Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Индияда бир күндө 90 миң кишиден вирус чыкты


Калкутта шаары. Индия, 6-август 2020-жыл
Калкутта шаары. Индия, 6-август 2020-жыл

Дүйнө жүзү боюнча COVID-19га 27 миллиондон ашуун киши кабылды. АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин санактарына ылайык, илдеттен 882 миңден көп бейтап көз жумду.

Индияда бир суткада 90 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Ошону менен Индия вирус жуктургандар жагынан Кошмо Штаттардан кийинки экинчи орунга чыкты.

Индияда жалпы жонунан коронавируска 4,2 миллион киши чалдыкты. Бирок ал өлкөдө инфекциялангандардын саны башкаларга караганда тез өсүүдө. Буга карабай 7-сентябрда борбор калаа Дели жана башка шаарларда метро дээрлик беш айдан кийин жарым-жартылай ишин жандантты. Бийлик станцияларда бардык санитардык нормаларды сактоого шарт түзүлгөнүн айтууда.

Ал ортодо Австралия 2021-жылдын январь айында вакцинанын биринчи партиясын алууну көздөп жатканын билдирди. Дүйшөмбүдө премьер-министр Скотт Моррисон өкмөт «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университети жана CSL лабораториясы менен Куинслэнд университети тарабынан иштелип чыккан эки препарат боюнча келишимге жетишкенин ырастады.

«Австралия үмүткө муктаж. Өзгөчө Виктория штатында абал кыйын. Бүгүн ошондой үмүт жараткан жаңылыгыбыз бар. Австралиялыктарды коронавирус пандемиясынан коргоо үчүн кадам жасадык. 80 миллиондон ашык доза вакцина алуу жана чыгаруу тууралуу 1,7 миллиард долларга келишим түздүк».

Соңку күндөрү Европанын ар кайсы жеринде инфекцияны алып жүрүүчүлөр көбөйүп жатат. Франция бийлиги жекшембиде дагы жети департаментти, арасында Страсбург, Лиль жана Дижон өңдүү ири шаарларды COVID-19дун көрсөткүчтөрү ылдам өскөн кооптуу аймактардын тизмесине же «кызыл зонага» кошту. Ал жерлерде вирустун жайылышына каршы катуу чаралар көрүлмөкчү.

Өткөн жумада жаңы окуу жылы башталбай жатып, 22 мектеп кайра жабылууга аргасыз болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG