Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

14:31 7.7.2021

Дастан Бекешев: Биздин элчибиз тигил жактагы абакка кире алабы? Биздин элчи барышы керек. Бирок киргенге мүмкүнчүлүк бербейт го.

14:33 7.7.2021

Марлен Маматалиев: Орхан Инанды биздин жараныбы?

Ички иштер министри Улан Ниязбеков: Биз азыр текшерип атабыз. Түркиянын министри биздин жарандыктан чыккан эмес деп атат. Биз жарандыкты кантип алганын текшерип атабыз.

14:36 7.7.2021

Марлен Маматалиев: Бизде абакта отурган түрк жарандары болсо аларга алмаштырыш керек. Болбосо кинолордогудай кылып биз да бирөөнү уурдашыбыз керек. Башка жол жок да эми. Жеке пикиримде кайсы улутта болбосун биздин жаран болгондон кийин аны коргошубуз керек.

14:38 7.7.2021

Абдывахап Нурбаев: Мамлекетке өз жарандары ишенбей калганы өтө коркунучтуу. Азыр ошол ишеним эң төмөнкү чекке жетти.

Эрдоган турганда аны бербейт. Эми БУУга кайрыла аласыңарбы?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG