Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Иран-Ирак кызматташтыгы талкууда


Хасан Роухани менен Бахрам Салих.
Хасан Роухани менен Бахрам Салих.

Ирандын президенти Хасан Роухани биринчи жолу Багдадга расмий сапар менен барды. АКШнын Иранга карата санциялары күчүндө турганда эки өлкөнүн жетекчилиги мындан аркы кызматташтыкты талкуулап жатышат.

Ирандын президенти Хасан Роуханинин Ирактагы үч күндүк сапары 11-мартта башталды. Бул анын президент катары Ирактагы биринчи сапары. Роухани Багдадга жөнөп кетер алдында Иран менен Ирактын ортосундагы алакаларды «өзгөчө» деп баалады. Ирандын мамлекеттик телеканалдары Тегеран Ирак менен «боордоштук мамилени» калыбына келтирүүгө умтулуп жатканын кабарлашты.

Хасан Роухани Багдадда Ирактын президенти Бахрам Салих менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, бардык тармактарда кызматташтык үчүн эки өлкөдө ыңгайлуу шарт бар экенин айтты.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

- Ирак аймактагы коопсуздукту чоң орунду ээлейт, - деген Роухани сүйлөшүүдө көтөрүлгөн маселелерге кеңири токтолгон жок.

10-мартта Багдадга барган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф ирактык кесиптеши менен сүйлөшүүдөн кийин өткөн биргелешкен басма сөз жыйынында Роуханинин сапары эки тараптын алакасын чыңдайт деген ишенимин билдирген:

- Мен Ирактын өкмөтүнө, элине Иранга каршы катаал жана мыйзамсыз санкциялардан баш тартканы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Эки тараптуу алака сырттан кийлигишүүсү жок эле абдан жакшы.

Ал эми Ирактын тышкы иштер министри Мухаммед Али аль-Хаким жолугушууда олуттуу маселелер тууралуу кеп козголгонуна токтолду:

Мухаммед Али аль-Хаким.
Мухаммед Али аль-Хаким.

- Биз Сириядагы кырдаалды талкууладык. «Ислам мамлекети» террордук тобун жана Сириядагы бардык жоочуларды жок кылууда Ирактын позициясын тактадык. Сирия Араб Мамлекеттер Лигасында өз ордун табышы үчүн чогуу иш алып барабыз.

Роуханинин Ирактагы сапары «тарыхый» деп бааланууда. Эл аралык чөйрөдө бул сапар АКШга жана башка чөлкөмдөгү өнөктөштөргө Иран Ирактын саясатында дагы эле маанилүү орун ээлей турганына «ишарат» катары сыпатталып жатат.

Ал эми Вашингтондун каржылык жана аскердик жардамын алган Ирак АКШ менен да, Иран менен да алакасын тен салмактоого аракеттенип жатканы болжолдонууда. Ирактын бийлигинде шииттер басымдуу. Өлкөдө Ирандын аскердик күчтөрү жок болгону менен Тегеран шиит топторунун операцияларын колдойт.

Иракта болжол менен 150 миңдей шиит козголоңчулары бар. Кошмо Штаттардын 5200 аскери Ирактын күчтөрүн аскердик даярдыктан өткөрүүгө тартылган.

Иран президентинин Багдаддагы сапарынын алкагында энергетика, транспорт, айыл чарба, өнөр жай жана саламаттык сактоо тармактарында өз ара келишимдерге кол коюлары расмий кабарланды.

1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушунан кийин эки тараптан кызматташтыгы 2005-жылдан тартып калыбына келе баштаганы маалым.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG