Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Алтын базарында кымгуут


Кумтөрдүн алтыны, 23.02.2013.
Кумтөрдүн алтыны, 23.02.2013.

Американын Юстиция министрлиги Франциянын Би-Эн-Пи Париба банкына тарыхтагы эң көлөмдүү 10 миллиард доллар жаза пул салды. Алтындын баасы сентябрдан бери болуп көрбөгөндөй арзандады. Британиянын Барклейс банкына алтын баасын бурмалаган деген айып тагылды.

Алтын акыркы сегиз айда болуп көрбөгөндөй арзандады. Дүйнөлүк акциялар базарларынын көрсөткүчтөрү жогорулаганы менен, сары алтындын куну качууда. Акыркы айда алтындын унциясынын баасы 1300 доллардан дээрлик ашкан жок. Учурда алтындын унциясы 1243 доллардан сатылууда.

Питер Шифф, Euro Pacific Capital компаниясынын төрагасы, алтындын баасы жакында кымбаттайт деген оюн ортого салды. Breakout телеберүүсүндө сүйлөп жатып, ал Американын экономикасы 1-кварталда бир пайызга түшкөнү жана өсүп жаткан инфляция алтынга талапты жандантышы мүмкүн деп билдирди.

Американын экономикасы олуттуу түрдө басаңдоодо. Менин оюмча, бул төмөндөө уланат. Эгер АКШнын Федералдык резерви кошумча экономикалык шыктандыруу чараларын кабыл албаса, Американын экономикасы рецессияга кайтып, алтын баасы кайрадан өсө баштайт, – деди Шифф.

Шиффтин пикиринде, дүйнө жүзү боюнча инфляция деңгээли өсүп, алтынга болгон талап жогорулап, баалуу металлдын наркы өсөт.

Британиянын ири банкы Барклейс, Лондон, 21.02.2010.
Британиянын ири банкы Барклейс, Лондон, 21.02.2010.
​Алтын темасын улай, британ каржы бийликтери Барклейс банкын алтындын баасы менен 2012-жылы чайкоочулук кылганы үчүн 26 миллион фунт жаза пул салды. Британ падышалыгынын Каржылык тартип башкармалыгы банкты 2004–2013-жылдары алтын сатуунун эрежелерин одоно бузган деп айыптады. Барклейс банктын мурдагы трейдери Дэниел Планкеттке 96 миң фунт айып пул салынып, ага өмүр бою алтын сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Британиянын Каржылык тартип башкармалыгы маалымдады.

Британ каржы бийликтеринин иликтөөсүнө ылайык, Планкетт банктын системасындагы мүчүлүштүктөрдү өз кызыкчылыгы үчүн 2012-жылдын 28-июнунда колдонгон. Андан улам, Барклейс банкы өз кардарына 3.9 миллион доллар төлөмүн төлөгөн эмес. Андан бир күн мурда 27-июнда Барклейс банкына Лондон банктар аралык үстөк пайызынын көрсөткүчүн бурмалаганы үчүн 290 миллион фунт айып пул салынган. Ал жаңжал ачыкка чыккандан кийин, аталган банктын жетекчиси Роберт Даймонд кызматынан кеткен.

Баса белгилей кетчү нерсе, дүйнөлүк алтын баасы 1919-жылдан бери Лондондо бекитилип келет. Ар күнү эки маал Барклейс, Скошиа-Мокатта, Сосьете Женераль жана Эйч-Эс-Би-Си банктары тарабынан алтындын баасы бекитилет. Майдын аягында Германиянын Дойче банкы алтын баасын бекитүү коомунан чыгып кеткен. Дойче банктын бул аракети немис каржы бийликтери алтын жана күмүш баалары менен чайкоочулук кылууга байланыштуу иликтөөнү баштаганга туш келди.

Британ каржы бийликтери ар бир банктын иш-аракетин тыкыр текшерүүнү апрелде баштады.

Банктар чыры уланууда

Банктарга байланыштуу чыр-чатактар уланып жатат. Американын Юстиция министрлиги 2-июнда Франциянын ири банкы Би-Эн-Пи Парибага Иран, Куба жана Судан менен соода жүргүзгөнү үчүн 10 миллиард доллар айып пул салды. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги кабарлады. Америкада иш алып барган ар бир банк Иран, Куба, Судан жана Түндүк Корея өңдүү санкцияга кабылган өлкөлөр менен соода жүргүзбөөгө тийиш.

Би-Эн-Пи Париба Франциянын ири банкы.
Би-Эн-Пи Париба Франциянын ири банкы.
Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус айып пулдун көлөмү олуттуу проблемага алып келерин эскертти. Эгер француз банкы 10 миллиард доллар жаза пулду төлөөгө мажбурланса, анда Би-Эн-Пи Парибанын чакан ишкердикти колдоого берилген насыя көлөмү кескин азаят. АКШнын президенти Барак Обаманын 5-июнда боло турган Франциядагы сапарында бул маселе көтөрүлөрү белгисиз.

Буга чейин мындай көлөмдүү айып пул бир дагы банкка салынган эмес. Эгер Би-Эн-Пи Париба ага коюлган айыпты мойнуна алса, ал тарыхтагы эң чоң жаза пул болуп калат. Май айынын башында Швейцариянын Кредит Суисс банкына 2.6 миллиард жана Эйч-Эс-Би-Си банкына 2012-жылы 1.9 миллиард доллар айып пул салынган.

Дүйнөлүк базарларга учкай токтоло кетсек. Алтын акыркы жумада 23 долларга арзандап, учурда унциясы 1243 долларга түштү. "Центерранын" акцияларынын куну кескин түрдө 1 канада доллары 10 центке түшүп, азыркы тапта бир баалуу кагаздын наркы 3 канада доллары 70 центти түзүүдө. Чийки мундайдын баасы эки долларга түшүп, бир баррели 102 доллардан сатылууда. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда соода көлөмү акыркы жумада 2.5 эсеге азайып, 23 миллион сомду түздү.
Алтын базарындагы кымгуут
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG