Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:45
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

13:56 7.7.2021

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратурага кайрылып, кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүндү.

Ал башкы көзөмөл органы бул ишке тиешелүү адамдарды жоопко тартуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башташы керектигин талап кылууда. Таалайгүл Токтакунованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, арызда мындан тышкары Орхан Инандыны эл аралык нормаларга ылайык, Кыргызстанга кайтаруу талабын коюу суранычы да жазылган.

6-июлда Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов чет өлкөлүк атайын кызмат тарабынан уурдалган кыргыз жараны Орхан Инандыны кайтарып берүү талабы менен Түркиянын омбудсменине кайрылган.

"Ал биздин жаран. Анын өзүнө барып жолугуп, жайын билип, сурап, анын укугун коргоп берүүсүн, биздин жаран катары аны мекенине кайтарууга жардам берүүсүн сурадым. Ал эми бийлик нота менен гана чектелбей, аны "алып кеткен жериңерге сак-саламат кайтаргыла" деп талап кылышыбыз керек", - деген Мамытов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында.

Токон Мамытов Түркиянын атайын кызматы кыргыз жарандыгын алган Орхан Инандыны уурдап кеткенин сынга алды. Ошондой эле, эл аралык мыйзамдарды, жалпы адам укугу, саясий укуктар боюнча БУУнун декларациясындагы талаптар бузулганын белгиледи.

13:50 7.7.2021

Бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандынын Түркиядан табылышы бир катар саясатчы, активисттердин сынына кабылды. Анын уурдалышы мамлекеттин көз карандысыздыгына кол салууга барабар деген пикирлер айтылууда.ТИМ түрк элчиси Ахмет Садык Доганды чакырып, нота тапшырды. "Эксперттер талдайт" программасында ушул темада талкуу болду.

13:32 7.7.2021

13:31 7.7.2021

Рейхан Инандынын "Азаттык" радиосуна курган маеги.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG