалык тараптан жолугушууда вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана АКШнын Израилдеги жана Ливандагы элчилери болгон.

Трамп жакынкы апталарда Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана Ливандын президенти Жозеф Аунду кабыл алууну кааларын билдирди. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ал журналисттерге Иран “Хезболланы” каржылоону токтотууга тийиш экенин айткан.

Ок атышууну токтотуу режимин узартуу Израил-Ливан чек арасындагы чыңалуу сакталып жаткан учурда ишке ашууда. Келишимге карабастан Түштүк Ливанда кагылышуу жана соккулар уланып, тараптар бири-бирин макулдашуунун бузулушуна айыптап келишкен.

Иран колдоп келген “Хезболла” – Ливандагы куралдуу топ жана ошол эле учурда саясий күч. АКШ аны террордук уюм деп эсептейт, ал эми Евробиримдик анын аскердик канатын гана санкциялык тизмеге киргизген.

20:54 17.4.2026

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ливан менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишими сакталып жаткан маалда Ормуз кысыгы бардык соода кемелери үчүн “толугу менен ачыларын” билдирди.

Бул жарыядан аз өтпөй АКШнын президенти Дональд Трамп ыраазычылыгын айтып, ошол эле маалда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жетишмейинче Ирандын порттору бөгөттөлө берерин белгиледи.

“Ормуз кысыгы толугу менен ачылды жана бизнес жүргүзүүгө, тоскоолдуксуз өтүүгө даяр. Бирок Иранга гана тиешелүү аскердик-деңиз блокадасы Иран менен келишим 100% аяктамайынча алынбайт”, - деп жазды Трамп Truth социалдык тармагына.

АКШ президенти “маселелердин көпчүлүгү макулдашылганын”, жакын арада кырдаалдын жөнгө салынарын күтөрүн айтты.

Израил менен Ливандын атышууну 10 күнгө токтотуу тууралуу макулдашуусу 17-апрелге караган түнү күчүнө кирди.

АКШ менен Иран 11-апрелде Исламабадда сүйлөшүү өткөргөн. Тегерандын атомдук программасы жана Ормуз кысыгындагы кыймылды жандандыруу өңдүү негизги маселелери боюнча мунаса жетишилбей, АКШ ирандык портторду бөгөттөй баштаган.

АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралдан бери Тегеран дүйнөдөгү мунай менен газдын 20 пайыздайы ташылган Ормузду иш жүзүндө жапкан.

8-апрелде АКШ менен Иран эки жумалык жарашуу жарыялашкан. Ислам жумуриятынын расмий өкүлдөрү Израилди Ливанга сокку урууну токтотууга үндөп келишкен жана бул убактылуу макулдашуунун бир бөлүгү экенин айтышкан.

Вашингтон жана Тел-Авив Ливан ал келишимге камтылбаганын билдиришкен.

20:54 17.4.2026

Трамп Иран менен келишимге жакындашканын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы согушка чекит коюу келишими жакын арада түзүлүшү, делегациялар алдыдагы дем алышта Исламабадда кездешиши мүмкүн деп билдирди.

Анын айтымында, эмки жумада соңуна чыгып жаткан 15 күндүк атышпоонун мөөнөтү узартылышы ыктымал. Трамп Тегеран тынчтык келишимин каалап жаткандыктан узартуунун кажети калбайт деп белгиледи.

“Мындан ары эмне болорун байкайбыз. Бирок Иран менен келишимге жакындадык деп ойлойм”, - деп айткан Трамп макулдашууга кол коюлса Исламабадга барышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ошол эле маалда Ирандагы булактар алдын ала келишимди жактыруу үчүн адегенде тараптардын “олуттуу пикир келишпестиктерин” жоюу керектигин Рейтер агенттигине айтышты. Маалыматка караганда, жума күнү Пакистандын баш калаасына кетчү жолдордо аскерлер топтолгонун көрүүгө болот. Бирок жергиликтүү ишкерлерге буга чейинки кездешүүнүн алдындагыдай болуп дүкөн, кеңселерди жабуу көрсөтмөсү берилген жок.

АКШ менен Иран 11-апрелде сүйлөшүү өткөргөн. Тегерандын атомдук программасы жана Ормуз кысыгындагы кыймылды жандандыруу өңдүү негизги маселелери боюнча мунаса жетишилбей, АКШ ирандык портторду бөгөттөй баштаган.

15:42 13.4.2026

АКШ Ирандын санкцияга кирген мунайын сатып алган же саткан бардык тараптарды «катуу жоопко тартат». Бул тууралуу Кошмо башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Тодд Бланш билдирди.

Анын билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамп стратегиялык Ормуз кысыгын блокадага алуу чечимин жарыялагандан кийин жасалды.

Бланш социалдык тармактагы билдирүүсүндө кошумча маалымат берген жок

Трамптын алгачкы билдирүүлөрүнөн кийин АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) блокада кысыкты толук жабуу эмес экенин тактады.

Маалыматка караганда, Ирандын портторуна кирген жана чыккан бардык деңиз каттамдарын бөгөттөө каралууда.

Трамп АКШ армиясы блокаданы 13-апрелде чыгыш убактысы боюнча саат 10:00дө (Иран убактысы боюнча 17:30да) баштай турганын ырастады. Ал флотко Иранга кысыктан өтүү үчүн акы төлөгөн кемелердин баарын аныктап, кармоону тапшырды.

Ирандын делегациясын Исламабаддагы сүйлөшүүгө баштап барган парламенттин спикери Мохаммад Бакер Калибаф Тегеран коркутууларга моюн сунбайт, "биздин эркибизди сынап көрүшсүн, мында да олуттуу сабак алышат” деп жооп берди. Анын сөздөрүн Ислам жумуриятынын мамлекеттик медиасы жарыялады.

Сакчылар корпусунун деңиз флотунун командачылыгы "душман" Ормуз кысыгында жаңылыш кадамдарга бара турган болсо, аеосуз жооп кайтарыларын эскертти жана ал жолду Ирандын куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп жатканан белгиледи.

Ирандын делегациясынын мүчөсү, тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ оюндун эрежелерин улам өзгөртүп жатканын сындады:

"47 жылдан берки жогорку деңгээлдеги интенсивдүү сүйлөшүүлөрдө Иран согушка чекит коюу үчүн АКШ менен ак ниетинен кызматташты. Бирок Исламабад меморандумуна бир карыш кадам калганда максимализм, эержелердин өзгөртүлүшүнө жана блокадага туш болдук”.

Кээ бир талдоочулар ондогон жылдан бери касташып келаткан эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү алгачкы бетме-бет жолугушууда мунаса табышары алдын ала эле күмөндүү болчу деп санашат. Анткени Тегеран менен Вашингтондун позициялары өтө айырмаланат жана шарттары менен талаптары суу кечпейт деп белгилешет.

Иран менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашынан улам жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал күчөшү мүмкүн деген кооптонуулардан кийин 13-апрелде мунайдын баасы жана доллардын курсу жогорулады.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Brent мунайынын 13-апрелде эртең менен болжол менен 7,5 пайызга өсүп, бир баррели 102,37 долларга жетти.

Ошол эле учурда коопсуз актив катары мурда кымбаттаган алтындын баасы болжол менен 2% төмөндөдү. АКШнын мамлекеттик облигацияларына да басым күчөдү.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG