31-августка караган түнү Ооганстандын чыгыш аймагында магнитудасы 6,0 болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2217ден ашты. Бул тууралуу өлкөнү башкарып жаткан "Талибан" өкмөтү билдирди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, дээрлик 4000 киши жаракат алды. Казак болгондордун басымдуу бөлүгү Пакистан менен чектеш тоолуу Кунар провинциясынын тургундары.
"Талибан" өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Хамдулла Фитрат X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө "куткаруу иштери дагы деле жүрүп жатат" деп жазды.
Ооган бийлиги жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктан жардам сурады.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGA) билдиргендей, жер титирөө 31-августта жергиликтүү убакыт боюнча 23:45те болгон. Анын очогу Желал-Абаддан түндүк-чыгышы көздөй 27 чакырым алыстыкта орун алган.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, башка мамлекеттер жаратылыш кырсыгына байланыштуу ооган элине көнүл айтып, колдоо көрсөтүүдө.
Өткөн апталарда Нангархар провинциясында күтүүсүз нөшөрлөп жааган жаандан кийин катуу суу ташкыны болгон, анда кеминде беш киши каза таап, эгин аянттарын, мал-мүлктөрдү сел алып кеткен. (AiA)
Шерине