Өрттөнгөн унаалар, буулган көчөлөр жана күрү-күү түшкөн эл... Индиянын бир нече шаарында мындай кырдаал дээрлик алты күндөн бери уланып жатат.
16-декабрда Нью-Делиде полиция митингчилерди кууп таратуу үчүн кайрадан көздөн жаш чыгарган газ колдонду. Бир нече демонстрант кармалганы кабарланды. Акциялардын алгачкы күндөрүндө эле кеминде беш адам каза тапты. Айрым аймактарда интернет байланышы үзгүлтүккө учурады.
Индиянын түндүгү менен чыгышындагы мындай нааразылыкка парламент 11-декабрда кабыл алган "Жарандык жөнүндө" талаштуу мыйзам себеп болду. Документке ылайык, Ооганстандан, Бангладештен жана Пакистандан качып келген мусулман эмес адамдарга Индиянын жарандыгы жеңилдетилген жол менен берилет.
Нааразылыкка чыккандардын бир бөлүгү бул мыйзам мусулмандардын укугун чектеп, аларды обочодо калтырып коёт деп эсептейт.
"Биз өкмөт жактырган мыйзамга каршылык билдирип жатабыз. Бул документ бир топтун укугун басмырлап коёт. Мыйзам мусулмандарга каршы багытталган. Бул Индиянын мүнөзүнө, секулярдык идеяларына каршы келет", - деди акцияга катышкан студенттердин бири Шри Кумар.
Индияда 200 миллионго чукул адам ислам динин карманат. Сынчыл көз караштагылар бул мыйзамды премьер-министр Нарендра Модинин хиндуларга артыкчылык берген саясатынын бир бөлүгү катары санашат. Бирок Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы бул документ диний «куугунтуктан» качкандарга гана башкалка берүүнү көздөрүн билдирип жатат.
Кантсе да документке мусулман коомчулугунун укугун коргогондор гана каршы болгон жок. Демонстранттардын бир бөлүгү бул мыйзам ишке кирсе, Индияда, анын ичинде Бангладешке жакын жайгашкан Ассам, Трипура штаттарында миграциянын агымы күчөйт деп эсептешет. Бул аймактардын тургундары иммигранттар жумуш орундарын, жер тилкелерин ээлеп алат деп чоочулап жатышат.
"Бангладештен келгендер көбөйгөндүктөн Трипуранын түпкүлүктүү эли өз аймагында азчылыкка айланды. Ассамдыктар да азчылыкты түзүп калат. Индиянын эли бизге жардам көрсөтөт деп үмүттөнөбүз", - деди Делиде акцияга чыккандардын бири Папори.
Талаштуу мыйзамга байланыштуу эки башка талап менен көчөгө чыккандардын нааразылыгы качан токтору азырынча белгисиз бойдон турат. Өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңсеси жаңы мыйзамды табиятынан дискриминациялык мүнөзгө ээ деп сыпаттаган.
Полиция айрым демонстранттар автоунааларга өрт коюп, башаламан кырдаал жаратып жатканы үчүн аларга катаал чара колдонууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Британия, Канада жана АКШнын бийлиги өз жарандарын азырынча Индияга барбай турууга чакырды.