Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Орусия - Грекия: тамыр тартышкан жолугушуу


Грек премьер-министри Алексис Ципрас менен орус президенти Владимир Путин. AFP. 08.4.2015.
Грек премьер-министри Алексис Ципрас менен орус президенти Владимир Путин. AFP. 08.4.2015.

Орусиянын президенти Владимир Путин Грекия Түрк агымы газ долбооруна катышса, өлкө келечекте энергияны бөлүштүрүүчү ири хабга айланышы мүмкүн деп билдирди.

Грек премьер-министри Алексис Ципрас менен Кремлдеги жолугушуусунан кийин өткөн маалымат жыйынында президент Орусия Грекия менен биргелешкен долбоордун үстүнөн иштөөгө даяр деп айтты. Жетекчилер эки тараптуу кызматташтык, санкциялар маселесин талкуулашты.

Путин Ципрас жолугушууда Орусиядан финансылык жардам сурабаганын айтып, бирок Москва ири долбоорлор үчүн кредит берүүгө даяр деди.

Түрк агымы газ кууру менен Орусия Түштүк агым долбоорун алмаштырган. Ага ылайык, газ Орусиядан Кара деңиздин түбү менен Түркияга жеткирилип турмакчы. Андан ары Түркиянын түтүктөр системасы аркылуу Европага жөнөтүлөт деп пландалууда.

Европа биримдиги жаңы куур иш жүзүндө буга чейинки Көгүлтүр агым долбоорун кайталаганын айтып, сындаган. Бирок Москва газды Түркияга сатканын, Анкара болсо аны андан ары кимге экспорттоорун өзү чечет деп ырастап келатат.

Путиндин айтымында, Грециянын ушул өңдүү долбоорго катышуусу өлкөгө “жылына жүз миллиондогон евро киреше алып келип турмак” жана эл аралык кредиторлордон алган 265 миллиард евролук карызынан кутула алмак.

- Албетте биз Түрк агымы деп атаган чоң масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин да кеп кылдык. Орус газын Түркия аркылуу Балкан, балким Италия жана Борбордук Европага жеткире турган жаңы маршрут европалыктарды газ менен камсыздап, Грекияга континеттеги ири энергетикалык түйүнгө айланууга жол ачмак. Бул - өлкөнүн экономикасына кошумча инвестицияларды алып келип, жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк бермек.

Ципрас Грекия долбоорго кызыгышы мүмкүн деп жооп берди.

Орус президенти ошондой эле айыл чарба тармагындагы бир топ орток долбоорлор тууралуу сөз кылып, бирок Европа биримдигинин азык-түлүк продукциясынын импортуна тыюуну жалгыз Грекия үчүн алып сала албайт деп белгиледи.

Грек премьеринин Москва сапары финансылык кыйынчылыктарга туш болгон өлкө эл аралык кредиторлордон жардамдын кезектеги траншын алууга аракет көрүп жаткан учурга туш келүүдө.

Өкмөт башчы Орусия менен мамилелер ар дайым жакшы болуп келгенин, эки өлкөнү бир дин, орток тамырлар, орток маданият жана тагдыр бириктирерин белгилеп, кызматташтыкка жаңы дем берүүнү көздөөрүн айтты.

Мурдагы коммунист Ципрас январдагы шайлоонун алдында да Москвага барып, бир топ расмий адамдар, депутаттар менен кездешип кеткен. Эмки айда болсо Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттарга катышат деп күтүлүүдө.

Азыркы визиттин алдында ТАСС агенттигине курган маегинде Ципрас Батыштын Орусияга киргизген санкциялары “эч нерсе алып келбейт” деген.

Ципрас анын өлкөсү Батыш менен Орусия ортосундагы көпүрө болуп бере алат деп билдирди.

Айрым эксперттер анын сапары Европа биримдиги жана финансылык институттар менен карыз боюнча сүйлөшүүлөрдө Афины тарабынан таасир этүүнүн механизми катары пайдаланылышы мүмкүн, Москва болсо шаркеттин ички ынтымагын ыдыратууну көздөйт дешет.

Путин санкциялардын айынан биримдик менен мамилелерде жаралган проблемаларды чечүү үчүн конкреттүү бир өлкөлөр менен мамилелерин пайдаланбайт деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG