Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ибраимов: Акаеваны "ханайым" деген эмесмин


"Майрам Акаеваны "ханайым" деп атаган эмесмин"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:17 0:00

“Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, академик Осмонакун Ибраимов.

Ал маегинде тарых жазууга киришүүнүн себеби, саясатка ким алып келгени, президент Акаевдин үй-бүлөсүнүн бийликке аралашканы, Масалиев, Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков ж.б. лидерлердин саясаттагы өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кылат.

- Осмонакун мырза, Акаевдин бийликке келиши жөнүндө пикириңизди уксак. Акаевди президенттикке Чыңгыз Айтматов алып келген, аны демократиялык күчтөр колдогон деген пикирлер бар. Башка булактарда аны Москва, Кремл койгон деген ойлор бар. Деги Акаевди ким президент кылган?

- Аскар Акаев бир маегинде “менин президент болушума Айтматовдун тиешеси болгон эмес” деп айтканы бар. Ал туура эмес, Айтматовдун түздөн-түз тиешеси болгон. Себеби, ал кездеги СССРдин президенти Горбачевдун алдында Президенттик кеңеш деген бар болчу. Ошол кеңештин мүчөлөрүнүн эң кадыр-барктуусу Айтматов болчу. Горбачев бийликке келгенде союздук республикалардын жетекчилерин алмаштырып жаткан. Казакстандын жетекчисине Геннадий Колбин дегенди койгон. Ошондо Масалиевди алмаштыруу жөнүндө сөз болгонун Чыңгыз Төрөкулович мага өзү айтып берген.

Ал кезде Кыргызстандан элге таанылып, төбөсү көрүнгөндөрдүн бири – Аскар Акаев эле. Илимдер академиясынын президенти, СССРдин эл депутаты катары республикадагы бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, съезддерде чыгып сүйлөп, таанылып калган. Анда компьютер, жаңы технология, оптика-электроника, интернет деген түшүнүктөр жаңыдан айтылып, келечек ошолор менен байланыштуу экендигин туя баштадык, ал боюнча мыкты адис, окумуштуу математик-физик Акаев экендигин билдик. Ошентип Акаевдин жылдызы жана баштаган. Ал учурдагы Казат Акматов баштаган демокартиялык күчтөр бир ооздон Акеаевди колдоп жатышты. Жалпы коомчулукта “жарабайт” деген шектенүү болгон эмес. Ошентип Акаев көп тараптардын консенсусу менен президент болуп шайланган.

- Осмонакун мырза, эми өзүңүз жөнүндө сурагым келип жатат. Институтта адабияттан лекция окуп, Жазуучулар союзунда катчы болуп жүргөн Осмонакун Ибраимов 1993-жылы президент Акаевдин администрациясынын бөлүп башчысы болуп дайындалды. Сиздин бийликке келишиңизге ким себепкер болгон?

- Ал кезде анча-мынча идиректүү жаштар – биздин муун саясатка келе баштаган. Акаевдин ошол кездеги жакшы саясатынын бири – жаңы муундарды, кадрларды мамлекеттик кызматтарга тартуу болгон. Ошонун аркасы менен Чынара Жакыпова, Абдыганы Эркебаев, Бекболот Талгарбеков ж.б. жаш кездеринде министр, вице-премьер министр болушкан. Мен ал учурда адабиятчы катары союздук “Литературная газета” деген басылмага макалаларды жазып, анча-мынча элге таанылып калгам. Ага чейин союз мезгилинде Чыңгыз Төрөкуловичтин сунушу менен Борбордук Комитетке агитация жана пропаганда бөлүмүнө ишке чакырышкан.

Коммунисттик партиянын мүчөсү болбогонум үчүн ал ишке ашпай калган. Акаев бийликке келгенден кийин Эркебаев “баягы сизге айтып жүргөн Ибраимов ушул жигит, илимдин доктору” деп тааныштырып калды. Анан 1993-жылдын башында Аскар Акаев өзү кабыл алып, "администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп бериңиз" деп сунуш кылды. Мен макул болуп иштеп калдым.

- Ак үйгө кызматка келишиңизге Чыңгыз Айтматов сүрөдүбү?

- Сүрөгөнү чын, Чыңгыз Төрөкулович мени көп эле жолу колдоду, Жазуучулар союзунун катчылыгына да ал кишинин сунушу менен баргам.

- Осмонакун мырза, сиз 10 жылдан ашык Акаевдин командасында ишенимдүү адамдардын бири катары иштедиңиз, үй-бүлөсү менен да жакшы мамиледе болдуңуз. “Жубайы Майрам Акаева таасирдүү фигурага айланган, баласы, кызы мамлекеттик башкарууга аралашкан, кадрларды дайындоодо чечүүчү ролду ойношкон” деп жазыптырсыз. Бирок, анын баарын эмне үчүн убагында айткан эмессиз?

- Мен Аскар Акаевге “аялыңызды, балдарыңызды тыйып албайсызбы” деп айтышым керек беле? Президенттин администрациясында ал кезде иштеп жүргөндөр билет, мен көп эле маселелер, ошол эле референдумдун өтүшүнө каршы пикиримди ачык айтып келгем. “Тыйып койбосузбу” деп журналисттер көп суроо берет. Мен президент болбосом кантип тыям? Президент мен эмес, Акаев да!

- Сиз анда ошол көрүнүшкө макул болгонсуз да?

-Макул болбогондо, эмне кылмак элек, колунан сүйрөп чыгарыш керек беле? Чогулушка Майрам Акаева өзү келип алса, колуна жетелеп кантип чыгарам? Бийлик президентте да. Мен өзүмө тиешелүү маселелер – “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы ж.б. боюнча бир топ идеяларды берип, аларды өткөрүү боюнча иштеп жүрдүм.

- Сиз мамлекеттик катчы болуп турганда Майрам Акаеваны “ханайым”, Бермет Акаеванын ал кездеги күйөөсү Адил Тойгонбаевди “бүткүл Кыргызстандын күйөө баласы” деп эмне үчүн айттыңыз эле?

- Ушул сөздү качан токтотосуңар? Президенттин жубайын “ханайым” эмес, “биринчи айым” деп айтышат, эл аралык протоколдо ушундай деп аталат. Журналисттер эптеп мага бир нерсе жабыштырышыңар керек. Ал сөздү мен кайда, качан айтыптырмын? Мен эч качан “ханайым” деп айткан эмесмин. Мен башынан эле “хан”, “ажо” деген сөздөрдү жакшы көрбөйм.

XS
SM
MD
LG