Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Грузияда оппозиция лидери камалды


Ника Мелиа. 23-февраль, 2021-жыл.
Ника Мелиа. 23-февраль, 2021-жыл.

Грузин полициясы оппозиция лидери Ника Мелианы 23-февралда таңга маал камакка алган. Кеңсеге кирген полиция күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газ чачкан. Оппозиционердин айрым тарапташтары да камакка алынганы кабарланды. 

23-февралда Грузияда оппозициячыл саясатчы Ника Мелиа кармалды. Саясатчыны кармоо учурунда полиция күч колдонду. Тарапташтары Мелианы коргоо максатында тирүүлөй чеп болуп, полиция менен тирешти. Бирок көп өтпөй атайын куралданган полиция Мелианы кармап, машинеге салып кеткен.

Шейшембиде жергиликтүү телеканалдар Бириккен Улуттук Кыймылдын кеңсесине кирген күч органдарын түз эфирде чагылдырып, аны полиция сүйрөп чыгып, атайын автоунаага салып кеткенин көрсөткөн.

Бириккен Улуттук Кыймылынын кеңсесинде Ника Мелианын тарапташтары да камакка алынды. 23-февраль, 2021-жыл.
Бириккен Улуттук Кыймылынын кеңсесинде Ника Мелианын тарапташтары да камакка алынды. 23-февраль, 2021-жыл.

Оппозиционердин камалышы Грузиянын премьер-министри Геогрий Гахариянын кызматтан кетиши менен коштолду. Ал саясатчыны күч менен кармоо тууралуу сот чечимине нааразылык билдирген.

Өткөн аптада Тбилисинин соту Мелиа күрөөгө коюлган акчаны төлөбөй койду деген негизде аны камакка алууга чечим чыгарган. Ошол учурда полиция премьер-министр кызматтан кеткенден кийин Мелианы кармоо операциясын кийинкиге жылдырып жатканын жарыялаган.

Жүздөгөн полиция кызматкери Мелианын тарапкерлерине жана 17-февралдан бери кыймылдын кеңсесинде турган оппозициялык партиялардын лидерлерине каршы көздөн жаш агыза турган газ колдонушканы кабарланды. Ошондой эле Мелианын ондогон тарапкерлери камакка алынды.

Ал арада Британиянын Тбилисидеги элчиси Марк Клейтон оппозиция лидерине каршы колдонулган күчтү зомбулук деп сындап, "Твиттердеги" баракчасына билдирүү жазды.

"Бүгүн эртең менен Бириккен Улуттук Кыймылдын башкы кеңсесиндеги көрүнүштөргө таң калдым. Тбилисидеги зордук-зомбулук жана башаламандыктын Грузияга эч кандай зарылдыгы жок. Мен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырам", - деди Клейтон.

Бириккен Улуттук Кыймылдын (УНМ) оппозициялык партиясын жетектеген Мелиага 2019-жылдын 21-июнуна караган түнү парламент имаратынын алдында өткөн акцияларда "зомбулук иштерин уюштурган, жетектеген жана катышкан" деген айып тагылууда.

Ника Мелианын тарапташтары. 23-февраль, 2021-жыл.
Ника Мелианын тарапташтары. 23-февраль, 2021-жыл.

Соттун чечими боюнча Ника Мелиа 30 миң лари ( 9 миң доллар) күрөө төлөп, электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилген. Оппозиция лидери 2019-жылы күрөөнү толук төлөгөн.

Эгер 41 жаштагы Мелианы сот күнөөлүү деп тапса, тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Грузиялыктар үчүн саясий сахна былтыр октябрь айындагы шайлоодо "Грузин кыялы" партиясы жеңип чыккандан кийин чыңалган. Көз карандысыз байкоочулар бул чыңалуу мыйзам бузуулар менен коштолгон кризистин босогосунда турат деп сындашкан.

Экс-премьер-министр Георгий Гахария 4 миллионго жакын калкы бар Грузияда оппозиция лидеринин камакка алынышына жол берилбейт деп айткан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG