Немис өкмөтү 4-июлда Ооганстанга депортациялаган 69 мигранттын бири мекенине келгенден кийин өз жанын кыйганы тууралуу кабар Германияда талкуу жаратууда.
23 жаштагы ооган жараны 10-июлда Кабулдагы мейманканалардын биринде өз өмүрүнө кол салганын немис жана ооган расмийлери тастыкташты.
Ал жигит мындан сегиз жыл мурда же 15 жашында Германияга келип, бирок башпаанек ала албагандыктан артка кайтарылган. Маркумдун аты-жөнү, тек-жайы так айтылган жок.
Немис ички иштер министри Хорст Зеехофер бул ооган мигранттары өлкөдөн чыгарылган күн өзүнүн туулган күнүнө туш келгенин үч күн мурда айткан болчу.
"Туптуура 69 киши менин 69 жашка чыккан туулган күнүмдө кетирилди. Бул мурдагыдан кыйла көп",-деп билдирген министр.
Эми ошол мигранттардын биринин кейиштүү окуясынан кийин Германиянын оппозициячыл партиялары министрдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. "Эркин демократтар" партиясынын өкүлү Гиде Йенсен министр Хорст Зеехофердин комментарийи "анын туура эмес кызматта отурганын көрсөттү" деди.
Министр болсо ооган мигрантынын өлүмүнөн бир күн өткөндөн кийин үн катып, бул окуяны "өкүнүчтүү" деп мүнөздөдү. Бирок кызматтан кетүү чакырыктарына "эч нерсе айта албай турганын" билдирди.
Министр менен канцлердин саясатынын кармашы
Антимиграциялык позициясы менен таанымал бул министр немис канцлери Ангела Меркелдин "Христиан-демократтар союзу" партиясынын коалициялык өнөктөшү болгон "Христиан социалдык бирикмеси" партиясын да жетектейт.
Ал башкаруучу коалициянын ичинде Меркелдин мигранттарга ыба караган саясаты менен кармашып келет.
Июль айынын башында бул министр иммиграциялык саясат жана качкындарга башпаанек берүү маселеси боюнча канцлер менен болгон пикир келишпестиктен кийин кызматтан кетүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болгон. Анын иштен кетиши ансыз да бир нече айлык сүйлөшүүлөрдөн кийин араң куралган башкаруучу коалициянын тарашына алып келет деген жоромолдор тараган.
Зеехофер 1-июлга чейин Меркелден качкын макамын сурагандардын санын азайтууну талап кылган. Ошондой эле Еврошаркеттин башка өлкөсүндө катталган мигранттын Германияга киришине тыюу салууну сунуш кылган.
Акыры сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматта калган министр 10-июлда өзүнүн иммиграциялык планын жарыялаган:
"Бул план менен элдин ачуусуна тийгибиз келбейт, бирок биз тартип орноткубуз келет. Жарандар башпаанек сурап кайрылгандардын арызы кандай мыйзамдардын негизинде караларын билиши керек. Биз либералдуу көз караштагы, жардамга муктаждарды коргой алган гумандуу өлкө бойдон кала беребиз. Ошол эле учурда биз кыянатчылыкты да токтоткубуз келет",-деген министр Зеехофер.
Меркелдин "Христиан демократтар союзу" макулдук берген планга ылайык, Германиянын чек араларында башпаанек алууга укугу жок адамдарды өлкөгө киргизбөөнү максат кылган транзиттик борборлор түзүлүшү мүмкүн. Ал жерде качкын же мигранттардын баш калка тууралуу арыздары каралып, эгер кимдир бирөө Европа Биримдигинин башка өлкөсүндө катталган болсо, алар артка кайтарылмакчы.
2015-жылы Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы тынчыбаган аймактардан Европага агылган мигрант жана качкындардын саны өзгөчө көбөйгөн эле. Анда Меркел Германия 1 миллионго чейин качкын кабыл алаарын билдирген. Бирок канцлердин мындай саясаты оппозициячыл партиялардын кескин сынына кабылып, бул жагдай Германияда миграцияга каршы турган партиялардын бийликке келишине шарт түздү.
Соңку жылдары миңдеген ооган мигранттарына артка кайтарылаары тууралуу маалымат берилген. Алар депортацияланган сайын Германиянын аэропортторунда нааразылык акциялары уюштурулуп, "Элди өлүмгө жөнөтпөгүлө!" деген сыяктуу чакырыктар айтылып келет.