Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Шон Дейли: Акыйкаттык орношун каалайм


Шон Дейли
Шон Дейли

Британиялык ишкер Шон Дейли “мени өлтүрүүгө буюртма берген” деп мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди айыптап келет.

Кенже Бакиев Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн Кыргызстанга келген британ ишкерине 11 жыл мурда жасалган кол салууга тиешеси жоктугун айтып жатат. Былтыр Лондондогу сотто далилдер жетишсиздигинен Максим Бакиев акталып чыккан. Эми соттук угууларга келбей койгон негизги күбө кармалып олтурат. Бул иштеги жаңы жагдайлар тууралуу Шон Дейли “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Алгач соңку өнүгүүлөрдү түшүндүрүп берсеңиз. Максим Бакиевге байланыштуу сиздин арызыңыздын негизинде башталган соттук иштеги негизги күбө – Израил жараны Берти Синбети кармалганын уктук. Ал кандай жагдайда кармалып олтурат?

Шон Дейли: Былтыр Лондондо өткөн соттук териштирүүдө көп адамдар көрсөтмө бермек. Бирок алардын үчөө көрсөтмө беришкен эмес. Анын себеби белгисиз болуп калган. Бирок күбөлөрдүн бири - Израил жараны Синбети мырза өткөн жылкы сотко көрсөтмө берүүгө келбегени үчүн жакында кармалып, Лондон сотуна алынып келинди. Мен түшүнгөндөн, ал өткөн жылы судьянын көрсөтмө берүү буйругун эмне үчүн аткарбаганын түшүндүрүү үчүн сот алдына келди.

Максим Бакиев Лондондогу сотто. 7-декабрь, 2012-жыл.
Максим Бакиев Лондондогу сотто. 7-декабрь, 2012-жыл.

"Азаттык": Ал өткөн жылы эмне үчүн көрсөтмө берүүгө келбегени тууралуу сизде маалымат барбы?

Шон Дейли: Мен түшүнгөндөн, Синбети мырза Максим Бакиев коркутканы үчүн [былтыркы] сотко келбегенин анын адвокаттары 9-июндагы соттук угууда судьяга айтышкан экен.

"Азаттык": Максим Бакиев менен сиздин ортоңуздагы соттук иште Синбети мырза канчалык маанилүү?

Шон Дейли: Бул иште көрсөтмө берген бардык күбөлөр, анын ичинде Синбети мырза да маанилүү болчу деп ишенем. Үч күбө келбегенин айтып өттүм. Алардын бирөө Синбети мырза болчу. Ал эми бул соттук ишке анын көрсөтмөсү канчалык маанилүү экенин сот чечет деп ойлойм. Бирок ал көрсөтмө берем деген күбөлөрдүн бири болгону менен сотко келген эмес.

"Азаттык": Эми негизги күбө кармалгандан кийин былтыр токтогон соттук териштирүү кайра башталышы керек деп ойлойсузбу?

Шон Дейли: Өткөн жылы судья соттук териштирүүдө сунушталган көрсөтмөлөрдүн негизинде чечим кабыл алган. Эми күбөлөр өз эркинен тыш сотко көрсөтмө берүүгө келбегени анык болуп жатат. Демек, бул сот караштыра турган жагдай. Акыйкаттыктын багыты бурулуп кеткен болуп калышы мүмкүн. Муну так билбейм. Сот чечиши керек болот.

Максим Бакиев таандык делген Лондондун четиндеги үй. Булак: Global Witness
Максим Бакиев таандык делген Лондондун четиндеги үй. Булак: Global Witness

"Азаттык": Калган эки күбө тууралуу сүйлөшсөк. Кыргызстандан да көрсөтмө бере турган адамдардын арасында депутат Эльвира Сурабалдиева жана Бакиевдин мурдагы кеңешчиси Замир Бекбоев бар экен. Алардын бул соттук териштирүүгө кандай байланышы бар?

Шон Дейли: Доогер тарап үчүн же мен үчүн жалпы 12 күбө болчу. Жеке адамдардын ысымдарын сизге бере албайм. Сотко келбеген адамдардан эмне үчүн экенин сурап көрүү керек. Жеке өзүм акыйкаттыкты табуу үчүн ачык-айкын сотко бардым. Башка күбөлөр да өз эрки менен эле сот алдында көрсөтмө берет деп күткөм. Эмне үчүн келбегендери бул алардын иши.

"Азаттык": Акырында сиз туш болгон окуянын өзүнө кайрылгым келип жатат. Сиз кол салууга кабылып, ок жедиңиз. Бул соттук териштирүүлөрдүн баарынан сиз эмне күтөсүз? Эмнеге жеткиңиз келет?

Шон Дейли: Мыйзамга баш ийүү – менин негизги принцибим жана кичинемден алган тарбия. Эгер кимдир бирөө мыйзам бузса, өзгөчө кылмыш кылса, алар мыйзам чегинде жазаланышы керек. Мен түшүнгөндөн, айыпталуучу [Максим Бакиев] мени өлтүрүү аракети орун алган өлкөдө [Кыргызстанда] бул иш боюнча күнөөлүү деп табылган. Менин үмүтүм жана максатым – Улуу Британиянын да мыйзамдары сакталышын жана акыйкаттык орношун каалайм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG