Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Атаева: Текебаевдин алдында чоң иш турат


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду колдогон митинг. 29-март, 2017-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду колдогон митинг. 29-март, 2017-жыл.

Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" аттуу уюмдун жетекчиси Надежда Атаева абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин эми эл аралык уюмдар карай турганын билдирди. Cегиз жылга эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчынын иши боюнча баяндама жакынкы күндөрү Улуттар Уюмунун атайын баяндамачыларына берилет.

Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин эл аралык уюмдар карай турганын билдирди. Cегиз жылга эркинен ажыратылган экс-депутаттын иши боюнча баяндама жакынкы күндөрү Улуттар Уюмунун атайын баяндамачыларына берилет.

"Азаттык": Кыргызстандын соттору Өмүрбек Текебаевдин ишин бардык инстанцияда териштирип бүттү. Мыйзамдык жактан Кыргызстанда бул ишке чекит коюлуп, сот саясатчыны айыптуу деп тапты. Мындай шартта эл аралык механизмдерди кантип ишке киргизсе болот?

Надежда Атаева: Ооба, сиз айткандай, бул иш Кыргызстанда бардык сот инстанцияларынан өттү. Ошол эле учурда Текебаев Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине арыздана алат. Жеке арыздарды кароо боюнча факультативдик протокол буга жол берет. Он сегиз эл аралык эксперт Текебаевдин иши боюнча ой-пикирин билдире элек.

Кыргызстан "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө" эл аралык пактыны ратификациялаган, ага таянып Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети жеке арыз боюнча өз сунушун бере алат. Андыктан Текебаев азырынча өзүн коргоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно элек. Алдыда чоң иш турат. Адвокаттарынын жана жарандык коомдук жандуу позициясынын көмөгү менен саясатчы өзүн коргоонун улуттук механизмдерин колдонуп бүттү. Эми ал эл аралык коргоонун алкагына өтүүдө.

Биз болсо эл аралык механизмдерге Кыргызстандын бийлиги кандай реакция кыларына көз салабыз. Абактагы саясатчы мындай мүмкүнчүлүктү толук колдонсо акыйкаттык орнойт деп ишенебиз. Ошол эле учурда Текебаев кандайдыр каршылыктарга туш келиши да мүмкүн, эгер андай болсо коомчулукка кабардар кылабыз. Кыргызстанда бул иштин жагдайы татаал экендиги талашсыз. Бирок буга чейин кыргыз бийлиги мындай иштерге оң болобу, терс болобу, өз реакциясын билдирип келген. Андыктан акыры адилеттик орнойт деген үмүттү өчүрбөй турабыз.

"Азаттык": Сиздер даярдаган документтер Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча баяндамачыларына берилет экен. Алардын ыйгарым укуктарына эмне кирет?

Надежда Атаева: Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысынын мандаты абактагы кишини жеринен барып көрүп келүүгө жол берет. Тилекке каршы, биз сыяктуу укук коргоочу уюмдар атайын баяндамачынын чечимине таасир эте алышпайт. Биз баяндамачыны иштин жагдайы менен гана толук кабардар кылып турабыз. Ал болсо мандатынын алкагында кыргыз өкмөтүнө өз каналдары аркылуу “чукул билдирүү” жиберет. Андан кийинки алардын кат-кабары, эмне сөз болуп жатканы жабык шартта жүргүзүлөт.

Текебаев азырынча өзүн коргоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно элек. Алдыда чоң иш турат. Эми эл аралык коргоонун алкагына өтүүдө.

Түрмөдөгү Текебаев да эл аралык алкакта иш жүрүп жатканын биле алат. Ошол эле учурда Европарламенттин депутаттары жана АКШнын конгрессмендери Кыргызстанга барып, Текебаев менен жолугушууга уруксат сурап, аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар. Биздин максатыбыз болсо - бардык тарапка туура, так маалымат берип, алардын өз мандатын кеңири колдонуусуна өбөлгө түзүү.

Бул иш боюнча адам укуктары боюнча бардык эл аралык уюмдар кабардар болгон соң, Кыргызстандын өкмөтүнө да маалымат берилет.

Биз эл аралык тиешелүү уюмдарга кат, түшүндүрмө жазууга бир топ убакыт короттук. Биздин уюмга эле 100дөн ашуун киши кайрылып, Текебаевдин ишине байланыштуу комментарий калтырышкан.

Оппозициялык саясатчы Текебаевдин иши өзгөчө мааниге ээ, анткени лидеринин айынан партиянын мүчөлөрү куугунтукка кабылууда, алардын арасында камалгандар жана дискриминацияга дуушар болгондор бар. Кыргызстанда жарандык-саясий укуктар сакталышы үчүн болгон күчүбүздү үрөйбүз.

"Азаттык": ​Надежда айым, "түрмөдө Өмүрбек Текебаевдин укугу бузулуп жатат, ага басым күчөдү" деп айтып жатасыз. Сиз жетектеген уюм Францияда жайгашкан. Алыстан туруп абактагы саясатчынын жагдайын кантип билип жатасыздар?

Надежда Атаева.
Надежда Атаева.

Надежда Атаева: Биздин уюмдун аралыктан туруп мониторинг жүргүзүүдө тажрыйбасы бай. Биринчиден, өлкөнүн ичиндеги ыктыярчыларыбызга таянабыз. Ошондой эле Текебаевдин адвокаттары жана бул окуяга жакындан көз салган активисттер менен такай байланыштабыз. Бардык сот процесстерине онлайн көз салып турдук.

Баш кеңсебизде болсо бир адам жарандык коом өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз кат-кабар алышып, медиага чыккан комментарийлерге көз салып отурат. Биз чакан баяндамаларды даярдап, эл аралык уюмдарга маалымат берип келатабыз. Текебаевдин иши боюнча Европарламенттин депутаттары менен байланыштабыз. Азыр бул ишке АКШ Конгрессинин өкүлдөрү кошулду.

Ушул тапта Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысынын жардамчылары менен иштешип жатабыз. Биринчиден, кылмыш иши толугу менен саясий негизде ачылып, саясатчыны ошондо болгону жаткан президенттик шайлоого катыштырбоону көздөгөн. Улуттар Уюмунун эркин ой билдирүү боюнча атайын баяндамачасы бул ишке баасын берип, өз оюн айтсын деп аны менен иштешип жатабыз.

Экинчиден, Текебаев абакта жеке ар-намысына шек келтирген шартта отурат. Бул аны дискредитациялоо максатында атайын жасалууда. Биз ушуга басым коюп жатабыз. 24 саат бою үч видеокамеранын алдында болуу - адамдын жеке чөйрөсүнө кийлигишүү. Адамды коомдон бөлүп, эркиндигинен ажыратуу анын жеке ар-намысына шек келтирүүгө жол бербейт. Мындай нерсе Улуттар Уюмунун кыйноо боюнча атайын баяндамачысынын көз жаздымында калбашы керек. Биз ушуга да көңүл бурдурабыз.

Текебаевдин иши боюнча Европарламенттин депутаттары менен байланыштабыз, азыр бул ишке АКШ Конгрессинин өкүлдөрү кошулду.

Кыргызстандын президенти өз өлкөсүндө адамдын фундаменталдык укуктары менен эркиндигинин сакталышы үчүн болгон аракетин көрүүгө милдеттүү. Кыргызстандын саясий айдыңында Конституцияда каралган укуктар менен принциптердин сакталышы - мамлекеттин негизги түркүгү.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе – Текебаев кандай шартта болсо да коомго таасир этип, өз тарапакерлеринин урмат-сыйына татыктуу бойдон. Бул анын бышып жетилген саясатчы экенин айгинелейт.

Үчүнчүдөн, абактагы шарт анын ден соолугуна терс таасирин тийгизгени талашсыз. Тиешелүү дарыланууга жол берилбегени да Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысынын кароосуна жатат. Саясатчыга толук медициналык дарыланууга уруксат берилбегени кыргыз өкмөтүндө анын ишине кызыккан адамдар бар экенин көрсөтөт.

Анын оппоненттери Текебаев абакта моралдык жактан гана эмес, саламаттыгы жагынан жапа чегиши үчүн колдон келгендин баарын жасашат. Жакынкы күндөрү биздин билдирүүбүз чыгат, анда түрмөдө Текебаевге жасалган бардык басым-кысымды фактылар менен көрсөтүп беребиз. Кандай формалдык себептерден улам саясатчы ушундай шартта кармалып жатканына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурабыз.

Текебаев - элдин калың колдоосуна ээ болгон жана эл аралык байкоочулардын да кызыгуусун жараткан мамлекеттик ишмер. Өлкөнү парламенттик системага өткөрүүнүн демилгечилеринин бири, мыйзам чыгаруу бийлигинде адамдын фундаменталдык укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча 70тен ашуун мыйзам долбоорунун автору. Парламент трибунасынан адам укуктарын коргоодо актуалдуу маселелерди көтөрүп турганы эл аралык коомчулукка белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG