Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

AI: Иранда 23 бала өлтүрүлгөн


«Эл аралык мунапыс» уюму жарыялаган Иранда былтыр күздө өлтүрүлгөн балдардын сүрөттөрү.
«Эл аралык мунапыс» уюму жарыялаган Иранда былтыр күздө өлтүрүлгөн балдардын сүрөттөрү.

«Эл аралык мунапыс» уюму билдиргендей, Ирандын коопсуздук күчтөрү ноябрь айындагы өкмөткө каршы акцияларды басууда кеминде 22 баланы өлтүрүшкөн. Уюм буга байланыштуу бир топ далилдерди чогулткан.

Балдардын сөөктөрү жерге берилип жатканын чагылдырган сүрөттөрдү, видеолорду, алардын ата-энелеринин, жакындарынын айтып бергендерин чогулткандан кийин «Эл аралык мунапыс» уюму Ирандагы өткөн күздө болгон толкундоодо кеминде 23 бала өлтүрүлгөн деген жыйынтыкка келген. Далилдерди чогултууга укук коргоочулар жана журналисттер да жардам беришкен.

Топтолгон маалыматка караганда, 12-17 жаштардагы эркек балдар жана 8-12 жаштагы секелек кыздар 16-17 ноябрь күндөрү атып өлтүрүлгөн. Мындай окуялар Исфахан, Фарс, Керманшах, Хузестан, Курдистан провинцияларында жана Тегерандагы демонстрацияларды басуу маалында болгон.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм бул тууралуу 4-мартта атайын билдирүү таркатты. Анын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча өкүлү Филип Лютер балдардын өлүмү боюнча «көз каранды эмес жана бейтарап» иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана кылмышка баргандар менен аларга буйрук бергендерди жоопко тартууга чакырды. Лютер Иран бийлиги демонстрацияларды кандай гана баа менен болсо да басыш үчүн ушундай кадамдарга чейин барганын сынга алды.

Ирандагы демонстрациялар маалында.
Ирандагы демонстрациялар маалында.

Иранда былтыр ноябрда эмне болгон?

Иранда элдин нааразы болуп көтөрүлүп чыгышына бензиндин баасын көтөрүү жана май куюуга чектөө киргизүү боюнча өкмөттүн чечими себеп болгон. 15-ноябрда башталган нааразылык акциялары кийин тоз-тополоңго айланган.

Бир катар май куюучу жайлар, банктар, дүкөндөр талкаланып, ири зыян келтирилгени кабарланган.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи болсо демонстранттарды «баш кесерлер» деп атап, баш аламандыктын артында чет өлкөлүк душмандар, анын катарында АКШ да турганын айтып, аларды айыптаган.

Толкундоону күч менен басууда жүздөгөн адам курман болгонун эл аралык уюмдар кабарлаганы менен расмий Тегеран алардын санын алда канча азайтып көрсөткөн. Маселен, «Эл аралык мунапыс» уюму Иранда 200дөн ашык адам ажал тапканын кабарласа, «New York Times» басылмасы 450 киши мерт болгонун билдирген.

Иран бийлиги 12 демонстрант жана коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрү тоз-тополоңдо, кагылышууларда өлгөнүн, 600дөн көп киши кармалганын билдирген.

Тегерандын «эки жүздүүлүгү»

Өкмөткө каршы митингдер башталганда Ирандын бийлиги Интернетти дээрлик толук тосуп салган. Ал эми Кошмо Штаттардын Иран боюнча атайын өкүлү Брайн Хук «Интернетти жаап коюп, социалдык тармактарды пайдаланууну уланткан» Тегеран режиминин эки жүздүүлүгүн сынга алган. Андан мурда Вашингтон Интернеттеги «масштабдуу цензура» орнотуудагы ролу үчүн Ирандын байланыш министри Мохаммад Жавад Азари Яхромиге санкция салган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG