Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

НАТО: Орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузган


Дрондун сыныгы тийген турак үй. Польша, 10-сентябрь, 2025-жыл
Дрондун сыныгы тийген турак үй. Польша, 10-сентябрь, 2025-жыл

НАТО орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузду деп эсептейт, бирок аны чабуул катары сыпаттабайт. Бул тууралуу Рейтер агенттиги альянстагы булагына таянып жазды. Маалыматка караганда, учкучсуз учактарды атып түшүрүүгө польшалык, нидерланддык жана италиялык учактар катышты.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Путинди Украинадагы согуштун эскалациясын токтотууга чакырып, блок өз аймагынын ар бир карыш жерин коргоого даяр экенин эскертти.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен шаркеттин Орусия менен чектешкен өлкөлөрүнө байкоо салуу үчүн Eastern Flank Watch программасы ишке киргизилерин билдирди.

Биримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас Польшанын аба мейкиндигин бузууну айыптап, Украинага колдоо көрсөтүү, Европа коргонуу тармагына көбүрөөк инвестиция салууга тийиш экенин белгиледи.

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Польшанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүүнү кабыл алынгыс аракет деп атады жана ал окуя тынчтык орнотуу зарылдыгын көргөздү деп билдирди.

Шаршембиде Польшанын куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы өлкөнүн аба мейкиндигин бузган учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылышканын маалымдаган.

Билдирүүдө айтылгандай, Орусиянын Украина аймагына жасаган аба соккулары учурунда 19 “дрон сымал объектилер” өлкөнүн мейкиндигине кирип келген. Польшанын аскерлери бул объектилерди жок кылуу үчүн курал колдонгон. Маалыматка ылайык, Подляска, Мазовецк жана Люблинск аймактарынын жашоочуларына үйдөн чыкпай туруу зарыл экени эскертилген.

Рейтер агенттиги АКШнын Жарандык авиация башкармалыгына шилтеме кылып Польшанын төрт аба майданында, анын ичинде Варшавадагы Шопен аэропортунда иш убактылуу токтотулганын жазды.

Польшанын ички иштер министрлигинин өкүлү Каролина Галецкая жети дрондун жана бир ракетанын сыныктары жети айылда табылганын билдирди. Жергиликтүү медиа эч ким жабыркабаганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын бир нече облусуна, Винница жана Львов шаарларындагы аскердик буталарга сокку урулганын, Польшадагы жайларга чабуул коюу планы болбогонун билдирди. Мекеме Польшанын тиешелүү министрлиги менен кеңешме өткөрүүгө даярдыгын айтты.

Украинанын аймагына жасалган аба соккулары учурунда Польшанын аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалыматтар буга чейин дагы чыккан. Бирок Польша абадан коргонуу күчтөрүн колдонгон алгачкы учур экенин Reuters жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG