Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Грузия: президент - өкмөт тиреши


Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили жана президент Георгий Маргелашвили. Тбилиси.
Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили жана президент Георгий Маргелашвили. Тбилиси.

Грузия президенти менен өкмөтүнүн ортосундагы соңку чыңалуу жергиликтүү элди жана аналитиктерди кооптондурууда.

Алар бул окуялардын артында экс- премьер-министр Бидзина Иванишвили турушу ыктымал экенин айтышууда.

Грузин президенти менен өкмөттүн ортосундагы соңку пикир келишпестик БУУнун ушул тапта өтүп жаткан 69-сессиясына ким барат деген талаштан улам келип чыкты.

11-сентябрда өткөн маалымат жыйында президент Георгий Маргелашвили анын Бириккен улуттар уюмуна мерчемделген сапарын өкмөт үзгүлтүккө учуратканын айткан. Ал ортодо байкоочулар мамлекет башчысынын бул билдирүүсү бир аз орунсуз болуп калганын айтышууда. Тблисилик аналитик Вахтанг Дзарибадзе мындай мисалдар дүйнөдө буга чейин да болуп келгенин айтты:

- Албетте, мындай абал бир аз ыңгайсыздыкты жаратып, эки мекемеге болгон ишенимди бир аз азайткандай болду. Бирок биз өзүбүздү мындай окуялар башка өлкөлөрдө деле болгон деп сооротсок болот. Көп жыл мурда Франциянын президенти да, премьер- министри да “Чоң жетинин” кезектеги саммитине барып алган. Ошондуктан биз биринчи эмеспиз. Мындай окуяларды ар дайым жылмаюу менен эстешет.

Президент Маргелашвили БУУнун баш катчысынын чакыруусу менен Нью-Йоркто өтө турган уюмдун кезектеги саммитине катышаары июнь айынын башында белгилүү болгон. Ошол эле маалда грузин өкмөт башчысынын маалымат катчысы бул саммитке премьер - министр баш болгон делегация да барарын жарыялаган. Иш-чарага бир өлкөдөн бир эле делегация катышуусу керек деген Тышкы иштер министрлиги Бириккен улуттар уюмунун сессиясында премьер-министр Иракли Гарибашвили сүйлөйт деп чечкен. Бул чечимди парламенттеги көпчүлүк коалиция колдоп берген.

Ошол эле маалда оппозициялык “Бирдиктүү улуттук кыймыл” президенттин сапары экс-премьер-министр Бидзина Иванишвилинин көрсөтмөсү менен үзгүлтүккө учурады деп эсептейт. Миллиардер жана филантроп, азыр эч бир расмий кызматты ээлебеген Иванишвили Грузиянын бейформал лидери катары таанымал. Август айында өткөрүлгөн атайын жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын 50% Иванишвили өлкөнү башкарууда дагы эле чечкиндүү роль ойноп келээрин айтышса, 17% гана ал бийликке аралашпайт деген ойду билдиришкен.

Экс-премьердин бир кездеги кеңешчиси Гия Хухашвилинин пикиринде, Маргелашвили менен өкмөттүн талашы саясатка байланыштуу эмес:

- Бул кимге керек? Муну менен алар кимге эмнени далилдегиси келип атат? Чындыгында премьер - министр менен президенттин тышкы саясат боюнча көз карашы бирдей. Алардын талашы ким каякка кандай учурда барышы керек жана өлкөдө биринчи фигура ким деген суроолордон келип чыгууда. Бир да саясатчы негизги фигура эмес. Бул өлкөдө башкы фигура - грузин эли. Ошол себептен жеке адамдар эмес, мекемелер ортосундагы сый мамиле сакталышы керек.

Иванишвили башкарган “Грузин кыялы” кыймылы 2012-жылкы шайлоодо президент Саакашвилинин партиясын жеңген. Бир жыл премьер - министр болуп отурган Иванишвили былтыр ноябрда өз ордун Гарибашвилиге өткөрүп берген. Ал президент Маргвелашвилиге да колдоо көрсөтүп, аны «Бул өтө чыгармачыл адам жана азыркы кризистик абалда жалгыз татыктуу талапкер. Башкарууну да, саясатты да билет. Жакшы аналитик»- деп жогору баалап келген.

2011-жылдын октябрь айында Маргелашвили "Азаттыкка" маек куруп жатып, Иванишвили менен болгон биринчи жолугушууларын минтип эстеген.

- Мен кесибим боюнча философмун. Ага чейин саясатчылардын эч кимиси менен философия темасында кеңири сүйлөшө элек элем. Анан эле саясат айдыңына жаңы күч менен кирип келген, ушундай мол байлыгы бар бай адам экөөбүз Жон Локк, Томас Гоббс, Зигмунд Фрейд жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Көп суроолорду талкууладык, бирок мен үчүн биздин баарлашуудагы эң кызыктуу бөлүк - философия жана адамзаттын жашоосунун маңызы тууралуу тема болду, - деп айткан.

Эми көп нерсе өзгөргөндөй. Ушул жылдын март айында берген маектеринин биринде Иванишвили Маргелашвили президент болгондон кийин өзгөрүп кеткенин айтып, андан көңүлү калганын билдирген. Ал Маргелашвилини экс-президент Михаил Саакашвилинин учурунда курулган президенттик сарайда отурганын да сынга алган. Ошол эле маалда Бидзина Иванишвили премьер-министр Гарибашвилинин ишине жогору баа берип, анын мураскери өзүнөн да жакшы премьер болуп жатканын кыйыткан эле.

Бул интервьюдан кийин Грузиядагы Transparency International уюму Маргелашвили менен грузин өкмөтүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер ачыкка чыкканын жазган.

XS
SM
MD
LG